Система Orphus

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 12-апрели № 47

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

2019-жылдын 7-мартында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 27-1-глава менен толукталсын:

"27-1-глава. Утилдештирүү жыйымдары

84-1-берене. Төлөөчү

Сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүүгө жыйым (утилдештирүү жыйымы) керектөөчүлүк касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетүүгө жаткан сымап камтылган буюмдарды өндүрүүчүлөр, импорттоочулар тарабынан төлөнөт.

84-2-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби

1. Сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүүгө утилдештирүү жыйымынын өлчөмү, тартиби жана киргизүүнүн мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2. Сымап камтылган буюмдарды өндүрүүчү, импорттоочу утилдештирүү жыйымын продукциянын өздүк наркына кошот.

3. Утилдештирүү жыйымын төлөөнүн эсебинен республикалык бюджетке келип түшкөн каражаттар сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүү боюнча уюмдарга субсидияларды берүү түрүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программаларын жүзөгө ашыруу аркылуу сымап камтылган буюмдарды пайдалануудан калган калдыктарды жыйноого, ташууга, кайра иштетүүгө чыгымдарды жабуу үчүн белгиленген тартипте бекитилген иштерди кошо финансылоого жумшалат.";

2) 153-берене төмөнкүдөй мазмундагы 35-1-пункт менен толукталсын:

"35-1) утилдештирүү жыйымдары;".

2-берене.

"Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 10, 370-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

20-статьяда:

а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Сымап камтылган калдыктар менен иштөө жаатындагы экономикалык жөнгө салуу Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүүгө утилдештирүү жыйымын алуунун негизинде белгиленет.";

б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Утилдештирүү жыйымын төлөөнүн эсебинен республикалык бюджетке келип түшкөн каражаттар сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүү боюнча уюмдарга субсидияларды берүү түрүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программаларын жүзөгө ашыруу аркылуу сымап камтылган калдыктарды жыйноого, ташууга, кайра иштетүүгө чыгымдарды жабуу үчүн белгиленген тартипте бекитилген иштерди кошо финансылоого жумшалат.".

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 16-апрели N 29 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков