Система Orphus

1-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2017-жылдын 10-августу № 471

токтому менен
бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2017-2020-жылдарда жаштар саясатын өнүктүрүү» программасы

 

1. Жаштар чөйрөсүнүн азыркы абалына талдоо жүргүзүү

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдар мезгилинде Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына (мындан ары – ТӨУС) ылайык, жаштар саясаты жаштар – коомун өнүктүрүүнүн маанилүү ресурсун калыптандыруучу негизги инструменттердин бири болуп саналат. Коомдун дал ушул бөлүгү мобилдүүлүктүн, интеллектуалдык активдүүлүктүн, ден соолуктун, жаңыны кабылдоого даярдыктын, өлкөнүн келечегине салым кошууга умтулуунун жогорку деңгээлине ээ. Жигердүү социалдашуу мезгилиндеги жаштар колдо болгон потенциалын ишке ашыруу үчүн мамлекеттин жана коомдун таасирдүү колдоосуна муктаж. Андыктан, Кыргызстанда учурдагы жаштар саясаты жаш адамдардын позитивдүү жигердүүлүгүнө түрткү берүүгө, алардын алдында турган чакырыктарды жана көйгөйлөрдү өз алдынча чечүү үчүн шарттарды түзүүгө негизделген.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ишеним жана биримдик” программасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өсүп келе жаткан муундун арасында сергек жашоону жана массалык спортту даңазалоого, толук баалуу инсанды жана жаранды калыптандырууга өзгөчө көңүл бурушу керек. Жаштардын өз максаттарына жетишүүсүнө көмөк көрсөтүү боюнча программалар, анын ичинде спорттук, маданий-эстетикалык, социалдык-коомдук иштер аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш.

2015-жылдын 25-сентябрында БУУга мүчө мамлекеттер тарабынан 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү жаатындагы күн тартиби кабыл алынды. Ал жакырчылыкты жоюуга, планетанын ресурстарын сактап калууга жана бардык адамдар үчүн бакубаттуулукту камсыз кылууга багытталган бир катар максаттарды камтыйт. 17 максаттын ар бири 15 жыл ичинде жетишүүгө тийиш болгон бир катар көрсөткүчтөрдү камтыйт. Туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттарга жетишүү үчүн өкмөттөрдүн, жеке сектордун, жарандык коомдун биргелешкен күч-аракеттери зарыл. Ийгиликтин маанилүү фактору жаштарды бул багытка тартуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 14төн 28 жашка чейинки курактагы адамдар жаштарга кирет. Кыргыз Республикасында 2016-жылы жаштардын саны 1,6 миллионго (калктын 27%ы) жакын адамды түзгөн. Эркектер 49,5%, аялдар 50,5% түзүшөт. 2015-жылга салыштырганда өлкөдө жаштардын санынын төмөндөгөндүгү байкалууда. Жаштардын 2/3 бөлүгү айыл жерлеринде жашашат.

Жаш муундун (16дан 24 жашка чейинки жаштагы жаш адамдардын) адамдык потенциалынын өнүгүү деңгээлин баалоочу жыйынды көрсөткүч – жаштарды өнүктүрүүнүн индекси боюнча Кыргызстан 2015-жылы 188 өлкөнүн ичинен 64-орунду ээледи. Багыттары боюнча: өмүрүнүн жана саламаттыгынын узундугу боюнча – 104-орун, билим берүү боюнча – 86-орун, иш менен камсыз кылуу боюнча – 86-орун, жарандык катышуу боюнча – 30-орун, саясий катышуу боюнча (чечимдерди кабыл алууга катышуу) – 90-орун.

Жаштар саясатынын жана Кыргыз Республикасынын жаштар чөйрөсүндөгү азыркы абалынын жыйынтыктарын талдоо жаңы ыкмалардын зарылдыгын көрсөттү, анткени жаштар көйгөйлөрү тармактык эмес, комплекстүү, өтмө-катар мүнөзгө ээ болуп жаш адамдардын турмушунун бардык чөйрөсүн камтыйт.

1. Чакырыктар

Кыргызстан жаштары үчүн көптөгөн чакырыктар актуалдуу, алардын ичинен кыйла маанилүүсү төмөнкүлөр болуп саналат:

- мыйзамдык негиздердин жана мамлекеттик жаштар саясатын башкаруу түзүмүнүн жетишсиздиги;

- жаштардын өз максаттарына жетишүүсү жана өз алдынча өнүгүүсү үчүн туруктуу шарттардын жетишсиздиги;

- жаштардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн системалык тоскоолдуктардын болушу;

- улуттук, региондук жана муниципалдык деңгээлде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө ар кандай топтордун жана жаштардын категорияларынын чектелген жана бирдей эмес жетишүүсү;

2. Жаштар чөйрөсүнүн негизги катышуучулары

Жаштар чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, башка ченемдик укуктук актылар жана мамлекеттин эл аралык милдеттенмелери түзүшөт.

Мамлекеттик башкаруу органдары.

Иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөт түзүмүндө жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги саналат.

Башка министрликтердин жана ведомстволордун позициялары алардын тармактык жана стратегиялык документтеринде чагылдырылган, бирок аларда чанда гана учурларда жаштар өзүнчө белгиленет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын таасири аркылуу акыркы жылдарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаштар проблемаларына жоопкерчилик менен карай башташты. Бирок, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жергиликтүү маанидеги маселелердин бири болгондугуна карабастан бул процесс азырынча массалык мүнөзгө ээ эмес.

Саясий партиялар.

Дээрлик ар бир саясий партияда жаштар канаттары бар. Мыйзамдарда белгиленген квоталарга ылайык талапкерлер тизмесинде жаш адамдар улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде башкарууга катышуу мүмкүндүктөрүнө ээ. Бирок парламентке жаштар квотасы менен келген жаш депутаттар 2010-2015-жылдары мамлекеттик жаштар саясаты менен байланышкан бир дагы мыйзам долбоорун киргизе алышкан эмес жана жаштар үчүн актуалдуу маселелерди көтөрө алышкан эмес.

Коммерциялык эмес уюмдар.

Коммерциялык эмес уюмдардын эки тиби бар: жаштар менен түздөн-түз иштегендер жана иши жаштардын маселелери менен көп деле байланышпаган жаштар уюмдары. Долбоордук ыкмадан жана донорлордун колдоосунан улам алардын иштери ар түрдүү келип, жаштардын конкреттүү топторунун конкреттүү көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Бирок алардын кээ бирөөлөрүнүн иши өлкөнү камтууну камсыз кылууга өтө чанда гана жөндөмдүү жана пилоттук коомчулуктар менен же чакан тематикалар менен чектелген. Ошондой эле кээ бир жаштар уюмдары жаштардын реалдуу талаптарына дал келбеген артыкчылыктар тутумун сүрөөнгө алган учурлар кездешет.

Эл аралык уюмдар жана миссиялар.

Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарга жаштарга багытталган долбоорлорду жана программаларды иш жүзүнө ашырган эл аралык донорлор маанилүү жардам беришет. Бирок алардын иштери алардын мандаттары менен чектелип дайыма эле ийкемдүү боло бербейт.

 

Жаштар үйлөрү жана борборлору.

Жаштардын потенциалын өнүктүрүү максатында аракеттердин актуалдуулугун билип жана түшүнүп, 2010-жылдан тартып жаштар чөйрөсүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өнөктөштөрдүн колдоосу менен республиканын региондорунда жаштар борборлорун (ЖБ) түзүү боюнча иштерге киришкен. ЖБ жаш адамдардын билимдерин алмашууга, жаңы билим жана көндүмдөргө ээ болууга, өз таланттарын өнүктүрүүгө, пайдалуу жана алардын потенциалын жана коомчулукту өнүктүргөн ишти жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү боло турган жергиликтүү жаштарды мобилизациялоонун борбору болот деп болжолдонгон.

Донорлордун колдоосу менен пилоттук ЖБлар техникалык жабдык менен камсыз болушкан, материалдык-техникалык базалары жакшырган, бул албетте жергиликтүү жаштарды жанданууга алып келген жана аларды өнүктүрүүгө жаңы түрткү берген. Активисттердин айрымдары – ЖБлардын туруктуу резиденттери окуудан өтүп ЖБларды кыйла туруктуу жана жакшыраак башкаруу үчүн белгилүү бир билимдерге ээ болушкан. Азыркы учурда ЖБда бирдиктүү жана так иш-чаралар планы жок. ЖБлардын алкагында иштер иретсиз, системдүү эмес жүргүзүлөт. ЖБлардын ишинин тартипке келтирилбегендиги региондордо жаштар менен иштөө талаптагыдай деңгээлде жүргүзүлбөгөндүгүнө алып келүүдө.

Диний уюмдар.

Диний институттардын көп түрдүүлүгү жаштарга дин ишениминин эркиндигин камсыздайт. Бирок динге жамынып алган деструктивдик жана экстремисттик агымдардын жана топтордун иштери алардын таасиринде калчу жаштарды радикалдашуу коркунучуна тартат. 600дөн ашуун окуучуларды түзгөн медреседе окуп жаткан жана жалпы билим берүү уюмдарында окубай калган жаштарга иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча чара көрүү зарыл.

3. Жаштар өлкөнүн адамдык дареметинин көрсөткүчү катары.

Жаштарды мүнөздөй турган жалпы белгилер жогорку мобилдүүлүк, аярлуулук жана ар түрдүү коркунучтарга туш келүүчүлүк болуп эсептелет. Мамлекеттик органдар тарабынан жаштар боюнча, анын демилгелеринин мазмуну, муктаждыктары жана керектөөлөрүн канааттандыруунун практикасы тууралуу маалыматтарды топтоо чачкын мүнөздө. Бул жаштар чөйрөсүндө иштин реалдуу абалы тууралуу толук маалымат алууга жана тийиштүү чечим кабыл алууга мүмкүндүк бербейт.

Билим берүү деңгээли жана билим алуу мүмкүнчүлүгү.

Жалпысынан калктын сабаттуулугу жогорку деңгээлде турат. Жаштардын 20%га жакыны окубайт жана иштешпейт. Жаштардын бир бөлүгүнүн аң-сезиминде билимдүүлүктүн жана жогорку квалификациянын мааниси төмөндөөдө.

2016-2017-окуу жылы окуучу жаштардын саны болжол менен 556,2 миң адамды (жаштардын жалпы санынан 34,2%, анын ичинде жалпы билим берүүчү мектептерде 278 миң адам, жогорку кесиптик окуу жайларында дээрлик 163 миң адамды) түзөт. Эмгектин ички рыногунун конъюнктурасы жана Кыргызстандан эмгек миграциясын кабыл алуучу өлкөлөрдөгү жаңы тренддерди алдыга коюуда. Орто кесиптик окуу жайларындагы студенттердин саны өсүүдө. Жаштардын айрымдарынын билиминин жоктугунун көйгөйү бар, буга байланыштуу жаштар өкүлдөрүнүн арасында толук эмес орто билимдин жоктугунун себебин табуу жана аларды билим алуу процессине кайтаруу боюнча чараларды көрүү зарыл. 2009-жылда билимсиздердин саны 28357 адамды түзгөн. Бүгүнкү күндө жаңыртылган статистикалык көрсөткүчтөр жок.

Ден соолугунун абалы.

Деструктивдүү социалдык көрүнүштөр жаштардын ден соолугуна терс таасир көрсөтүүдө, улуттун адам капиталынын түз жана кыйыр жоготуулары сезилээрлик бойдон калууда. Расмий статистика менен жаштардын өздөрүнүн саламаттыгына баа берүүсүнүн ортосунда ажырым орун алган.

Жалпысынан акыркы 3 жылда Кыргыз Республикасында жаштар арасындагы өлүм-житимдин деңгээлинин анча деле олуттуу эмес төмөндөөсү байкалууда, эркектерге 943 факт, аялдарга – 448 факт туура келет. Аялдар менен эркектердин өлүмүнүн эң чоң саны 24-28 жаш курагына туура келет (2016-жылы – 385 эркек жана 170 аял).

14-28 жаш курагындагы аялдар арасында энелердин өлүмүнүн эң жогорку салыштырма салмагы 19-28 жашка туура келет, бирок эне өлүмүнүн өз алдынча учурлары 14-18 жаш курагындагы аялдардын ортосунда да катталган. Катталган аборттордун саны дагы жогору бойдон калууда.2016-жылы аборттордун эң жогорку саны (мини-абортторду кошо алганда) 25-29 жаш курактагы топко (26,2%), 20-24 жаш курактагы топко (22,0%) туура келет, ал эми 15-17 жаштагы өспүрүмдөргө аборттордун 1 пайызга жакыны туура келет. Расмий эмес аборттордун саны жогору болууда. 2015-жылы эрте никенин саны (15 жаштан 19 жашка чейин) 713 түздү.

Жаштардын алкоголь, баңги жана тамекини колдонушкан эң көп саны 25-29 жаш курагына туура келет. Жаштардын 42% жакыны тамеки тартат.

2016-жылы Кыргыз Республикасында15-28 жаш курагындагы ВИЧ-инфекциялуу топтун пайызы расмий катталган учурлардын жалпы санынан 32,8% түзөт.

Жаштардын социалдык жактан аярлуу топтору.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтары калктын социалдык жактан аярлуу катмарынын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын (ДМЧА) санынын өсүү тенденциясын көрсөтүүдө. Өлкөдө 2014-жылдын 1-январына карата 156 миң ДМЧА жашайт, алардын ичинен 27 миңи 18 жаш курагына чейинки балдар. Бүгүнкү күнгө карата 14-28 жаштан жогору жаштар арасында майыптар боюнча статистика жүргүзүлбөйт. Ошондуктан жаштар арасындагы майыптардын муктаждыктары мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу процессинде дайым эле эске алына бербейт.

2015-жылга карата 14-жаштан 34-жашка чейинки курактагы зордук-зомбулукка кабылгандан кийин кризистик борборлорго жана мекемелерге кайрылгандардын саны 5609 адамды түзгөн. Өткөн жылдарга салыштырганда кризистик борборлорго кайрылуулар көбөйгөндүгү байкалууда, бул жаштар арасындагы зомбулукка каршы күрөшүүгө терс баа берет.

Бүгүнкү күндө калктын 32,1 пайызы же 931 миң адам жакырчылыктын чегинде жашайт. Бул көйгөйдү жоюу үчүн жаштарды өздөрүнүн экономикалык жетишкендигин камсыз кылууга үйрөтүп даярдаш керек.

2015-жылы качкындардын – эмгекке жарамдуу адамдардын – саны 171 адамды түзгөн.

Жумуштуулук деңгээли жана эмгек миграциясы.

2015-жылы калктын жумушка орношуу деңгээли төмөнкүдөй маалыматтарды түзсө: 15-19 жаш курагындагы аялдарда 15%ды, эркектерде 26%га жакынды түзөт, 20-24 жаш курагында 38% жана 65%ды түзүшөт, ал эми 25-29 жаш курагындагылар, тиешелүүлүгүнө жараша, болжол менен 50% жана 86% түзөт. Эч жерде иштебеген, уюштурулган маданий эс албаган жаштар криминалдык окуяларга туш болушууда.

Статистика иштеп жаткан жаштар арасындагы эркектер 64,0%, ал эми аялдар 36,0%ды түзө турганын көрсөттү. Жаш курагынын бардык топторунда эркектердин ишке орношуусу (58%) аялдардын жумушка орношуусуна (34% жакын) караганда жогору, бирок эң олуттуу ажырым 24-28 жаш курагындагы топто байкалууда. Бул куракта көп учурда жаш аялдар бала төрөгөндүгүнө байланыштуу жумуштарынан кетишет.

15-17 жаш курактагы жумушсуз жаштардын үлүшү 8,2%ды, 18-24 жаштагылар – 67,3%ды, 25-28 жаштагылар – 24,5%ды түзөт. 15-19 жаштагы жаш адамдардын көпчүлүгү туугандарынын багуусунда калышат.

Аялдар арасындагы жумушсуздук деңгээли, эркектерге караганда 5%га жогору. 2015-жылы жаштар арасындагы жумушсуздук деңгээли жаштардын жалпы санынан 11,6%ды түзөт. Жаштардын тышкы эмгек миграциясына кетиши дале жогору бойдон калууда. 2015-жылы жаштардын миграциялык кетүүлөрү 4229 адамды түздү.

Туризм жана дене тарбия.

Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорттун массалуулугу 15%га жетпейт, бул улуттун генофондуна коркунуч түзөт. Ошол эле учурда адамдын ден-соолугу 8-10%га гана медицинанын өнүккөндүгүнүн деңгээлине көз каранды жана 50-55%ы анын сергек жашоосуна, негизинен анын дене бой жактан активдүүлүгүнө көз каранды экендиги даана аныкталган.

Мамлекеттин маанилүү милдеттери жаштарга дене тарбия жана спорт менен машыгууга жана сергек жашоого шарттарды түзүп берүү болуп саналат. Бирок, акыркы 20 жылдан ашуун мезгилде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен эл аралык стандарттарга жооп берген бир дагы заманбап спорттук объект курулбаганын белгилеп кетүү керек. Ошону менен бирге эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес жана меценаттар тарабынан дене тарбия жана спорттун жөнөкөй объектилерин куруунун оң реалдуу динамикасы бар. Аталган фактыларга карабастан, бүгүнкү күндө сергек жашоо маселелери боюнча мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүлөрү дээрлик жокко эсе.

Жаштар жана балдар туризм чөйрөсү жаштардын эс алуусунун кыйла келечектүү багыты болуп саналат, анткени жаңы муунга маданий мурасты өткөрүп берүүнүн, баалуулук багыттарын калыптандыруунун маанилүү ыкмасы болуп келет. Ошондой эле бул өсүп келе жаткан муундун арасында инсанды социалдаштыруунун жана жалпы улуттук жарандык бирдейликти бекемдөөнүн жолдорунун бири болуп саналат.

Укуктук аң-сезим жана жүрүм-турум.

Бүгүн Кыргызстанда жаштардын укуктук аң-сезиминин төмөндөөсүнүн тенденциясы байкалууда. 18 жаштан 29 жашка чейинки курактагы жаш адамдар тарабынан жасалган кылмыштардын саны азаюуда. Акыркы 5 жыл ичинде 14-24 жаш курагындагы жаш адамдар тарабынан жасалган кылмыштардын саны дээрлик 8,3 пайызга төмөндөгөн. Кылмыштардын эң эле көп саны 18-24 жаш курагында жасалат.

Жаштар арасындагы жумушсуздук жаш кыргызстандыктардын укуктук жүрүм-турумун калыптандыруучу факторлордун бири болуп саналат. Жасалган кылмыштардын түрлөрү боюнча эң эле кеңири таркагандары болуп: уурулук, бейбаштык, баңги заты менен байланышкан кылмыштар эсептелет.

Жаштар арасында кылмыштуулуктун деңгээли стабилдүү жогору бойдон калууда. 14-19 жаш курактагы кылмыш жасагандардын саны 2016-жылы 7108 адамды түзгөн.

Идеялык багыттардын чаржайыттыгы жана келечектин бүдөмүктүгүн сезген шартта, жаштар ар түрдүү формалдуу эмес – диний, анын ичинде тыюу салынган экстремисттик, же криминалдык бирикмелерге тартылышууда.

Жаштар жарандык активдүүлүктүн субъекти катары.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 700дөн ашуун жаштар уюмдары каттоодон өткөн, алардын ичинен болгону 10%ы гана активдүү иштешет.

Жаштардын өлкөнүн саясий турмушуна болгон жогору кызыгуусу байкалууда. Расмий маалыматтарга ылайык жергиликтүү кеңештерде 28 жашка чейинки курактагы депутаттардын саны 694 адамды түзөт. Мамлекеттик жарандык кызматта 2014-жылы мамкызматчылардын жалпы санынын 22%ын, ал эми 2015-жылы - 15%ын жаштар түзгөн б.а. жаштардын саны кыскарган. Ошол эле учурда жаштардын муниципалдык кызматтагы өкүлдөрүнүн саны өсүүдө: 14%дан (2012-жылы) 22%га (2014-жылы) чейин.

Өлкөнү өнүктүрүүнүн азыркы этабында волонтёрдук иш сыяктуу иштин түрлөрүнүн зарылдыгы коом жана мамлекет тарабынан барган сайын көбүрөөк таанылууда. Жаштар үчүн волонтёрдук иш социалдашуу мейкиндиги, кесиптик компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүү болуп саналат. Бирок, волонтёрлорду даярдоонун жана өнүктүрүүнүн бирдиктүү тутуму жок болгондуктан, волонтёрдук иштин иш стажы катары таанылбагандыгынан жана мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилеринин катышуусу менен насаатчылык тутумунун жоктугунан акыркы жылдары жаш волонтёрлордун саны төмөндөөдө.

 

2. Максаты жана артыкчылыктары

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2017-2020-жылдарда жаштар саясатын өнүктүрүү” программасынын максаты2020-жылдын аягына чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө жооптуулук менен катышкан жана саясий, экономикалык, социалдык, маданий чөйрөлөрдө атаандашууга жөндөмдүү жарандардын жаңы муунун калыптандыруу үчүн ченемдик укуктук, инфратүзүмдүк шарттарды жана инклюзивдик коомдук чөйрөнү түзүү болуп саналат.

Артыкчылыктуу багыттар:

I артыкчылык. Жаш кыргызстандыктардын жаңы муунунун коомдук, социалдык жана экономикалык жактан өзүнүн жөндөмдөрүн ишке ашыруусу жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

II артыкчылык. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жаштардын бирдей жетишүүсүн камсыздоо.

III артыкчылык. Чечимдерди даярдоо жана кабыл алуу процессине жаштардын жигердүү катышуусун кеңейтүү.

IV арыкчылык. Жаштар чөйрөсүн башкаруу тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

 

3. Артыкчылыктар боюнча чаралар жана милдеттер

 

I артыкчылык. Жаш кыргызстандыктардын жаңы муунунун коомдук, социалдык жана экономикалык жактан өзүнүн жөндөмдөрүн ишке ашыруусу жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

1-милдет. Жарандуулуктун, жоопкерчиликтин көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана өлкөнү өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделген жалпы улуттук баалуулуктарды чыңдоого көмөк көрсөтүү.

Чаралар:

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жаштар жана жаштар уюмдары менен иштөөнүн типтүү иш планын иштеп чыгуу.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Коомдук телерадио корпорациясы менен биргелешкен программаны иштеп чыгуу.

3. Тарбия берүү багытында медиа продуктуларды чыгаруу боюнча чыгармачыл борборлор арасында сынактарды уюштуруу.

4. Илимий-техникалык конференцияларды, ыйман-парасаттык, патриоттук баалуулуктарды, жаштар долбоорлорунун жармаңкелерин илгерилетүү боюнча иш-чараларды уюштуруу.

5. Жаштардын экологиялык долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, жаштардын экологиялык уюмдарынын дараметин жогорулатуу.

6. Турмуштун кыйын кырдаалына кабылган уюшпаган жаштарды жана адамдарды колдоо.

7. Жаштар арасында диний экстремизмге бөгөт коюу боюнча иш-чараларды уюштуруу.

8. Туруктуу өнүктүрүүнүн 17 максатына жетишүүдө жаштарды кабарландыруу жана тартуу боюнча Иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

9. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыктарын тапшыруу.

2-милдет. Жеке көндүмдөрүн чыңдоо, коомдук жана экономикалык турмушка өнүмдүү, өз алдынча катышууга даярданууну чыңдоо аркылуу жаштардын кесиптик жактан өз максаттарына жетишүүсүнө көмөк көрсөтүү.

Чаралар:

 1. “Кыргыз Республикасынын жаштарынын өнүгүүсүнүн жана бакубаттуулугунун индекси” изилдөөсүн жүргүзүү.

 2. Кесиптик багыт алуунун, башкаруучулук көндүмдөрдү жана лидерлик сапаттарды өнүктүрүүнүн программаларын жана механизмдерин иштеп чыгуу.

3. Жаш адистердин стажировкадан өтүүсүнүн программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү.

4. Жаштарды экономикалык иштерге үйрөтүү жана жаштардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.

5. Жаштардын демилгелерин колдоо максатында меценаттык институтту өнүктүрүү.

6. Жаштардын таанып-билүү туризми үчүн программаларды иштеп чыгуу (тарыхый, маданий, экологиялык, спорттук каттамдар).

7. Волонтёрдук инфратүзүмдү жана волонтёрдук кыймылды түзүү жана өнүктүрүү.

3-милдет. Сергек жашоону пропагандалоо

Чаралар:

1. “Дени сак улут – өнүккөн өлкө” деген ураан алдында айыл жаштарынын арасында ар жыл сайын республикалык мелдештерди өткөрүү.

2. Спорттун улуттук түрлөрү жана “Манас оюндары” элдик оюндар боюнча спорттук-массалык иш чараларды өткөрүү.

3. Дүйнөлүк сергектик күнүнө арналган акцияларды аткарууга жана тамеки тартууга каршы күрөшүү.

4. Баңги заттарды колдонуунун жана ВИЧ – инфекциясынын жайылышынын алдын алуу максатында маалыматтык-билим берүү иш-чараларын өткөрүү.

5. Кыргыз Республикасынын элдеринин “Ынтымак” спартакиадасынын алкагында “Атам, апам жана мен – дени сак үй- бүлө” мелдештерин өткөрүү.

II артыкчылык. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жаштардын бирдей жетишүүсүн камсыздоо.

1-милдет. Сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жаштардын бирдей жетишүүсүн камсыздоо.

