Система Orphus
Бишкек шаары
2007-жылдын 31-июлу №121

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

              Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине
              өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө

2007-жылдын 25-июнунда                   Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-статья.

     Кыргыз Республикасынын  Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку  Кењешинин  Ведомосттору,  1996-ж., N 6, 80-ст.) төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр киргизилсин:
     1. Кодекстин бардык тексти боюнча "камкордук жана көзөмөлдүк орга-
ны" деген  сөздөр  тийиштүү  сандарда жана жөндөмөлөрдө "Үй-бүлөнү жана
балдарды колдоо боюнча бөлүм" деген сөздөргө алмаштырылсын.
     2. 69-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "1. Райондук  мамлекеттик администрациялардын же болбосо жергилик-
түү өз  алдынча  башкаруунун аткаруу органдарынын алдында түзүлгөн бал-
дардын укуктарын  жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча адистеш-
тирилген түзүмдүк бөлүмдөр үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм-
дөр деп эсептелет.".
     3. 70-статьянын  1-пунктунда  "аталган  органдарга"  деген  сөздөр
"аталган бөлүмдөргө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
     4. 73-статьянын 1-пунктундагы биринчи сүйлөмдөгү жана 78-статьянын
1-пунктунун биринчи абзацындагы "бул орган тарабынан" деген сөздөр "бул
Бөлүм тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
     5. 86-статьяда:
     1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
     "Жамааттык уюмдарды  каттоо  маселелери  тийиштүү  мыйзамдар менен
жөнгө салынат.";
     экинчи жана  үчүнчү абзацтар ылайыгына жараша үчүнчү жана төртүнчү
абзацтар деп эсептелсин.
     6. 152-статьянын  3-бөлүгүндөгү  "Кооперация жөнүндө" деген сөздөр
"Кооперативдер жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
     7. 153-статьянын  экинчи  сүйлөмүндөгү "үч" деген сөз "жети" деген
сөзгө алмаштырылсын.

     2-статья.

     Райондук мамлекеттик администрациялардын же болбосо жергиликтүү өз
алдынча башкаруунун  аткаруу  органдарынын  алдында балдардын укуктарын
жана мыйзамдуу  кызыкчылыктарын  коргоо боюнча адистештирилген түзүмдүк
бөлүмдөр -  Үй-бүлөнү  жана  балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр түзүлгөнгө
чейин, милдетине  балдардын  укуктарын  жана  мыйзамдуу кызыкчылыктарын
коргоо кирген камкордук жана көзөмөлдүк органдары ишин уланта берет. 

     3-статья.

     Бул Мыйзам  2007-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Үй-бүлөнү
жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн милдеттерин жөнгө салуучу жоболор-
ду кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  үч  айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик
укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев