Система Orphus

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 8-декабры № 307

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу

 

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 7, 316-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

29-статьянын 1- жана 2-бөлүктөрү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"Товарлар (жумуштар, тейлөө кызматтары) жөнүндө маалымат (товарлардын этикеткаларынын тексттери, маркалоосу, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорту) милдеттүү түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде, ал эми зарыл учурларда - ошондой эле чет тилдерде берилет.

Товарлар жөнүндө чет тилдеги атайын маалымат (товарлардын этикеткаларынын тексттери, маркалоосу, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорту жана башкалар) импорттоочу фирмалардын эсебинен мамлекеттик жана расмий тилдерге которулат.".

 

2-берене.

"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 7-статьянын 2-пунктундагы "орус" деген сөз "расмий" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. 9-статьяда:

1-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Товарлар (жумуштар, тейлөө кызматтары) жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде, ал эми зарыл учурларда - ошондой эле чет тилдеринде баяндалышы керек.";

3-пункттун экинчи абзацындагы "кыргыз жана/же орус тилиндеги" деген сөздөр "мамлекеттик жана расмий тилиндеги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К. Бакиев