КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 11-июлу № 133
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти
жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү
тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2011-жылдын 2-декабры, № 102) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 51-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоору расмий өкүл болуп дайындалган министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же болбосо алардын биринчи орун басарларынын, статс-катчыларынын, орун басарларынын, ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн атынан сунушталат.".
2. 55-берене төмөнкүдөй мазмундагы 13-бөлүк менен толукталсын:
"13. Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоору расмий өкүл болуп дайындалган министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же болбосо алардын биринчи орун басарларынын, статс-катчыларынын, орун басарларынын, ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн атынан сунушталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |