Система Orphus

КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\4d397c8a-5087-4b35-881d-bf6f864cc5e7\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 24-июлу № 157

"Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 2, 91-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-статья менен толукталсын:

"15-1-статья. Терс негиздер боюнча муниципалдык кызматтан

бошотулган адамдардын реестри

 

Терс негиздер боюнча муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын реестри Эмгек кодексинин 83-статьясынын 5-пунктунда, 6-пунктунун "а", "б", "в", "д" пунктчаларында, 7, 9, 10 жана 11-пункттарында каралган негиздер боюнча ээлеген кызматтан бошотулган муниципалдык кызматчылар жөнүндө жеке маалыматтарды камтыйт.

Терс негиздер боюнча муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын реестрин мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.

Терс негиздер боюнча муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын Реестрин түзүүнүн, жүргүзүүнүн, өзгөртүүнүн жана толуктоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

Терс негиздер боюнча муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын Реестри бошогон администрациялык кызмат орундарды ээлөөгө конкурстук тандоодо колдонулушу мүмкүн. Реестрдин маалыматтары талапкерди ишке алуудан баш тартуу үчүн негиз болуп кызмат кылбайт.".

2. 33-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын:

"Муниципалдык кызматчынын наамын булгаганы үчүн муниципалдык кызматчы Эмгек кодексинин 83-статьясынын 5-пунктунда, 6-пунктунун "а", "б", "в", "д" пунктчаларында, 7, 9, 10 жана 11-пункттарында каралган негиздер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын администрациясынын демилгеси боюнча кызматтан бошотулган учурда, аталган органдын администрациясы жети күндүк мөөнөттө тиешелүү маалыматты мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.

Муниципалдык кызматчыны ушул статьянын 4-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча кызматтан бошотуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими соттун күчүнө кирген актысы менен жокко чыгарылса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жети күндүк мөөнөттө мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул жөнүндө маалымдоого милдеттүү.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.

 

4-берене.

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев