Бишкек шаары
2008-жылдын 13-октябры № 210
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө
(КР 2017-жылдын 6-майындагы № 76 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2008-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Эң төмөнкү эмгек акы (эмгек акынын эң төмөнкү өлчөмү) - нормалдуу
эмгек шартында жөнөкөй ишти аткарууда жумуш убактысынын нормасын толук
иштеп бүткөн квалификациясы жок кызматкерлердин эмгеги үчүн бир айлык
эмгек акынын гарантиялык өлчөмү.
Эң төмөнкү эмгек акынын өлчөмү аны эмгекке жарамдуу адамдын тири-
чилик минимумунун чегине чейин этап-этап менен жогорулатуу принцибинен
чыгып, Кыргыз Республикасынын тийиштүү жылга республикалык бюджети
жөнүндө мыйзамында белгиленет.
Эң төмөнкү эмгек акынын өлчөмү, мамлекеттик пенсиялык социалдык
камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык пенсияларды эсептөө үчүн
орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоону кошпогондо, үстөк
акыларды, кошумчаларды, сыйлыктарды жана башка социалдык төлөмдөрдү
эсептөө үчүн пайдаланылбайт.
(КР 2017-жылдын 6-майындагы № 76 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтир-
син;
- Кыргыз Республикасында тиричилик минимумун эсептөөнү аныктоонун
тартибин жана өлчөмүн белгилөөчү мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине белгиленген тартипте киргизсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев