Система Orphus
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 25-февралы № 37

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

            "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
                  Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу

    2005-жылдын 20-январында           Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                       Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
                                       тарабынан кабыл алынган

     1-статья. "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын  
11-июнундагы № 70 Мыйзамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

     18-статьянын 4-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
     "4. Кооператив  мүчөлөрүнүн  жалпы  чогулушунда добуш берүү коопера-
тивдин бир мүчөсү - бир добуш принциби боюнча жүзөгө ашырылат.".

     2-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти               А.Акаев