Система Orphus

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 15-июлу № 145

Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө

(КР 2016-жылдын 19-мартындагы № 21, 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2018-жылдын 2-августундагы N 79 , 2019-жылдын 30-июлундагы N 107 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана жерлерди бир категориядан башкасына же чарба жерлерин бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктайт.

1-глава
Жалпы жоболор

1-берене. Негизги терминдер жана түшүнүктөр

Чарба жерлеринин түрлөрү - конкреттүү максаттар үчүн системалуу пайдаланылуучу же пайдаланууга жарактуу жана табигый-тарыхый белгилери боюнча айырмаланган (айдоо аянты, кысыр аңыз, көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер, чабындылар, жайыттар, бак-бадал өсүмдүктөр, саз, көл, жолдор жана башкалар) жерлер.

Айыл чарба жана (же) токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу - айыл чарба же токой чарба жерлерин берүүдө же айыл чарба жана токой чарба өндүрүшү менен байланышпаган жерлердин башка категорияларына же чарба жерлеринин түрлөрүнө которууда төлөнүүчү сумма.

Кысыр аңыз - мурда айдоо катары пайдаланылган жана күздөн тартып бир жылдан ашык айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү үчүн пайдаланылбаган жана буулантып айдоого даярдалбаган жер участогу.

Арыз ээси - жер участокторун которуу жөнүндө өтүнгөн жеке же юридикалык жак, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар.

Айыл чарба багытындагы жерлер - айыл чарба муктаждыктары үчүн берилген же ушул максаттар үчүн арналган жерлер.

Жер пайдалануучу - жер участогун пайдалануу укугу берилген, өткөрүп берилген же мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөн жеке же юридикалык жак.

Көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер - мөмө-жемиш азыктарын алуу үчүн арналган, жасалма тигилген бактар, бадалдар үчүн (токой аянтысыз) пайдаланылуучу айыл чарба жерлери.

Жерлердин категориясы - бир эле максаттык багытта пайдаланылуучу жана пайдаланууга арналган чарба жерлеринин түрлөрүнүн жыйындысы.

Жайыттар - жерди эсепке алуу маалыматтарында чагылдырылган, чөп баскан, мал жаюу үчүн жайыт катары жана башка максаттарда пайдаланылуучу айыл чарба жерлеринин түрү.

Түп-тамырынан жакшыртылган жайыт - тамырларды жок кылуу жана кийин чөп чабындыга айлантуу жолу менен пайда болгон чөптүү өсүмдүктөр баскан айыл чарба жери.

Айдоо жерлери - көп жылдык өсүмдүктөрдү эгүүнү жана таза буулантууну кошо алганда, айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү үчүн системалуу иштетилген жана пайдаланылган айыл чарба жери.

Жерлерди которуу (трансформациялоо) - жердин максаттык багытын же чарба жеринин түрүн өзгөртүүнүн натыйжасында жердин категориясын өзгөртүү.

Кыртыштык-мелиоративдик абал - айыл чарба азыктарын өндүрүү үчүн пайдаланууга жарактуулук даражасына жараша айыл чарба жерлеринин абалы.

Чабынды - чөп чабуу үчүн системалуу колдонулган айыл чарба жери.

Түп-тамырынан жакшыртылган чабынды - чымды жок кылуу жана кийин чөп айдоо жолу менен чабынды катары пайдаланылуучу айыл чарба жери.

Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган.

Техникалык-экономикалык негиздеме - жер участогунун ээси тарабынан даярдалуучу жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) максатка ылайыктуулугун негиздөөчү, трансформациялануучу жер участогунун техникалык жана экономикалык параметрлерин камтыган документ. Техникалык-экономикалык негиздеменин формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Алынбай калган пайда - жарандык жүгүртүүнүн кадимки шарттарында менчик ээси же жер пайдалануучу алышы мүмкүн болгон, бирок алынбай калган кирешелер.

(КР 2016-жылдын 19-мартындагы № 21 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-берене. Жерлерди которууга байланыштуу келип чыккан мамилелерди укуктук жөнгө салуу

Жерлерди которууга (трансформациялоого) байланыштуу келип чыккан мамилелерди укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, ушул Мыйзамдын ченемдерине жана ушуга жараша кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

3-берене. Жерлерди категорияларга киргизүү жана жерлерди которуу (трансформациялоо)

1. Жерлерди категорияларга киргизүү алардын негизги максаттык багытына ылайык жүргүзүлөт.

Жерлерди бир категориядан башкасына которуу (трансформациялоо) мамлекеттик иш-милдет болуп саналат, алардын негизги максаттык багыты өзгөртүлгөн учурда жүзөгө ашырылат.

Жерлердин категориясы жана чарба жерлеринин түрү төмөнкүлөрдө көрсөтүлөт:

1) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жер участокторун берүү жөнүндө актыларында;

2) жер участоктору предмети болуп саналган келишимдерде;

3) жерди эсепке алуу документтеринде;

4) жер участогуна укукту ырастоочу документтерде.

2. Жерлерди которуунун белгиленген тартибин бузуу жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын актыларын жараксыз деп таанууга негиз болот.

Жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн өлчөмү 20 м2 ашпаган чектерде жер участокторун электр байланыш операторлоруна берүү учурларын кошпогондо, жерлерди максаттуу эмес багыттар боюнча пайдаланууга жол берилбейт.

(КР 2019-жылдын 30-июлундагы N 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-берене. Жоготуунун жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу

1. Айыл чарба жерлерин айыл чарба багытындагы, токой, суу фондунун жана запастагы жерлердин категорияларынан айыл чарбалык жана токой чарбалык өндүрүшкө байланышпаган жерлердин башка категорияларына же чарба жеринин түрлөрүнө которууда, ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, жоготуунун жана алынбай калган пайданын наркынын суммасы жаңы жер пайдалануучулар жана менчик ээлери тарабынан төлөнөт.

Алардын ордун толтуруу максатында айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2. Жеке менчикте турган айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес багыттагы башка категорияга которууда менчик ээси жоготуулардын ордун ушул Мыйзамдын 5-беренесинин талаптарын эске алуу менен төлөп берет.

3. Айыл чарба Жана токой чарба жоготууларынын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар республикалык бюджетке, алынбай калган пайданын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар - жергиликтүү бюджетке түшөт.

Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды жана айыл чарба жана токой чарба жоготууларынын ордун толтуруудан түшкөн каражаттарды пайдалануу тартибин аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

5-берене. Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөө

1. Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын суммасы жер участогуна укукту ырастоочу документ берилгенге чейин төлөнөт.

2. Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын орду жерлерди төмөнкүлөр үчүн которууда толтурулбайт:

1) айыл чарба багытындагы жерлерди сугаруу жана кургатуу үчүн арналган сугат тутумдарын куруу;

2) ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акысыз негизде берилүүчү турак үйлөрдү куруу;

3) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча жүргүзүлүүчү саламаттык сактоо, мектеп жана мектепке чейинки балдар, социалдык мекемелер, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү объекттерди, инженердик жана транспорттук инфратүзүм объекттерин жана көрүстөндөрдү куруу;

4) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлүүчү унаа жолдорун куруу, реконструкциялоо жана оңдоо;

5) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлүүчү электр өткөрүү чубалгыларын, мунай өткөргүчтөрдү жана башка өткөрмө түтүктөрдү куруу;

6) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлүүчү аскердик, жаратылыш коргоо, жана тарыхый-маданий багыттагы объекттерди (коруктарды, токой чарба мекемелерин, табигый, мемориалдык, улуттук жана дендрологиялык парктарды, ботаникалык бактарды, табигый, археологиялык жана тарыхый-архитектуралык көрстөндөрдү) куруу.

7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара линияларын жана чек аралык инфратүзүм объекттерин (имараттарды, жайларды, курулмаларды) куруу.

3. "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же болбосо алардын укук улантуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары болуп саналган органдардын тиешелүү чечимдери бар жерлерди которууда айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын орду толтурулбайт.

Инфратүзүмдү камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдар "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин которулган (трансформацияланган) жеке менчик участокторунун менчик ээсине жүктөлөт.

(КР 2016-жылдын 19-мартындагы № 21, 2018-жылдын 2-августундагы N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-берене. Жерлерди которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин (айдоо жерлер, көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер, кысыр аңыз, түп-тамырынан жакшыртылган чабындылар, түп-тамырынан жакшыртылган жайыттар) чарба жерлеринин аз баалуу башка түрлөрүнө же жерлердин башка категориясына которот;

2) токой фондунун жерлерин жерлердин башка категорияларына которот;

3) суу фондунун жерлерин жерлердин башка категорияларына которот;

4) өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин жерлердин башка категорияларына которот;

5) айыл чарба жана токой чарба жоготууларынын ордун толтуруудан түшкөн каражаттарды пайдалануунун тартибин бекитет;

6) ушул берененин 1-4-пункттарында каралган жерлерди которуунун тартибин аныктайт.

(КР 2016-жылдын 19-мартындагы № 21 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-берене. Жерлерди которуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын мэрияларынын компетенциясы

Райондун мамлекеттик администрациясы жер участогу жайгашкан өз алдынча башкаруу органдарынын, республикалык же областтык маанидеги мэриялардын макулдугу менен:

1) баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин чарба жерлеринин кыйла баалуу түрлөрүнө же баалуулугу теңдеш айыл чарба жерлерин - бир түрдөн башка түргө которот;

2) калктуу конуштардын жерлерин жерлердин башка категорияларына которот;

3) айыл чарба жерлерин жана токой, суу фонддорунун жер участокторун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, запас жерлерди, өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлерди чечим түрүндө жерлердин башка категорияларына которууга макулдук берет жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет.

(КР 2017-жылдын 1-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-берене. Жерлерди которуу жөнүндө документтерди "бирдиктүү терезе" принциби боюнча кароо

1. Жерлерди которуу жөнүндө арыздарды кароо "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Жерлерди которуу боюнча жерге жайгаштыруу материалдарын даярдоо боюнча иш-милдеттерди атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жеке турак жай курууга жерлерди которуу үчүн демилгечи болуп белгиленген тартипте чыгат.

9-берене. Жерлерди которуу жөнүндө документтерди даярдоонун жана арыздарды кароонун тартиби

1. Жеке турак жай курулуш үчүн жерлерди которууну жүзөгө ашыруу үчүн "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууну кошпогондо, жеке адамдар же юридикалык жактар жерлерди которуу жөнүндө райондун мамлекеттик администрациясына арыз беришет.

Арызда жер участогуна болгон укук жөнүндө маалымат, которула турган жер участогунун категориясы жана өлчөмү, жер участогун жердин бир категориясынан башкасына же бир чарба жеринин бир түрүнөн башкасына которуунун негиздемеси көрсөтүлөт.

Арызга арыз ээсинин - жеке адамдын инсандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү, же болбосо юридикалык жакты каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, жер участогуна укук белгилөөчү жана укукту ырастоочу документтердин, курулуштун башкы планынын же шаар куруу документтеринин көчүрмөлөрү жана техникалык-экономикалык негиздемеси тиркелет.

2. Райондун мамлекеттик администрациясынын суроо-талабы боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер участогуна материалдарды топтойт жана жерге жайгаштыруу көктөмөсүн он жумушчу күндүн ичинде райондун мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн комиссиянын кароосуна жиберет.

3. Райондун мамлекеттик администрациясы которулуучу жер участогу жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, арыз ээсинин жана жергиликтүү кызматтардын: архитектура жана курулуш (жерлерди "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууда), айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы (токой фондунун жерлерин же токой фондунун жерлерине, өзгөчө коргоодогу жаратылыш ресурстарынын жерлеринин категориясына которууда), айыл жана суу чарбасын, саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдар, энергетика, жерлерди пайдаланууну жана коргоону контролдоо боюнча инспекция өкүлдөрүнүн катышуусу менен комиссия (мындан ары - райондук комиссия) түзөт. Райондук комиссияны райондун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары жетектейт.

Райондук комиссия он жумушчу күндүн ичинде райондун мамлекеттик администрациясына жер участогун которуунун мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду берет.

4. Жер участогун которуу маселеси боюнча терс корутунду болгон учурда райондун мамлекеттик администрациясы арыз ээсине баш тартуу жөнүндө негизделген билдирүүнү комиссиянын корутундусу менен жиберет.

5. Жерди курулуш үчүн которуу жөнүндө маселе оң чечилгенде райондук комиссия корутундуга участокко куруунун белгиленген тартипте макулдашылган башкы планын же анын негизинде иштелип чыккан шаар куруу документтерин жана техникалык-экономикалык негиздемени тиркейт.

6. Райондук комиссиянын оң корутундусу алынгандан кийин атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жерлерди которууга төмөнкү документтерден турган жерге жайгаштыруу көктөмөсүн түзөт:

1) арыз;

2) участокко куруунун белгиленген тартипте макулдашылган башкы планы же анын негизинде иштелип чыккан шаар куруу документтери жана техникалык-экономикалык негиздеме;

3) айыл чарба багытындагы жана (же) токой фондунун жерлерин которууда болуучу жоготуулардын эсеби;

4) ар бир менчик ээси жана жер пайдалануучу боюнча чарба жерлеринин түрлөрү боюнча жерлердин экспликациясы;

5) чектерин жана масштабын көрсөтүү менен жер участогунун планы;

6) райондук комиссиянын корутундусу;

7) калктуу конуштардын аймактарына кеңейтүүдө жана жаңы калктуу конушту түзүүдө - өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Программанын көчүрмөсү;

8) түшүндүрмө кат.

Жер участогун которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу материалдары он жумушчу күндүн ичинде өзүнүн чечимин чыгаруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кароосуна киргизилет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими жергиликтүү мамлекеттик администрациянын кароосуна келип түшөт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жерди которуу боюнча материалдарды он жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө карайт жана өзүнүн компетенциясынын чектеринде жерлерди которуу жөнүндө же которууга макулдугу тууралуу чечим чыгарат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрация:

1) компетенциясынын алкактарында кабыл алынган жерлерди которуу жөнүндө чечимди атайын ыйгарым укуктуу органга жиберет;

2) компетенциясынын алкактарында кабыл алынган жерлерди которууга макулдук жөнүндө чечимди материалдары менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберет.

7. Жер участокторун которуу же которууга макулдук жөнүндө чечим төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

1) жердин категориясын жана (же) чарба жеринин түрүн өзгөртүү үчүн негизди;

2) жер участогунун жайгашкан жерин, аянтын жана кадастрдык маалыматы;

3) которуу жүзөгө ашырылуучу жерлердин категориясын жана түрүн, жана которуу жүзөгө ашырылуучу чарба жерлеринин категориясын жана түрүн.

Жер участогун которуу жөнүндө же болбосо жер участогун которуудан баш тартуу тууралуу чечим соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.

8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторун которууга чектөөлөр коюлган же болбосо мындай которууга тыюу салынган учурларда жер участокторун которууга жол берилбейт.

9. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын демилгеси боюнча жүргүзүлүүчү жер участокторун бир категориядан башкасына же чарба жерлеринин башка түрүнө которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо менен байланышкан иштерди каржылоо жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен; ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын демилгеси боюнча жана жер участокторунун менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын арыздары боюнча - жеке каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

10-берене. Жерлерди которууга байланыштуу жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү

1. Жерди которуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде жергиликтүү каттоо органына жиберилет.

Жергиликтүү каттоо органы он жумушчу күндүн ичинде жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизет.

Которулган жер участогуна укукту ырастоочу документ берилген учурдан тартып жерлерди которуу болду деп эсептелет.

2. Жерди которууда чечим кабыл алынган жер участокторуна укук белгилөөчү документтерди кайра жол-жоболоштуруу талап кылынбайт. Жер участогуна укукту ырастоочу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет же укук ээсинин арызы боюнча жер участогуна укукту ырастоочу жаңы документ берилет.

11-берене. Жер алып коюлган учурда, анын ичинде мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн жер участокторун сатып алуу жолу менен жерлерди которуу

1. Жер алып коюлганына, анын ичинде жеке турак жай куруу, мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн сатып алуу жолу менен жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү зарыл болгон учурда, бул жер участогун жерлердин бир категориясынын курамынан башкасына которуу ал алып коюлгандан, сатып алынгандан кийин жүзөгө ашырылат.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы алып коюлган, анын ичинде сатып алуу жолу менен алынган жер участогун кызыкдар жеке же юридикалык жакка бергенге чейин аны белгилүү бир категориядагы жердин курамынан бул жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыз кылуучу категорияга которууну жүзөгө ашырууга милдеттүү.

3. Жеке менчикте турган жер участоктору участокко куруунун башкы планына же анын негизинде иштелип чыккан шаар куруу документтерине туш келип калган учурда, жеке турак жай куруу, мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн жер участокторун белгиленген тартипте алып коюу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жерлерди которууга чейин жүргүзүлөт.

(КР 2017-жылдын 1-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-глава
Жер участокторун которуунун өзгөчөлүктөрү

12-берене. Айыл чарба багытындагы жер участокторун которуунун өзгөчөлүктөрү

1. Айыл чарба багытындагы жерлерди башка категорияга которууга төмөнкүлөр менен байланышкан учурларда жол берилет:

1) жерлерди консервациялоо менен;

2) жерлерди экологиялык, илимий, жаратылышты коргоо, тарыхый-маданий, рекреациялык багыттагы жерлерге киргизүүгө байланыштуу өзгөчө корголгон жаратылыш аймактарын түзүү менен;

3) шаар куруу документтеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Программанын негизинде калктуу конуштардын аймактарын түзүү жана кеңейтүү менен;

4) жайгаштыруунун башка жолдору болбогондо аскердик, өнөр жай объекттерин жайгаштыруу менен;

5) айыл чарба өндүрүшүн жүзөгө ашыруу үчүн жараксыз жерлерди токой фондунун, суу фондунун жерлеринин же запастагы жерлердин курамына киргизүү менен;

6) жолдорду, электр өткөрүү чубалгыларын, байланыш линияларын, мунай өткөргүчтөрдү, газ өткөргүчтөрдү жана башка өткөрмө түтүктөрдү, темир жол линияларын куруу менен;

7) тиешелүү объекттерди жайгаштыруунун башка жолдору болбогондо Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин аткаруу менен, өлкөнү коргоону жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу менен;

8) жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору болгондо пайдалуу кендерди алуу менен;

9) бул объекттерди жайгаштыруунун башка жолдору болбогондо социалдык, коммуналдык-тиричиликтик багыттагы объекттерди, саламаттык сактоо, билим берүү объекттерин жайгаштыруу менен.

2. Кыйла баалуу айыл чарба жерлерин азыраак баалууга которуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) сугат айдоо жерлерин кайракка которуу үчүн - жерлердин агромелиорациялык, кыртыштык мүнөздөмөлөрүнүн алардын иш жүзүндө пайдаланылышына ылайык келбегендиги, сугаруу булагы менен байланышын жоготушу;

2) көп жылдык бак-дарактарды сугат айдоо жерине которуу үчүн - бак-дарактардын картайышы, алардын сейректиги, бак-дарактардын тукумдук жана ылгамдык курамынын канааттанаарлык эместиги;

3) чабындыларды жана жайыттарды башка түрлөргө которуу үчүн - жердин чөлгө айланышы, шалбаа өсүмдүктөрүнүн бузулушу, сейректениши.

Кыйла баалуу айыл чарба жерлерин азыраак баалууга которуу үчүн айыл чарба жерлеринин сапаттык абалына таасир көрсөтүүчү айыл чарба жерлеринин эң төмөнкү азыктуулугу, кыртыштын туздуулугунун деңгээли боюнча абалы, шордуулугу, бузулгандыгы, эрозиялуулугу, майда таштардын болушу, механикалык курамы да эске алынат.

Баалуулугунун теңдештигин эске алуу менен айыл чарба жерлери азыктуулугу боюнча төмөнкү топторго бөлүнөт:

1) сугат айдоосу көп жылдык бак-дарактардын баалуулугу теңдеш айыл чарба жери болуп саналат жана тескерисинче;

2) кайрак айдоосу кысыр аңыздын баалуулугу теңдеш айыл чарба жери болуп саналат жана тескерисинче;

3) жайыт чабындынын баалуулугу теңдеш айыл чарба жери болуп саналат жана тескерисинче.

