Система Orphus

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 1-ноябры № 195

 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

157-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"157-статья. Жашы жетпегенди коомчулукка каршы аракеттерди жасоого

тартуу

 

(1) Он сегиз жашка толгон адам тарабынан жашы жетпеген адамды аракечтикке, баңги же башка баш айлантуучу заттарды врачтын дайындоосуз керектөөгө, сойкулукка, сексуалдык аракеттерди жасоого, селсаяктык же кайырчылык кылууга же болбосо аны селсаяктыкта же кайырчылыкта пайдаланууга тартканда, -

жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(2) Ата-эне, педагог же ага мыйзам менен жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттер жүктөлгөн башка адам тарабынан жасалган ошол эле жосундар, -

үч жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же болбосо төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө каралган, зомбулукту колдонуу же аны колдонуу коркунучу менен жасалган жосундар, -

беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү: Эгерде бул жосундар жашоонун булагынан ажыроонун же жашаган жеринин жоктугунан келип чыккан оор турмуштук жагдайларга туш болуунун айынан ата-энелер тарабынан жасалса, ушул статьянын колдонулушу жашы жетпегенди селсаяктыкка тартуунун же болбосо селсаяктыкта пайдалануунун учурларына жайылтылбайт.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

Р. Отунбаева