Система Orphus

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2012-жылдын 17-марты № 22

 

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 498-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-1-статьянын 3-бөлүгүндө "Президенти" деген сөз "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. 4-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу: Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик Резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттарында дайыма көтөрүлүп турат.".

3. 5-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин имараттарында, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин башчыларынын өздөрүнүн кызматына байланыштуу милдеттерин аткарып жатканда алардын резиденцияларында, ошондой эле эл аралык укуктун ченемдерине, дипломатиялык протоколдун эрежелерине жана ал турган өлкөнүн салтына ылайык Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн имараттарында көтөрүлөт. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин башчыларынын унаа каражаттарында, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн унаа каражаттарында орнотулат.".

4. 6-статьянын үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын, жергиликтүү соттордун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыштар залдарында;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жумушчу кабинеттеринде.".

5. 8-статьянын 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын," деген сөздөр алып салынсын.

6. 10-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин даярдоо менен алектенген юридикалык жактардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".

7. 11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун, ошондой эле аткаруу бийлигинин башка органдарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана бардык деңгээлдеги соттордун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик нотариалдык конторалардын мөөрлөрүндө жана документтеринин бланктарында жайгаштырылат.".

8. 13-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"13-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби төмөнкү жерлерде жайгаштырылат:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын имаратынын маңдайында;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана башка расмий өкүлчүлүктөрүнүн имараттарынын маңдайында;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана башка сот жыйындарынын залдарында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын, Кыргыз Республикасынын прокуратураларынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жыйналыштар залдарында;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын, министрликтердин, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында турган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, анын ичинде эл аралык уюмдардагы расмий өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жумушчу кабинеттеринде.".

9. 14-статьяда:

1-бөлүктүн үчүнчү абзацында "жана Улуттук гвардиясынын" деген сөздөр алып салынсын;

4-бөлүгүндө "Президенти" деген сөз "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.

10. 17-статьянын 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацында "жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын" деген сөздөр алып салынсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын
            Президенти

 

А.Атамбаев