Система Orphus

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 23-июну № 53

 

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө
которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

1-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Сугат айдоо жерлерин көрүстөнгө которууга (трансформациялоого) мораторий жайылтылбайт. Көрүстөнгө которулган (трансформацияланган) сугат айдоо жерлер башка максат боюнча пайдаланууга тийиш эмес".

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзам менен ылайык келтирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

Р. Отунбаева