Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2005-жылдын 7-марты № 45 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу 2005-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган 1-статья. Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы- на (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 537-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин: 132-статьянын 3-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Ушул Мыйзамдын 87-статьясынын 1-пунктунда каралган камсыздан- дыруу уюмунун үчүнчү кезектеги кредиторлорунун талаптары ушул Мыйзамда каралган жалпы эрежелер боюнча канааттандырылууга жатат.". 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев