Система Orphus

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\f2bb8189-7dd8-4de5-b49d-796907e954bb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 30-июлу № 383

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы № 149, 2021-жылдын 3-мартындагы № 68, 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын жана суу чарба комплексин башкарууну өркүндөтүү, бирдиктүү суу саясатын жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин жоболорун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин карамагына Суу чарба жана мелиорация департаментин тиешелүү функциялары, бюджеттик каржылоосу, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү, документтери, негизги персоналдын 4106 бирдик, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын 750 бирдик штаттык саны менен өткөрүп берсин.

3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

6. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

6-пунктундагы "4902" жана "4616" деген цифралар тиешелүү түрдө "796" жана "510" деген цифралар менен алмаштырылсын;

16-пунктундагы "1117" жана "266" деген цифралар тиешелүү түрдө "1084" жана "233" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 1-тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 19-2-пункту менен толукталсын:

"

19-2

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги

4896

 

- борбордук аппарат

69

 

- ведомстволук бөлүмдөр

1300

 

- аймактык бөлүмдөр

3527

".

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 6-пунктундагы "974" жана "921" деген цифралар тиешелүү түрдө "224" жана "175" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

16

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

17

 

анын ичинде

 

 

- борбордук аппарат

10

".

- 1-тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 19-2-пункту менен толукталсын:

"

19-2

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги

757

 

- борбордук аппарат

12

 

- ведомстволук бөлүмдөр

243

 

- аймактык бөлүмдөр

502

".

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун "а" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги;".

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги:

- эки жумалык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана берсин;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлерди ишке орноштуруу маселесин чечсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу баардык чараларды көрсүн.

12. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомунун 4-пунктунун үчүнчү абзацы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун сегизинчи абзацы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомунун 6-пунктунун 5-пунктчасынын үчүнчү-алтынчы абзацтары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 420 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ведомстволук карамагындагы мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана талаптагыдай контролдоо менен координациялоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

13. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

14. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев

 

 

 

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин башкаруу
ТҮЗҮМҮ

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: rt149_120320_3.png