Система Orphus

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\9c70b5a7-8c0b-4195-a481-c85840104e74\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 22-марты № 25

"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Ушул Мыйзамдан келип чыгуучу корпоративдик укуктук мамилелерди жөнгө салуучу жана аларга көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.";

2) 31-статьяда:

а) расмий тилдеги 2-пунктун биринчи абзацында "в течение трех месяцев" деген сөздөр алып салынсын;

б) 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Дивиденддерди төлөп берүүнүн тартиби коомдун уставы же акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен аныкталат. Дивиденддерди төлөп берүү күнү акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен аныкталат жана дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн эрте жана мындай чечим кабыл алынгандан кийин 120 күндөн кеч болушу мүмкүн эмес.";

в) 4-пунктунда:

- биринчи абзацында "белгиленген мөөнөттө" деген сөздөр "төлөө күнү келген күндөн тартып талап боюнча бардык акционерлерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- экинчи абзацында "белгиленген мөөнөттүн ичинде" деген сөздөр "төлөп берүү күнүнөн кийин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 55-статьяда:

а) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрү ушул Мыйзамда жана коомдун уставында каралган тартипте акционерлердин жалпы чогулушунда 3 жылдан ашпаган мөөнөткө шайланышат.

Эгерде директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү өтүп кетсе, ал эми директорлор кеңешинин жаңы курамы шайлана элек болсо, анда директорлор кеңеши өзүнүн милдеттерин директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланганга чейин аткара берет.

Коомдун директорлор кеңешинин курамынын мүчөлүгүнө шайланган адамдар чектөөсүз бир нече ирет кайра шайланылышы мүмкүн.

Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими боюнча директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн. Директорлор кеңешинин чакыртып алынган мүчөсүнүн ордуна курамга кирген мүчөсүнүн ыйгарым укуктары директорлор кеңешинин бүткүл курамынын ыйгарым укуктарынын аякташы менен токтотулат.

Коомдун директорлор кеңешинин мүчөсү коомдун директорлор кеңешине жана (же) коомго жазуу жүзүндө арыз берүү менен, кандай убакта болбосун өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө өткөрүп бере алат. Эгерде арыздын өзүндө арыз берилген күндөн эрте болушу мүмкүн эмес болгон башка күн көрсөтүлбөсө, бул учурда коомдун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары арызды директорлор кеңеши караган күндөн тартып токтотулат.

Эгерде директорлор кеңешинин курамынын калган саны анын жарымынан аз болсо, директорлор кеңешинин курамында кандай болбосун өзгөрүүлөр директорлор кеңешинин бүткүл курамын шайлоо менен жүзөгө ашырылат.";

б) 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Коомдун акционерлеринин - добуш берүүчү акциялардын ээлеринин саны экиден ашпаган акционердик коомдо коомдун уставы менен директорлор кеңешинин курамынын так санын түзүү каралышы мүмкүн.";

4) 58-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацында "1 жылдык" деген сөздөр "бир жылдан ашпаган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 65-статьяда:

1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"- башкы бухгалтер.";

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев