Бишкек шаары
2006-жылдын 6-февралы № 35
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына, Администрациялык жоопкерчилик
жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине,
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексине
Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик
Кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу
(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2005-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья."Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) тө-
мөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 16-статьяда:
1-пунктта:
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен
толукталсын:
" - теле-, радиоберүүлөрдүн, жарнама роликтеринин эфирине, ошондой
эле сырткы жарнамага чыгууга;
- кино- жана көрмөтейлөөдө, эгерде мындай тейлөөнүн аудиториясы
жашы жеткен адамдар менен чектелбесе, фильмдерди көрсөткөнгө чейин
көрсөтүлүп жатканда же андан кийин жайылтууга.".
- экинчи-сегизинчи абзацтар төртүнчү-онунчу абзацтар деп эсептел-
син;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
жашы жетпегендердин арасында жарнама максатында коомдук жайларда,
ошондой эле жашы жетпегендердин кирүүсүнө тыюу салынбаган жерлерде ал-
коголдук ичимдиктердин жана тамеки заттарынын үлгүлөрүн акысыз таратуу-
га;
эгерде анда алкоголдук ичимдиктердин же тамеки заттарынын аталышы,
сүрөтү же товардык белгиси пайдаланылса, көбүнесе жашы жетпегендерге
арналган иш-чараларга, демөөрчүлүк кылууга;
алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки заттарын керектөө процессине
тиешеси жок, сыртына алкоголдук ичимдиктердин же тамеки заттарынын ата-
лышы же сүрөтү түшүрүлгөн товарларды (футболкалар, баш кийимдер, кол
чатырлар, сумкалар ж.б.) таратууга, анын ичинде адамдардын кењири
чөйрөсүнө сатууга. Буларга сыртына алкоголдук ичимдиктердин же тамеки
заттарынын аталыштары же сүрөттөрү жана/же товардык белгилери жана бар-
лардагы, ресторандардагы, кафелердеги, мейманканалардагы жана ушул сы-
яктуу жайлардагы логотиптер түшүрүлгөн күл түшүргүчтөр, оттуктар (зажи-
галкалар), ширенке кутучалары, подностор жана башка тиричилик буюмдары,
ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки заттарын таратуу жана
аларды чекене соодалоо үчүн пайдаланылган транспорт каражаттары кир-
бейт. Мындай тиричилик буюмдарына алкоголдук ичимдиктерди ичүүнүн жана
чылым тартуунун зыяндуулугу жөнүндө эскертүү берүү талап кылынбайт;
алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки заттарын менчигинин түрүнө ка-
рабастан, 7ден 22 саатка чейин радиодон, телекөрсөтүүдөн жарнамалоого
тыюу салынат,";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Оюн-зоок тобокелчилигине жана алардын уюштуруучуларынын, каты-
шуучуларынын жана ортомчулардын, анын ичинде оюн-зоок жайларынын, тота-
лизаторлордун, букмекердик конторалардын өз ара мелдешине негизделген
жарнаманы (оюн-зоок бизнесинин жарнамасы) таратууга төмөндөгүлөрдө жол
берилет:
оюн-зоок бизнес уюмдарынын жайларында, ошондой эле аларга улай
жайгашкан мейманканалардын, ресторандардын, эс алуу жана көњүл ачуу
уюмдарынын жайларында;
жарнама таратууга адистешкен мезгилдүү басма сөздө, ошондой эле
оюн-зоок бизнесинин кызматкерлери же оюнга жана түздөн-түз мелдешке ка-
тышкан адамдарга арналган адистешкен мезгилдүү басма сөздө.
Оюн-зоок бизнесинин башка жарнамасына жол берилбейт.
Оюн-зоок жайларынын жана тотализаторлордун жайгашкан жерин
көрсөткүчтөр, анын ичинде көрнөктөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык милдеттүү түрдө жалпыга маалымдалуучу маалыматты гана камтый
алат.
Оюн-зоок бизнесинин жарнамасы төмөндөгүлөрдү көздөбөшү керек:
жарнаманы керектөөчүлөрдө оюнга же мелдешке катышуу коомдук же же-
кече ийгиликке жетишүү үчүн маанилүү же болбосо мүлктүк проблемаларды
чечүүгө көмөк көрсөтөт деген көз карашты туудурбашы;
оюнга же мелдешке катышпаган адамдарды жаманатты кылбашы;
утушка кепилдик берилген же анын ыктымалдуулугу жогору деген көз
караш туудурбашы;
эгерде өзгөчө шарттары жана чектөөлөрү белгиленүү болсо, оюндарга
жана мелдештерге катышуунун же утуштарды берүүнүн (төлөөнүн) өзгөчө
шарттары жана чектөөлөрү жашырылбашы;
жашы жетпегендерге 35 жашка чейинки адамдардын образдарын пайдалан
деп түздөн-түз кайрылууга, ошондой эле жашы жетпегендер үчүн радио жана
телеберүүлөрдө, басма сөздө кандай формада болбосун жайылтылбашы.".
2-статья.Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жө-
нүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведо-
мосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 317-1-статья менен толукталсын:
"317-1-статья. Оюн-зоок бизнесин жарнамалоо эрежелерин бузуу
Оюн-зоок бизнесин жарнамалоо эрежелерин бузуу -
кызмат адамына эњ төмөнкү эмгек акынын жыйырмадан отузга чейинки
өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 534-статьянын биринчи бөлүгү "310-1" деген сандан кийин "317",
"317-1" деген сандар менен толукталсын.
(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын
1-январынан тартып күчүн жоготот)
4-статья.Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык-процесстик Кодексине
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-
ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
163-статьянын биринчи бөлүгү "192" деген сандан кийин "192-1" де-
ген сан менен толукталсын.
5-статья.Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6-статья.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик-укуктук
актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев