КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 16-ноябры № 296
1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө
1-берене.
1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясына кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кошулуу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп эсептелген Нидерланддар Королдугунун Тышкы иштер министрлигине депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |