КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 31-декабры № 469-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам демилгелөө укугун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (мындан ары - 2019-жылга план) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2019-жылга планды ишке ашырууга жооптуу министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор:
1) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинин экспертизалардын адистештирилген түрлөрүн, коомдук талкууну, жөнгө салуу таасирин талдоону милдеттүү түрдө жүргүзүү жөнүндө талаптарын эске алуу менен белгиленген мөөнөттөрдө 2019-жылга планда каралган мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылышсын;
2) эки жумалык мөөнөттө мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландарын бекитишсин;
3) мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландары бекитилген күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине беришсин;
4) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей 2019-жылга пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) 2019-жылга пландын аткарылышын контролдосун;
2) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2019-жылга пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчет берсин;
3) зарыл болгон учурда 2019-жылга план боюнча жооптуу аткаруучулар болуп саналган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрсүн.
4. 2019-жылга планда көрсөтүлгөн мыйзамдардын долбоорлорун өз убагында жана сапаттуу иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү үчүн жеке жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле жетекчилердин тескеген орун басарларына жүктөлсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-февралындагы № 58-б буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 401-б буйругу.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|
М.Д.Абылгазиев |
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылга мыйзам долбоорлоо
иштеринин
ПЛАНЫ
№ |
Мыйзам долбоорунун аталышы |
Мыйзам долбоорун демилгелөөнүн максаты, ошондой эле иштелип чыгуучу мыйзам долбоорун ишке ашыруучу ченемдик укуктук акты |
Жооптуу аткаруучу-мамлекеттик органдын аталышы жана кошо аткаруучулар |
Долбоорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү мөөнөтү |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жактыруу жөнүндө токтомун кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү мөөнөтү |
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү тармагында | |||||
1 |
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө (Стандарттуу операциялар (жеңилдетилген шарттарда) (Бириктирүүчү жол долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, 2-фаза-Кошумча каржылоо) макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жол долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, 2-фаза-Кошумча каржылоо) макулдашууну ратификациялоо тууралуу |
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында |
ТЖМ |
II квартал |
II квартал |
2 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө |
Мамлекеттик ички жол жоболорду жүргүзүү максатында |
ӨЭЖМК |
III квартал |
IV квартал |
3 |
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("САSА-1000" жергиликтүү жамааттарга колдоо көрсөтүү долбоору) жана "САSА-1000" көп тараптуу донордук максаттуу фондунун тескөөчүсү катары Кыргыз Республикасынын, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун "САSА-1000" электр энергиясын Борбордук жана Түштүк Азияда өткөрүү жана сатуу долбоорунун гранты жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу |
Мамлекеттик ички жол жоболорду жүргүзүү максатында |
ӨЭЖМК |
III квартал |
IV квартал |
Бюджеттик мамилелер тармагында | |||||
4 |
Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине шайкеш келтирүү |
ФМ |
I квартал |
II квартал |
5 |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджетинин негизги параметрлеринин аткарылышын бекитүү максатында |
СФ |
II квартал |
II квартал |
6 |
Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу |
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу үчүн |
ФМ |
II квартал |
II квартал |
7 |
"Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу үчүн |
ФМ |
IV квартал |
IV квартал |
8 |
Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу үчүн |
ФМ |
III квартал |
IV квартал |
9 |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджетинин жана 2021-2022-жылдарга болжолунун бекитилген параметрлерин аткаруу максатында |
СФ |
III квартал |
IV квартал |
10 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу үчүн |
ММКФ |
III квартал |
IV квартал |
Дене тарбия жана спорт тармагында | |||||
11 |
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин системасында электрондук башкарууну ишке киргизүү жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында |
Жаштар жана спорт агенттиги |
III квартал |
IV квартал |
Саламаттык сактоо тармагында | |||||
12 |
Биологиялык коопсуздук жана биологиялык коргоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын жарандарын биологиялык коопсуздук жана биологиялык коргоо менен камсыздоо максатында |
ССМ |
IV квартал |
IV квартал |
Почта байланыш тармагында | |||||
13 |
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
2017-жылдын 1-декабрындагы № 7 Жөнгө салуучулук реформа боюнча кеңештин жыйынынын протоколунун 1.4-пунктун аткаруу үчүн жана почта байланышы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кайталанган ченемдерди алып салуу максатында |
МТБМК |
II квартал |
III квартал |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында | |||||
14 |
Айрым калктуу пункттарды айыл категориясына киргизүү жөнүндө |
Айылдарды өз алдынча жана натыйжалуу өнүктүрүү максатында |
ЖӨБ жана этностор агенттиги |
IV квартал |
IV квартал |
Экономикалык иш тармагында | |||||
15 |
Банкроттук процесстер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
Банкроттук жол-жобосун жөнгө салуу, кредиторлордун укуктарын коргоо, ошондой эле "Бизнес жүргүзүү" эл аралык рейтингиндеги "Төлөө жөндөмсүздүгүн чечүү" индикатору боюнча Кыргыз Республикасынын рейтингдик көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында |
ЭМ |
I квартал |
III квартал |
16 |
"Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
Мыйзамдуу метрологиянын эл аралык уюмунун (МОЗМ) документтерине ылайык текшерүүчү лабораторияларды аккредитациялоо бөлүгүндө "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын оптималдаштыруу максатында |
ЭМ |
II квартал |
IV квартал |
17 |
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону өркүндөтүү максатында |
ЭМ |
III квартал |
IV квартал |
Миграция тармагында | |||||
18 |
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы миграция жөнүндө", "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы коллизияларды жоюу максатында жашап турууга уруксат берүүгө документтерди кабыл алуу, аларды кароо жана берүү боюнча мамлекеттик органдын функцияларын аныктоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жашап турууга уруксат алуусунун тартибин өзгөртүү бөлүгүндөгү коллизияларды жоюу максатында |
ММК |
I квартал |
II квартал |
19 |
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
Ыйгарым укуктуу органдын терс чечимине карабастан, качкын статусун алуу үчүн кайталап өтүнмө менен кайрылуу мүмкүндүгүн берүү максатында |
ММК |
III квартал |
IV квартал |
Жаныбарларды коргоо тармагында | |||||
20 |
Жаныбарларды коргоо жөнүндө |
Мыйзамдарды Жаныбарлардын саламаттыгын сактоонун дүйнөлүк уюмунун Кургактагы жаныбарлардын саламаттыгы жөнүндө кодексинин стандарттарына шайкеш келтирүү максатында |
Ветфитосан инспекция |
II квартал |
III квартал |
Айыл чарба тармагында | |||||
21 |
"Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
Айыл чарба кооперативдеринин натыйжалуу иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында |
АЧТММ |
II квартал |
III квартал |
Пенсиялык фонд тармагында | |||||
22 |
"Кыргыз Республикасынын топтолмо пенсиялык фонддору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
Топтолмо пенсиялык фонддор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу максатында |
Мамфинкөзөмөл |
I квартал |
II квартал |
Китепкана иши тармагыңда | |||||
23 |
"Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында |
ММТМ |
II квартал |
IV квартал |
Аудитордук иш тармагында | |||||
24 |
Кыргыз Республикасынын аудитордук иши жөнүндө |
Кыргыз Республикасындагы финансылык отчетту жана аудитти жөнгө салуу саясатын реформалоо жана модернизациялоо максатында |
Мамфинкөзөмөл |
III квартал |
IV квартал |
Жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасы тармагында | |||||
25 |
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу максатында |
ЖАМК |
III квартал |
IV квартал |
26 |
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу максатында |
ЖАМК |
III квартал |
IV квартал |