КР 2016-жылдын 16-декабрындагы №
207 Мыйзамына
ылайык
КҮЧҮН
ЖОГОТОТ
Бишкек шаары
2008-жылдын 19-майы № 90
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр
жана толуктоо киргизүү тууралуу
2008-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,
1997-ж., № 10, 470-ст.) өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Кыргыз банкынын негизги милдети
Республиканын узак мөөнөттүү экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүү
үчүн улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, республиканын
банк жана төлөм тутумунун натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүү-
лүгүн камсыз кылуу Кыргыз банкынын ишинин максатына жетишине көмөктө-
шүүчү (же негизги максатына баш ийген) негизги милдет болуп саналат.".
2. 10-статьянын 1-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен то-
лукталсын:
"Кыргыз банкынын Төрагасынын отчетун Кыргыз Республикасынын Жогор-
ку Кењешинде угуу Кыргыз Республикасынын конституциясынын жана ушул
Мыйзамдын жоболорунун талаптарына ылайык Кыргыз банкынын өз алдынчалы-
гын жана көзкарандысыздыгын эске алуу менен ишке ашырылат.".
3. 31-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасы төмөндөгүдөй редакцияда
баяндалсын:
"1) уставдык капиталдын эњ төмөнкү өлчөмүн, капиталдын (өздүк ка-
ражаттын) эњ төмөнкү өлчөмүн;".
4. 40-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40-статья. Кыргыз банкынын Төрагасына жана Башкармасынын
мүчөлөрүнө эмгек акы төлөө
Кыргыз банкынын Төрагасынын, анын орунбасарларынын жана Башкарма-
сынын мүчөлөрүнүн кызматтык маяналары атаандаш рыноктордогу эмгек акы-
ларды жана мамлекеттик кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын эске
алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев