Система Orphus

КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7ed3963f-e385-476c-bebd-ec12e5dd2ae0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 24-июлу № 158

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 13-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:

"- терс негиздер боюнча мамлекеттик кызматтан бошотулган адамдардын Реестрин жүргүзөт;".

2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-статья менен толукталсын:

"16-1-статья. Терс негиздер боюнча мамлекеттик кызматтан

бошотулган адамдардын Реестри

 

Терс негиздер боюнча мамлекеттик кызматтан бошотулган адамдардын Реестри ушул Мыйзамдын 31-статьясынын "д-з" жана "н" пункттарында каралган негиздер боюнча мурда ээлеген кызмат орундарынан бошотулган мамлекеттик кызматчылар жөнүндө жеке маалыматтарды камтыйт.

Терс негиздер боюнча мамлекеттик кызматтан бошотулган адамдардын Реестрин түзүүнүн, жүргүзүүнүн, өзгөртүүнүн жана толуктоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Терс негиздер боюнча мамлекеттик кызматтан бошотулган адамдардын Реестри бош администрациялык кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоодо пайдаланылышы мүмкүн. Реестрдин маалыматтары талаптануучуну жумушка алууда баш тартуу үчүн негиз катары кызмат кылуусу мүмкүн эмес.".

3. 31-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:

"Мамлекеттик кызматчынын наамын булгаганына байланыштуу мамлекеттик органдын демилгеси боюнча мамлекеттик кызматчыны ушул статьянын "д-з" жана "н" пункттарында каралган негиздер боюнча бошотууда аталган орган жети күндүк мөөнөттө мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ошол маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

Мамлекеттик органдын мамлекеттик кызматчыны ушул статьянын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча кызматтан бошотуу жөнүндө чечими соттун күчүнө кирген актысы менен жокко чыгарылса, мамлекеттик орган жети күндүк мөөнөттө мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул жөнүндө маалымдоого милдеттүү.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.

 

4-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев