Система Orphus
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2004-жылдын 19-августу № 157

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

             "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары
               жонүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
                       өзгөртүү киргизүү тууралу

     2004-жылдын 30-июнунда             Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                        Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
                                        тарабынан кабыл алынган


     1-статья.

     "Кыргыз Республикасынын  ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин  Ведо-
мосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
     17-статьянын алтынчы жана жетинчи бөлүктөрү алып салынсын.

     2-статья.

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн  ченемдик  укуктук  актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

     3-статья.

     Ушул Мыйзам 2004-жылдын 1-ноябрынан - ички иштер органдарынын кыз-
маткерлерине жыл сайын кайра эсептелүүгө тийиш болгон коммуналдык  кыз-
маттар  үчүн  акчалай  компенсация киргизилген жана азык-түлүк паегунун
өлчөмү жогорулатылган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын 
Президенти                                                     А.Акаев