Айыл чарба жерлерин чарба жеринин бир түрүнөн башкасына которуу атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан анын компетенциясынын алкактарында жер участогу, участоктордун тобу, сугат массиви боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Сугат айдоо жерлерин башка категорияга которуу жерлердин башка категорияларынан же чарба жерлеринин түрлөрүнөн сугат айдоо жерине барабар аянтты өзүнүн, зайымдык каражаттардын жана инвестициялардын эсебинен өздөштүргөндөн кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же болбосо алардын укук улантуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары болуп саналган органдардын тиешелүү чечимдери бар сугат айдоо жерлеринин жер-участокторун которуу (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

13-берене. Өзгөчө корголуучу аймактардын жер участокторун которуунун өзгөчөлүктөрү

Эгерде алар өзгөчө жаратылышты коргоо, илимий, тарыхый-маданий, эстетикалык, рекреациялык жана башка бөтөнчө баалуу маанисин жоготконуна байланыштуу аларды максаттуу багыты боюнча пайдалануу мүмкүн болбой калган учурда, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин башка категорияга которуу мамлекеттик экологиялык экспертизанын жана башка экспертизалардын корутундулары болгондо айлана чөйрөнү коргоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

14-берене. Токой фондунун жер участокторун которуунун өзгөчөлүктөрү

Токой фондунун жерлерин которууга төмөнкү учурларда жол берилет:

1) өлкөнү коргоо жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгына байланыштуу;

2) өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарын түзүү максатында - жерлерди жаратылышты коргоо, тарыхый-маданий, рекреациялык жана башка өзгөчө баалуу багыттагы жерлерге киргизүү менен, мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгондо;

3) эгерде алардын максаттуу багытын өзгөртүү токой курулуш документтери же аймактык пландоо документтери жана аймактарды саламаттык сактоо объекттерин, маданий-тиричиликтик, турак жай-коммуналдык, социалдык багыттагы объекттерди куруу жана пайдалануу үчүн пландоо боюнча документтер менен каралганда;

4) бекитилген башкы пландын негизинде калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүүдө;

5) бул объекттерди жайгаштыруунун башка мүмкүн болгон варианттары болбогондо, мамлекеттик же муниципалдык маанидеги объекттерди жайгаштырууда;

6) жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору жана мамлекеттик органдардын экспертизаларынын корутундусу болгондо, пайдалуу кен байлыктарды казып алууга байланыштуу.

15-берене. Суу фондунун жерлерин которуунун өзгөчөлүктөрү

1. Суу фондунун жерлерин которууга төмөнкү учурларда жол берилет:

1) өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарын түзүүгө байланыштуу;

2) бекитилген башкы пландын негизинде калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүүдө;

3) бул объекттерди жайгаштыруунун башка варианттары болбогондо, мамлекеттик же муниципалдык маанидеги объекттерди жайгаштырууда;

4) мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу жана жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору болгондо, пайдалуу кен байлыктарды казып алууга байланыштуу;

5) мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгондо, суу объекттеринин иштешин токтогонуна, нугунун, чек арасынын өзгөрүүсүнө жана суу объекттеринин жайгашкан жерин башка өзгөрүүлөрүнө байланыштуу.

2. Башка категориядагы жер участокторун суу фондунун жер участокторуна которууга төмөнкү учурларда жол берилет:

1) эгерде жер участокторун суу объекттери ээлеп турса;

2) суу сактагычтарды жана башка жасалма суу объекттерин, ошондой эле суу объекттеринде жайгашкан гидротехникалык жана башка курулмаларды курууда;

3) суулардын нугу өзгөрүлгөндө жана суу объекттеринин жайгашкан жеринин башка өзгөртүүлөрүндө.

16-берене. Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жер участокторун которуунун өзгөчөлүктөрү

1. Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жер участокторун которуу өнөр жай, транспорт жана коргоо маселелерин жөнгө салуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын алдын ала макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

2. Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы бузулган, булганган же бузулууга жаткан (анын ичинде жер алдындагы) имараттар, курулуштар, курулмалар менен жык толуп кеткен жер участокторун жерлердин башка категориясына которууга жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору болгондо жол берилет.

17-берене. Запастагы жерлердин курамынан жер участокторун которуунун өзгөчөлүктөрү

Запастагы жерлердин курамынан жер участогун жерлердин башка категориясына которуу бул жер участогун андан ары пайдалануунун максаттарына жараша жүргүзүлөт.

18-берене. Пайдалуу кен байлыктары бар жер участокторун которуу

1. Пайдалуу кен байлыктар жайгашкан жер участокторуна кен байлыктарды пайдалануу маселесин жөнгө салуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча чектөөлөр киргизилет.

2. Пайдалуу кен байлыктар бар жер участогуна чектөөлөрдү киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3-глава
Корутунду жоболор

19-берене. Жер участокторун белгилүү бир категорияга кошуу

1. Жер участокторун Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген жерлердин бир категориясына кошуу милдеттүү болуп саналат.

2. Жер участокторунун мамлекеттик жер кадастрынын документтеринде көрсөтүлгөн жерлердин белгилүү бир категориясына таандыктыгы жөнүндө маалыматтар менен жер участокторуна укук белгилөөчү документтерде же жерге укукту ырастоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын ортосунда карама-каршылыктар болгондо, эгерде мындай документтер ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин алынган болсо, жер участокторун белгилүү бир категориядагы жерлерге кошуу жер участокторуна укук белгилөөчү документтерде же жерге укукту ырастоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде, жер участокторунун укук ээлеринин арыздары боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Эгерде жердин категориясы мамлекеттик жер кадастрынын документтеринде, жер участогуна укук белгилөөчү документтерде же жерге укукту ырастоочу документтерде көрсөтүлбөгөн учурда, жер участогун пайдалануунун максатына жараша, жер участогун жерлердин белгилүү бир категориядагы жерлерине кошуу тууралуу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актысы кабыл алынат.

20-берене. Жеке менчикте турган жерлерди которуунун өзгөчөлүктөрү

1. Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 12-пунктунда белгиленген жер участокторун кошпогондо, жеке менчикте турган жер участоктору шаар куруу документтеринин, куруу жана шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарынын жерин пайдалануу эрежелеринин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленген тартипте жерлер алынгандан кийин жеке турак жай курулушуна которулат.

2. Жеке менчикте турган жерлерди "Өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу (мамлекеттик коруктардын, улуттук жаратылыш парктарынын, заказниктердин (аңчылыкты кошпогондо), жаратылыш эстеликтеринин, ботаникалык бактардын, дендрологиялык жана зоологиялык парктардын жерлери, ден соолукту чыңдоо багытындагы жаратылыш аймактары) жер алынгандан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2018-жылдын 2-августундагы N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзамдын 12-беренесинин 3-бөлүгү "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине жайылтылбасы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:

1) ушул Мыйзамдан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларын иштеп чыксын, анын ичинде шаарларды жана айылдык калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн башкы пландарын кайра карасын;

2) Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же болбосо алардын укук улантуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары болуп саналган органдардын тиешелүү чечимдери бар айыл чарба жерлеринин сугат айдоо жерлеринин жер участокторун трансформациялоого мораторийдин колдонулушун жайылтпоону караган "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү толуктоолор иштелип чыксын;

3) сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргенден кийин айыл чарба багытындагы жерлерге мыйзамсыз курулуштарга, ошондой эле көрүстөндөргө бөлүнгөн жерлерди максатсыз пайдаланууга жол берген жактардын жоопкерчилигин белгиленген тартипте карасын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулушуна жатпаган айыл чарба жерлерин бул шаарлардын өзгөчө статустарын мыйзамдуу жөнгө салганга чейин Бишкек жана Ош шаарларын өнүктүрүүнүн башкы планына киргизилген шаар четинин зоналарындагы жерлердин башка категорияларына жана чарба жерлеринин түрлөрүнө которууну токтото турсун.

(КР 2018-жылдын 2-августундагы N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

А.Ш. Атамбаев