Система Orphus

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 2-августу № 79

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2018-жылдын 20-июнунда                                                                                                 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

тарабынан кабыл алынган

1-берене.

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-беренеде:

а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:

"12) жеке турак үйлөр курулган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же болбосо алардын укук улантуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары болуп саналган органдардын ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейинки тиешелүү чечимдери бар жер участоктору.".

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 12-пункту төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

1) жер участокторун которууга (трансформациялоого) тиешелүү комиссиялардын терс корутундулары бар жер участокторуна;

2) экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин талаптарына жооп бербеген жер участокторуна;

3) сот органдарынын тиешелүү чечимдери бар жер участокторуна;

4) ыйгарым укуктуу органдардын чечими менен аларга тиешелүү чектөөлөр киргизилген жер участокторуна.".

2-берене.

"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 902-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же болбосо алардын укук улантуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары болуп саналган органдардын тиешелүү чечимдери бар жерлерди которууда айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын орду толтурулбайт.

Инфратүзүмдү камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдар "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин которулган (трансформацияланган) жеке менчик участокторунун менчик ээсине жүктөлөт.";

2) 12-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же болбосо алардын укук улантуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары болуп саналган органдардын тиешелүү чечимдери бар сугат айдоо жерлеринин жер-участокторун которуу (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.";

3) 20-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 12-пунктунда белгиленген жер участокторун кошпогондо, жеке менчикте турган жер участоктору шаар куруу документтеринин, куруу жана шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарынын жерин пайдалануу эрежелеринин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленген тартипте жерлер алынгандан кийин жеке турак жай курулушуна которулат.";

4) 21-берененин 3-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же болбосо алардын укук улантуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары болуп саналган органдардын тиешелүү чечимдери бар айыл чарба жерлеринин сугат айдоо жерлеринин жер участокторун трансформациялоого мораторийдин колдонулушун жайылтпоону караган "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү толуктоолор иштелип чыксын;".

3-берене.

Ушул Мыйзамдын колдонулушу сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизгенге чейин айыл чарбасына арналган жерлерге имараттардын жана курулмалардын мыйзамсыз курулушуна жол берген жактарды жоопкерчиликтен бошотпойт.

4-берене.

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же болбосо алардын укук улантуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары болуп саналган органдардын тиешелүү чечимдери бар сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;

- "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же болбосо алардын укук улантуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары болуп саналган органдардын тиешелүү чечимдери бар сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которууну (трансформациялоону) белгиленген тартипте жүзөгө ашырсын";

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Президент

 

С. Жээнбеков