Система Orphus

КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 102 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\8d6b61e0-8a2b-46dd-8dff-563b0560f699\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 21-июлу № 183

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин тартиптик жоопкерчилиги жана аларга дем берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставы менен жөнгө салынат.".

2. 7-2-статьяда:

1-бөлүктүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) ички иштер органдарынын окуу жайларындагы окутуучулук кызмат орундарын ээлеп турган, илимий даражасы же илимий наамы барлар:

- 60 жашка чейин кызматта болууга укуктуу.";

2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 7-3-статья менен толукталсын:

"7-3-статья. Ички иштер органдарынын кызматкеринин анты

Ички иштер органдарына кызматка биринчи жолу кирип жаткан кызматкер төмөнкүдөй ант берет:

"Мен (фамилиясы, аты, атасынын аты), Кыргыз Республикасынын жараны, ички иштер органдарына кызматка киришип жатып, элиме берилгендигиме ишендирүү менен:

Конституциянын талаптарын кыйшаюсуз аткарууга, мыйзамдуулукту сактоого;

жарандардын укуктарын, эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана башка мыйзамга каршы кол салуулардан өз өмүрүмдү аябастан коргоого;

ак ниет, кыраакы кызматкер болууга, инсанга сый-урмат менен мамиле жасоого, мамлекеттик жана кызматтык жашыруун сырды сактоого;

кызматтык парзымды жана мага жүктөлгөн милдеттерди ак ниет аткарууга;

иштин кызыкчылыгы үчүн зарыл болгон жерлерде кызмат өтөөгө салтанаттуу ант беремин.

Антымды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бардык талаптарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын.".

Ант берген адам анттын текстине кол коёт жана ант берилген датаны көрсөтөт. Анттын тексти кызматкердин өздүк ишинде сакталат.

Ант берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри аныктайт.".

4. 18-статьянын 3-бөлүгүндөгү "(өмүр бою)" деген сөздөр алып салынсын; "анын бир айлык эмгек акысынын өлчөмүндөгү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев