Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы N 241 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 20-февралы №18 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу 1-статья. «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ведомосттору 1996-ж., №7, 101-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 6-статьяда: 2-бөлүктөгү «Жогорку Кењеши» деген сөздөрдөн кийинки «жана» деген сөз үтүр белгиси менен алмаштырылып, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү» деген сөздөрдөн кийин «жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» деген сөздөр менен толукталсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толуктолсын: «3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын жана башка нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик тилдеги тексти расмий тилдеги текстине туура келбеген учурда мамлекеттик тилдеги текст түп нуска деп эсептелет.». 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев