Система Orphus

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 11-январы № 2

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-статьяда "жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын" деген сөздөр ", башка мыйзамдарды жана алардан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 16-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16-статья. Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды сактоонун, ыйгаруунун, ажыратуунун жана төмөндөтүүнүн тартиби

Аскердик наамдарда, класстык чендерде, атайын класстык чендерде жана атайын наамдарда болуунун мөөнөтү тиешелүү мыйзамдар менен белгиленет. Эгерде аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды сактоонун, ыйгаруунун, ажыратуунун жана төмөндөтүүнүн тартиби, ошондой эле аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды алуу үчүн коюлуучу талаптар тиешелүү мыйзамдар менен аныкталбаса, алар алардан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.".

 

2-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

4-берененин 3-бөлүгүндө:

онунчу абзацы "караган башка кызматтарды" деген сөздөрдөн кийин "үзгүлтүксүз" деген сөз менен толукталсын:

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Полковник" аскердик наамына ээ болгон жана штаттык категориялары жогорку аскердик наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган кызмат орундарына дайындоого чейин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлегендердин саясий жана жогорку администрациялык кызмат орундарын ээлеген мөөнөтү "генерал-майор" жогорку аскердик наамын ыйгарууга каралган мөөнөткө эсептелинет.".

 

3-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 734-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

47-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Атайын класстык ченде болуунун төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленет:

1) кенже юристтин - 1 жыл;

2) 3-класстагы юристтин - 2 жыл;

3) 2-класстагы юристтин - 3 жыл;

4) 1-класстагы юристтин - 4 жыл;

5) юстициянын 3-класстагы кеңешчисинин - 5 жыл;

6) юстициянын 2-класстагы кеңешчисинин - 6 жыл.

Юстициянын 1-класстагы кеңешчисинин ченинде болуунун мөөнөттөрү ушул берененин 3-бөлүгүнүн тогузунчу абзацында каралган учурлардан тышкары белгиленбейт.

"Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" - жогорку атайын класстык чени Башкы прокурордун кызматын ээлеген адамга 6 айдан эрте эмес, ал эми жогорку атайын класстык чени бар адамдардын ээлөөсүн караган башка кызматтарды үзгүлтүксүз ээлеген адамдарга, - алар дайындалган күндөн тартып 2 жылдан эрте эмес ыйгарылат.

"Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси" атайын класстык ченине ээ болгон жана штаттык категориялары жогорку атайын класстык чени бар адамдардын ээлөөсүн караган кызмат орундарына дайындоого чейин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлегендердин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мөөнөтү "юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" жогорку атайын класстык ченин ыйгарууга каралган мөөнөткө эсептелинет.

Класстык ченде жана аскердик наамда болуунун мөөнөттөрү мыйзамдар менен белгиленген тартипте аныкталат.

Прокурордук кызматкерлерге атайын класстык чендер, класстык чендер жана аскердик наамдар ээлеген кызмат ордун, атайын класстык ченде, класстык ченде жана аскердик наамда болуунун мөөнөтүн, аттестациянын натыйжаларын эске алуу менен ушул Мыйзам менен аныкталган тартипте ыйгарылат.".

 

4-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 24-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

6-берененин 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16. Ар бир атайын наамда болуунун мөөнөттөрү төмөнкүлөрдү түзүшү керек:

1) салык кызматынын кенже инспектору - 1 жыл;

2) салык кызматынын 3-рангдагы инспектору - 2 жыл;

3) салык кызматынын 2-рангдагы инспектору - 3 жыл;

4) салык кызматынын 1-рангдагы инспектору - 4 жыл;

5) салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчиси - 5 жыл;

6) салык кызматынын 2-рангдагы кеңешчиси - 6 жыл.

Атайын наамда болуунун мөөнөттөрү атайын наам ыйгарылганы жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн тартып эсептелет.

Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчисинин атайын наамында болуунун мөөнөтү ушул пункттун онунчу абзацында каралган учурлардан тышкары белгиленбейт.

"Салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси" - жогорку атайын наамы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын кызматын ээлеген адамга 6 айдан эрте эмес, ал эми жогорку атайын наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган башка кызматтарды үзгүлтүксүз ээлеген адамдарга, - алар дайындалган күндөн тартып 2 жылдан эрте эмес ыйгарылат.

"Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси" атайын наамына ээ болгон жана штаттык категориялары жогорку атайын наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган кызмат орундарына дайындоого чейин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлегендердин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мөөнөтү "салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси" жогорку атайын наамын ыйгарууга каралган мөөнөткө эсептелинет.".

 

5-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 502-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

14-статьяда:

1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кенже, орто жана улук башкаруу курамындагы атайын наамдар боюнча бажы органдарынын кызматкерлеринин төмөнкүдөй кызмат өтөө мөөнөттөрү белгиленет:

1) бажы кызматынын прапорщиги - 5 жыл;

2) бажы кызматынын кенже лейтенанты - 1 жыл;

3) бажы кызматынын лейтенанты - 2 жыл;

4) бажы кызматынын улук лейтенанты - 3 жыл:

5) бажы кызматынын капитаны - 4 жыл;

6) бажы кызматынын майору - 5 жыл;

7) бажы кызматынын подполковниги - 6 жыл;

8) бажы кызматынын полковниги - ушул пункттун онунчу абзацында каралган учурлардан тышкары белгиленбейт.

Катардагы, кенже сержанттын, сержанттын, улук сержанттын, старшинанын, улук прапорщиктин атайын наамдарында кызмат өтөө мөөнөттөрү белгиленбейт.

"Бажы кызматынын генерал-майору" - жогорку атайын наамы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын кызматын ээлеген адамга алты айдан эрте эмес, ал эми штаттык категориялары жогорку атайын наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган башка кызматтарды үзгүлтүксүз ээлеген адамдарга, - алар дайындалган күндөн тартып 2 жылдан эрте эмес ыйгарылат.

"Бажы кызматынын полковниги" атайын наамына ээ болгон жана штаттык категориялары жогорку атайын наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган кызмат орундарына дайындоого чейин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлегендердин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлегендердин мөөнөтү "бажы кызматынын генерал-майору" жогорку атайын наамын ыйгарууга каралган мөөнөткө эсептелинет.";

2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

 

6-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

7-1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-4-бөлүктөр менен толукталсын:

"Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин офицердик курамынын атайын наамдарында төмөнкүдөй кызмат өтөө мөөнөтү белгиленет:

милициянын (ички кызматтын) кенже лейтенанты - 1 жыл;

милициянын (ички кызматтын) лейтенанты - 2 жыл;

милициянын (ички кызматтын) улук лейтенанты - 3 жыл;

милициянын (ички кызматтын) капитаны - 4 жыл;

милициянын (ички кызматтын) майору - 5 жыл;

милициянын (ички кызматтын) подполковниги - 6 жыл;

милициянын (ички кызматтын) полковниги - ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары белгиленбейт.

"Милициянын (ички кызматтын) генерал-майору" - жогорку атайын наамы ички иштер министринин кызматын ээлеген адамга 6 айдан эрте эмес, ал эми жогорку атайын наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган башка кызматтарды үзгүлтүксүз ээлеген адамдарга, - алар дайындалган күндөн тартып 2 жылдан эрте эмес ыйгарылат.

"Милициянын (ички кызматтын) полковниги" атайын наамына ээ болгон жана штаттык категориялары жогорку атайын наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган кызмат орундарына дайындоого чейин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлегендердин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мөөнөтү "милициянын (ички кызматтын) генерал-майору" жогорку атайын наамын ыйгарууга каралган мөөнөткө эсептелинет.".

 

7-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул Мыйзамдын атайын наамдарды жана атайын класстык чендерди ыйгаруу бөлүгүндө колдонулушу кезектеги атайын наамды жана атайын класстык ченди ыйгарган учурдан тартып башталат.

Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

      Президенти

 

А.Атамбаев