Система Orphus

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2011-жылдын 6-октябры № 165

 

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүнү киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 7, 316-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

8-статьяда "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

Р. Отунбаева