Чаралар:

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жаштардын жетишүүсүн баалоо боюнча изилдөө жүргүзүү.

2. Турмуштун кыйын кырдаалына кабылган жаштарды социалдаштыруу жана интеграциялоо үчүн жаштар үйлөрүнүн, борборлорунун, окуу жайларынын кызмат көрсөтүүдө, маалыматтык консультацияларды жана башка зарыл колдоо берүү жөндөмдүүлүктөрүн чыңдоо.

3. Жаштар борборлорун жана жаштар үйлөрүн туруктуу өнүктүрүүнүн шарттарын түзүү.

Жаштар федерацияларын, уюмдарын, комитеттерин, студенттик кеңештерди ж.б. түзүү жана потенциалын жогорулатуу.

2-милдет. Жаштарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик социалдык тапшырык тажрыйбасын кеңейтүү.

Чаралар:

1. Мамлекеттик социалдык тапшырыктын алкагында жаштар демилгелерин колдоо жана илгерилетүү боюнча методикалык рекомендацияларды иштеп чыгуу.

2. Жаштар чөйрөсүнө мамлекеттик социалдык тапшырыкты жайылтуунун тажрыйбасына мониторинг жүргүзүү.

III артыкчылык. Чечимдерди даярдоо жана кабыл алуу процессине жаштардын жигердүү катышуусун кеңейтүү.

1-милдет. Чечимдерди кабыл алуу процессине (ЧКАП) жаштардын жигердүү катышуусун кеңейтүү.

Чаралар:

1. Региондордо жаштар саясаты чөйрөсүндөгү чечимдердин долбоорлорун милдеттүү түрдө коомдук талкуудан өткөрүү.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коллегияларынын, шаарлардын мэрияларынын коомдук кеңештеринин курамына жаштар өкүлдөрүн киргизүү тажрыйбасын кеңейтүү.

3. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын алдындагы коомдук кеңештерге жаштар өкүлдөрүнүн катышуусун талдоо.

IV артыкчылык. Жаштар чөйрөсүн башкаруу тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

1-милдет. Жаштар саясаты чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү

Чаралар:

1. Жаштар саясатынын ченемдерин жана принциптерин таасирдүү ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү ченемдик укуктук актылар долбоорлорун иштеп чыгуу.

2. Эл аралык жаштар кызматташтыгын демилгелөө жана жүргүзүү.

3. “БУУнун жаш делегаты” программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

4. ”Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Сергек жашоо образы” программасын иштеп чыгат.

5. “Жаштар үйлөрү жана борборлору жөнүндө”, “Жаштар үйлөрүнүн жана борборлорунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн стандарттары жөнүндө”, “Волонтёрдук иш жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын жаштар иштери боюнча комитети жөнүндө” жоболорду иштеп чыгуу.

6. 2020-2030-жылдарга Жаштар саясаты концепциясын иштеп чыгуу.

2-милдет. Жаштар саясатын ишке ашырууну координациялоонун, мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоо тутумун киргизүү аркылуу жаштар саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу.

Чаралар:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар иштери боюнча кеңештин ишин жандандыруу.

2. Республикалык жаштар конгрессин өткөрүү.

3. “Жаш Булак” жаштар форуму-лагерин өткөрүү.

4. Жаштар саясатын калыптандыруу жана ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин потенциалын жана квалификациясын жогорулатуу.

 

4. Күтүлгөн натыйжалар

 

Жаштар чөйрөсүнүн чаралары жана аракеттери төмөнкүдөй негизги натыйжаларга жетишүүгө көмөк берүүгө тийиш:

- мамлекеттик жаштар саясатын натыйжалуу ишке ашыруу жана жаштар секторун өнүктүрүү үчүн туруктуу шарттар жана зарыл болгон укуктук негиздер түзүлөт;

- өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө жооптуулук менен катышып жаткан жарандардын жаңы муунун калыптандыруу тутуму түзүлөт;

- жаш адамдардын аң-сезиминде жана жүрүм-турумунда конституциялык укук, маданий мурас жана азыркы дүйнөнүн жетишкендиктери гармониялуу айкалышат;

- жаштарды өнүктүрүү боюнча кызыкдар тараптардын координацияланган өз ара аракеттери жүргүзүлөт;

- ресурстар натыйжалуу пайдаланылат;

- программаны ишке ашыруунун натыйжалары туруктуу болот;

- жаштар өз потенциалын ачуу үчүн кеңири тандоого жана мүмкүндүктөргө ээ болот;

- жаштар үчүн чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда четте калуу жана чыгып калуу коркунучу минималдаштырылат;

- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жаштар уюмдарынын тийиштүү кадрдык потенциалы, жаштар менен иштөөнүн жакшыртылган инфратүзүмү жана жаштар менен иштөөнүн бардык процесси ченемдик укуктук шарттары менен камсыздалгандыгы Программаны ишке ашыруунун түздөн-түз натыйжасы болуп калат.

 

5. Коркунучтарды баалоо

 

Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болушу мүмкүн болгон коркунучтар:

- кризис шарттарында бюджеттик каржылоонун кыскаруусу жана Программага жана аны Ишке ашыруу планына өзгөртүүлөр киргизүү зарылдыгы;

- кызыкчылыктардын айрым топторунун каршы аракеттер;

- Программанын иш-чараларын ишке ашыруу процессин уюштуруунун жана башкаруунун натыйжасыздыгы.

Коркунучтарды башкаруу чаралары:

- донорлор жана кайрымдуулук кылуучулар менен иштөөнү кеңейтүү;

- кызыкчылыктар топтору жана жаштар менен тутумдук коммуникациялар үчүн аянтчаларды уюштуруу жана ар түрдүү форматтарды колдонуу;

- чечим кабыл алуу ишке аша турган негиздерге мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн натыйжалуу тутумун ишке киргизүү.

 

6. Ресурстарды баалоо

 

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджети, жергиликтүү бюджеттер жана стратегияларды жана программаларды ишке ашырууга карата бөлүнүүчү каражаттар Программаны каржылоонун негизги булактары болуп саналат.

Жеке сектор, социалдык ишканалар, эл аралык уюмдар жана долбоорлор, өкмөттүк эмес уюмдар жана башка кызыкдар топтор тарабынан бөлүнүүчү каражаттарды тартуу боюнча активдүү иштер бюджеттик каржылоонун жетишсиздиктерин жабууга мүмкүндүк берет.

Программанын чараларын ишке ашыруунун маанилүү инструменти мамлекеттик социалдык тапшырык, ошондой эле бюджеттик чыгашаларды минималдаштырууга мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлору болуп калат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ишти активдештирүү жергиликтүү деңгээлде жаштар саясатын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын пайдаланууну камсыздайт.

 

7. Программаны ишке ашырууну башкаруу

 

Программаны ишке ашыруу башка кызыкдар топтордун активдүү катышуусунда жана аларды тартуу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан аткарылат.

Программаны ишке ашыруу планынын иш-чараларын аткаруу аркылуу Программа жүзөгө ашырылат. Ал мониторинг жүргүзүлүүгө жана бааланууга тийиш.

Программага өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө чечимдер жылдык пландарды ишке ашыруунун орто аралык натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү маалыматтарынын негизинде кабыл алынат.

Программаны ишке ашырууну башкаруу жаштардын өздөрүнүн демилгелерине таянуу менен мамлекеттик, муниципалдык жана мамлекеттик эмес секторлордогу кызыкдар уюмдардын ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын натыйжалуу иштөөсүн караштырат.

Программаны ишке ашырууну башкаруунун эң маанилүү мүнөздөмөсү чечимдерди даярдоонун жана кабыл алуунун отчеттуулугун, акыйкаттыгын камсыздоо болуп саналат.

Программанын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү үчүн кырдаалга объективдүү баа берүүгө жана адекваттуу жана заманбап чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк бере турган индикаторлор тутуму иштелип чыккан.

Сурамжылоолордун жыйынтыктары, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көз карандысыз баа берүүлөрү жана отчеттору мониторинг жүргүзүү жана баа берүү үчүн маалымат булактары болуп эсептелет.

Мониторинг жүргүзүү жана баа берүү тутуму мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана кызматкерлердин натыйжалуулугуна баа берүү, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине баа берүү боюнча чаралар менен байланыштырылат.

Мониторинг жүргүзүү жана баа берүүнүн натыйжалары Программаны оңдоп-түзөтүү, жаңы идеяларды издештирүү, ресурстарды рационалдуу колдонуу үчүн пайдаланылат.

Мониторинг жүргүзүү жана баа берүүнүн натыйжалары ишке тартылган бардык катышуучулар, кызыкдар топтор жана айрым жарандар үчүн жеткиликтүү болот.