Система Orphus

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 8-апрели № 48

 

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга
(трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1-беренеде:

2-бөлүгүндө:

- биринчи сүйлөмү "көрүстөнгө" деген сөздөн кийин мамлекеттик же муниципалдык гана менчикте турган жалпы билим берүү объекттерин жана саламаттыкты сактоо объекттерин, аскердик, чек аралык объекттерин жана заставаларын курууга, Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүүгө жана өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан жарандарды көчүрүү максатында" деген сөздөр менен толукталсын;

- үчүнчү сүйлөмү алып салынсын;

берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык которулган (трансформацияланган) сугат айдоо жерлер башка максаттагы багыттар боюнча пайдаланылышы мүмкүн эмес.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев