Система Orphus

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\8b589004-a690-4456-8c6c-4782e968939a\document.files\image001.jpg

1999-жылдын 15-октябры № 111

Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө

(КР 2014-жылдын 30-майындагы № 82 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

I Глава
 Жалпы жоболор

 

1-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу жааты

Ушул Мыйзам коммерциялык эмес уюмдарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында аракеттенген чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, алардын ишине, кайра уюштурулушуна жана жоюлушуна байланыштуу келип чыгуучу коомдук мамилелерди жөнгө салат.

Ушул Мыйзамдын аракети коомдук бирикмелер, фонддор жана мекемелер түрүндө түзүлгөн коммерциялык эмес уюмдарга жайылтылат. Ушул Мыйзамдын колдонулушу алардын статусу, түзүлүшүнүн тартиби менен ишинин принциптери айрым Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынуучу саясий партияларга, кесиптик бирликтерге, диний уюмдарга жана кооперативдерге жайылтылбайт.

2-статья. Негизги түшүнүктөр

Коммерциялык эмес уюм - кызыкчылыктардын жалпылыгынын негизинде руханий же башка материалдык эмес керектөөлөрдү өз мүчөлөрүнүн жана (же) бүткүл коомдун кызыкчылыгында жеке жана (же) юридикалык жактар тарабынан түзүлгөн, алар үчүн пайда табуу иштин негизги максаты болуп саналбаган, ал эми табылган пайда мүчөлөрдүн, уюштуруучулардын жана кызмат адамдарынын ортосунда бөлүштүрүлбөгөн ыктыярдуу өз алдынча башкарылуучу уюм.

Юридикалык жактардын каттоо ордуна жана жеке жактардын жашаган ордуна же жарандыгына карабастан юридикалык жана аракетке жөндөмдүү жеке жактар коммерциялык эмес уюмдардын уюштуруучулары болушу мүмкүн.

Юридикалык жактардын каттоо ордуна жана жеке жактардын жашаган ордуна же жарандыгына карабастан юридикалык жана жеке жактар коммерциялык эмес уюмдардын мүчөлөрү болушу мүмкүн.

Коммерциялык эмес иш - өз алдынча юридикалык жакты түзүү менен же түзбөстөн жана пайда табууну негизги максат кылып койбогон юридикалык жана (же) жеке жактар тарабынан жеке же биргелешип жүзөгө ашырылуучу иш. Юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзүлүүчү коммерциялык эмес иштин ар бир катышуучусу үчүнчү жактарга зыян келтирген учурда анын ордун толтуруу боюнча мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

Коомдук бирикме - руханий жана башка материалдык эмес керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде бириккен жарандардын ыктыярдуу бирикмеси.

Фонд - ыктыярдуу мүлктүк салымдардын негизинде жана социалдык, кайрымдуулук, маданий, билим берүү же башка коомдук пайдалуу максаттарды көздөгөн жеке жана (же) юридикалык жактар тарабынан уюштурулган мүчөлүгү жок уюм.

Мекеме - башкаруучулук, социалдык-маданий же коммерциялык эмес мүнөздөгү башка милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн менчик ээси тарабынан түзүлгөн жана толугу менен же жарым-жартылай ошол менчик ээси тарабынан каржылануучу уюм.

Коммерциялык эмес уюмдун мүлкү - коммерциялык эмес уюмдун ар кандай мүлкү, анын мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктары ишкердүүлүктөн жана башка иштен алган кирешеси, ошондой эле анын иши жөнүндө коммерциялык маалымат.

3-статья. Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдар

Коммерциялык эмес уюмдардын укуктук абалы, аларды түзүүнүн, ишинин, кайра уюштурулушунун жана жоюлушунун тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.

(КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья. Коммерциялык эмес уюмдарды түзүүнүн жана алардын ишинин принциптери

Бардык коммерциялык эмес уюмдар ыктыярдуулуктун, өз алдынча башкаруунун, мыйзамдуулуктун, маалымдуулуктун жана ачыктыктын негизинде түзүлөт жана иштейт.

Жарандын коммерциялык эмес уюмдун ишине катышуусу же катышпоосу анын укуктары менен эркиндиктерин чектөө үчүн негиз болуп кызмат кылбайт.

Коммерциялык эмес уюмдардын штаттык кызматкерлерине эмгек, социалдык жактан камсыз кылуу жана медициналык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жайылтылат.

5-статья. Мамлекет жана коммерциялык эмес уюмдар

Мамлекет коммерциялык эмес уюмдарга алардын уставдык милдеттерин аткарышы үчүн шарттарга кепилдик берет. Мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен мыйзамдарына ылайык коммерциялык эмес уюмдардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылуу менен алардын ишине колдоо көрсөтөт.

Мамлекеттик колдоо коммерциялык эмес уюмдардын айрым коомдук пайдалуу программаларын максаттуу каржылоо түрүндө, ошондой эле мыйзамдар тарабынан тыюу салынбаган башка түрлөрдө көрсөтүлүшү мүмкүн.

Мамлекеттик органдардын же кызмат адамдарынын коммерциялык эмес уюмдардын ишине кийлигишүүсүнө, ошого тете коммерциялык эмес уюмдардын мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын ишине кийлигишүүсүнө да, мындай мыйзам тарабынан каралган учурларды албаганда, жол берилбейт.

6-статья. Коммерциялык эмес уюмдардын укуктук абалы жана уюштуруучулук-укуктук түрлөрү

Коммерциялык эмес уюмдар алардын мамлекеттик катталуу датасынан тартып юридикалык жактын укуктарын алат.

Коммерциялык эмес уюмдар коомдук бирикмелер, фонддор жана мекемелер түрүндө юридикалык жакты түзүү менен же түзбөстөн уюштурулушу мүмкүн.

7-статья. Коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ассоциациялары (бирликтери)

Коммерциялык эмес уюмдар ишти координациялоо, ошондой эле жалпы кызыкчылыктарга өкүлчүлүк кылуу жана аларды коргоо максатында өз ара келишим боюнча коммерциялык эмес ассоциациялар же бирликтер түрүндөгү бирикмелерди түзүшү мүмкүн.

Ассоциацияларга (бирликтерге) ушул Мыйзамдын жалпы жоболору, ошондой эле коомдук бирикмелерди жөнгө салуучу жоболор жайылтылат.

8-статья. Коммерциялык эмес уюмдардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү

Коммерциялык эмес уюмдар мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө филиалдарды түзүшү жана өкүлчүлүктөрдү ачышы мүмкүн.

Коммерциялык эмес уюмдардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү юридикалык жак болуп саналбайт, аларды түзгөн уюмдардын мүлкүнүн үлүшүн алат жана ал бекиткен жобонун негизинде иштейт. Филиалдын же өкүлчүлүктүн мүлкү өзүнчө баланста жана аларды түзгөн коммерциялык эмес уюмдун балансында эсепке алынат.

Филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчиси коммерциялык эмес уюм тарабынан дайындалат жана ошол уюм ыйгарым укук берген органдан алган ишеним кагаздын негизинде аракеттенет.

Филиал (өкүлчүлүк) өз ишин аны түзгөн уюмдун атынан жүзөгө ашырат. Филиалдын (өкүлчүлүктүн) иши үчүн жоопкерчиликти аны түзгөн уюм тартат.

9-статья. Коммерциялык эмес уюмдарды каттоо

Коммерциялык эмес уюмдарды каттоо юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Коммерциялык эмес уюмдун уставы

Коммерциялык эмес уюмдун уставынын талаптары уюмдун өзү, анын уюштуруучулары, мүчөлөрү (коомдук бирикмелер үчүн), кызмат адамдары жана жетекчи органдары үчүн аткарылууга милдеттүү.

Коммерциялык эмес уюмдун уставында:

- уюмдун аталышы жана кыскартылган аталышы, юридикалык дареги;

- ишинин жүйөсү жана максаты, ишин башкаруунун тартиби;

- башкаруу жана көзөмөлдөө органдары, текшерүү органдары, алардын компетенциясы, шайлоонун, чакыртып алуунун тартиби, ошондой эле кызмат адамдарынын жоопкерчилиги;

- укуктары жана милдеттери, уюмга мүчөлүккө кабыл алуунун жана андан чыгуунун (коомдук бирикме үчүн) тартиби;

- уюмдун уюштуруу документерине өзгөртүүлөр киргизүүнүн тартиби, кайра уюштуруунун жана жоюунун тартиби;

- алар жоюлган учурда мүлкүн бөлүштүрүүнүн тартиби;

- фонддор менен мекемелер үчүн - уюмдан жардам алуучу адамдардын чөйрөсү чектелбеген учурларды албаганда, уюмдан жардам алуучу адамдардын чөйрөсү;

- эгерде мындай каралса, уюмдун ишинин мөөнөтү аныкталууга тийиш.

Устав ушул Мыйзамга каршы келбеген башка жоболорду да камтышы мүмкүн. Эгерде уставдын жобосу ушул Мыйзамдын жоболоруна каршы келсе, анда Мыйзамдын жоболору колдонулат.

Уюмдун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор анын жогорку башкаруу органынын чечими боюнча киргизилет.

11-статья. Коммерциялык эмес уюмдун юридикалык дареги, аталышы жана символдору

Коммерциялык эмес уюмдун анын уюштуруучулук-укуктук түрүн көрсөтүүнү камтыган аталышы болот. Аталышы белгиленген тартипте катталган уюм аны пайдаланууга өзү гана укуктуу.

Коммерциялык эмес уюмдун юридикалык дареги анын башкаруу органы турган жер боюнча аныкталат. Уюмдун юридикалык дареги жеке жактын башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси жашаган жер боюнча болушу да мүмкүн.

(3-бөлүк КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 51 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Коммерциялык эмес уюмдун символу катары желеги, эмблемасы, желекчеси жана башка символикасы болушу мүмкүн. Уюмдун символдору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикасы менен, чет мамлекеттердин символикасы менен, ошондой эле мурда катталган юридикалык жактардын символикасы менен дал келбөөгө тийиш.

(КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Коммерциялык эмес уюмдун иши

Коммерциялык эмес уюм мыйзам тарабынан тыюу салынбаган, уюмдун уставында аныкталган максаттарга жана милдеттерге, программалык документтерге жана башка актыларга каршы келбеген иштин ар кандай түрлөрүн иштөөгө укуктуу.

Коммерциялык эмес уюм өндүрүштүк ишти чарбалык, анын ичинде табылган пайданы уюштуруучулардын, мүчөлөрдүн, кызмат адамдарынын, жана башкаруу органдарынын башка кызматкерлеринин мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрбөстөн иштөөгө укуктуу. Мындай иш, эгерде алар уюмдун максаттарына жана милдеттерине каршы келбесе, товарларды өндүрүү жана сатып өткөрүү, сыйлык акы алуу менен жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү жана ишкерчилик иштин башка түрлөрүн камтышы мүмкүн.

Коммерциялык эмес уюмдардын ишинин айрым түрлөрүн чектөө мыйзам тарабынан гана белгилениши мүмкүн. Мыйзам тарабынан белгиленген учурларда иштин айрым түрлөрү лицензия же атайын уруксат болгондо жүзөгө ашырылат.

13-статья. Кызыкчылыктардын чыр-чатагы

Коммерциялык эмес уюмдун жана кызыккан жактардын ортосундагы уюмдун мүлкүн тескөө менен байланышкан бүтүмдөрү кызыкчылыктардын чыр-чатагынын болушун божомолдойт.

Коммерциялык эмес уюмдун кызмат адамдары, жетекчи органдарынын мүчөлөрү, ошондой эле уюм менен өз мамилелеринин күчүнөн улам уюм тарабынан өз мүлктөрүн тескөөгө таасир көрсөтө алышы мүмкүн болгон, өз уюму менен жеке же өкүлү аркылуу бүтүмдөрдү түзүүчү тараптар кызыккан жактар болуп саналат.

Эгерде коммерциялык эмес уюм кызыккан адамдардын туугандары, ошондой эле алардын кредиторлору менен бүтүмдөрдү түзсө, кызыкчылыктардын чыр-чатагы божомолдонулат.

14-статья. Кызыкчылыктардын чыр-чатагын чечүү

Кызыкчылыктардын чыр-чатагы божомолдонгон бүтүм коммерциялык эмес уюмдун ыйгарым укук берилген органы тарабынан бекитилүүгө тийиш. Кызыккан жак уюмдун ыйгарым укук берилген органына мындай бүтүмдү түзүү жөнүндө ал түзүлгөнгө чейин маалымдоого тийиш.

Эгерде бүтүм ыйгарым укук берилген орган тарабынан бекитилбесе, кызыккан жак кызыкчылыктардын чыр-чатагы бар туруп түзүлгөн бүтүмдүн натыйжасында коммерциялык эмес уюм тарткан бардык зыяндардын ордун толтуруу боюнча жоопкерчилик тартууга тийиш.

Зыяндардын ордун толтурууга кошумча мындай кызыккан жак коммерциялык эмес уюмга мындай бүтүмдү түзүүнүн натыйжасында ал жак тарабынан алынган бүткүл кирешени коммерциялык эмес уюмга кайтарып берүүгө да тийиш.

Эгерде зыяндар бир нече кызыккан жактардын аракеттеринин натыйжасында пайда болсо, алар коммерциялык эмес уюмдун алдында тилектештик жоопкерчилигин тартууга тийиш.

15-статья. Мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги

Коммерциялык эмес уюмдардын ишине чектөөлөргө көмөктөшүүчү шарттардын түзүлүшүнө жол берген мамлекеттик органдар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

16-статья. Коммерциялык эмес уюмду кайра уюштуруу жана жоюу

Коммерциялык эмес уюм Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдары менен каралган тартипте кайра уюштурулушу жана жоюлушу мүмкүн.

Кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан кийин калган мүлк жоюу комиссиясынын же уюмдун уставына ылайык жоюу жөнүндө чечимди кабыл алган органдын чечими боюнча бөлүштүрүлөт.

(КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-статья. Коммерциялык эмес уюмдун ачыктыгы

Коммерциялык эмес уюмдарга келип түшүүлөрдүн түзүмү жөнүндө жана уюмдун мүлкүнүн өлчөмү менен курамы жөнүндө маалыматтар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык мамлекеттик органдарга берилет.

II Глава
 Коомдук бирикмелер

 

18-статья. Жалпы жоболор

Коомдук уюмдар жетүү үчүн өздөрү түзүлгөн максатка ылайык чарбалык, анын ичинде өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.

Коомдук бирикмелердин мүчөлөрү ошол бирикмелер тарабынан менчигине берилген мүлккө укуктарды сактап калбайт.

19-статья. Коомдук бирикмени түзүү

Коомдук бирикме үчтөн кем эмес аракетке жөндөмдүү жеке жак тарабынан аныкталган же аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт.

Коомдук бирикмени уюштуруучулар уюштуруу чогулушун (конференциясын) чакырат, анда коомдук бирикмени түзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, анын уставы бекитилүү менен жетекчи жана контролдоочу-эсептик текшерүүчү органдары түзүлөт.

Коомдук бирикмелер өздөрүнүн бирликтерин, ассоциацияларын жана башка бирикмелерин түзүшү мүмкүн.

20-статья. Коомдук бирикменин жалпы чогулушу

Коомдук бирикменин жогорку органы анын бардык мүчөлөрүнөн турган жалпы чогулуш болуп саналат. Эгерде чечимди кабыл алууда анын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмеси катышса, жалпы чогулуштун кворуму болот.

Төмөнкү маселелер жалпы чогулуштун гана компетенциясын түзөт:

- уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү;

- коомдук бирикменин ишинин артыкчылык берилген багытын аныктоо, анын мүлкүн пайдалануунун тартиби;

- коомдук бирикмеге мүчөлүккө кабыл алуу жана андан чыгаруу (эгерде уставда башкача каралбаса);

- башкаруу органдарын түзүүнүн тартиби;

- иш жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитүү;

- филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү жөнүндө чечим;

- ишке башка юридикалык жактардын катышуусу;

- кайра уюштуруу жана жоюу;

- устав тарабынан коомдук бирикменин башка органдарынын компетенциясына таандык кылынган башка маселелер.

Коомдук бирикме жалпы чогулуштун отурумдарын өткөрүү жолу менен жана мүчөлөрдү жазуу түрүндө сурап билүү жолу менен чечим кабыл алышы мүмкүн. Жалпы чогулуштун отурумун жана жазуу түрүндө сурап билүүнү өткөрүүнүн тартиби устав тарабынан аныкталат.

(КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-статья. Коомдук бирикменин башка башкаруу органдары

Коомдук бирикме башкаруунун башка органдарын түзүшү мүмкүн.

Башкаруунун мындай органдарын түзүүнүн жана ишинин ыйгарым укуктары, тартиби коомдук бирикменин уставы тарабынан жөнгө салынат.

III Глава
 Фонддор

 

22-статья. Жалпы жоболор

Анын уюштуруучулары (уюштуруучусу) тарабынан фондго берилген мүлк фонддун менчиги болуп саналат. Уюштуруучулар өздөрү түзгөн фонддордун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми фонд өз уюштуруучуларынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

Фонд мүлктү фонддун уставы тарабынан аныкталган максат үчүн пайдаланат.

23-статья. Фондду түзүү

Фонд бир же андан көп укукка жөндөмдүү жеке же (жана) юридикалык жактар тарабынан аныкталган же аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт.

Уюштуруучунун (уюштуруучулардын) укуктары уюштуруучунун (уюштуруучулардын) укугу өтүүчүгө берилиши мүмкүн эмес. Ал уюштурулгандан кийин фондго мүлк берген жак уюштуруучунун укуктарын албайт.

24-статья. Фондду нотариаттан ырасталган керээздин негизинде түзүү

Фонд аны түзүү жөнүндө чечимди жана ушул Мыйзамдын 9-статьясынын жоболоруна ылайык башка документтерди камтууга тийиш болгон нотариаттан ырасталган керээздин негизинде түзүлүшү мүмкүн.

Эгерде керээз фондду каттоо үчүн документтерди даярдоого жана ал документтерди каттоо үчүн ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга берүүгө тийиш болгон атайын аткаруучуну аныктабаса, керээз катталган нотариаттык контора керээзди аткаруу боюнча укуктарга жана милдеттерге ээ болгон аткаруучуну дайындоого тийиш.

Эгерде керээздеги фондду түзүү жөнүндө чечим ушул Мыйзамдын 25-

статьясынын талаптарына ылайык келбесе, керээз боюнча аткаруучу, эгерде зарыл болсо, фонддун Башкармасы менен Байкоо кеңешинин мүчөлөрүн дайындашы жана фондду түзүү боюнча керээзде аныкталбаган башка шарттарды аныкташы мүмкүн.

Башкарманын жана Байкоо кеңешинин мүчөлөрүн дайындаганга чейин керээзди аткаруучу фондду түзүү жөнүндө чечимден келип чыгуучу укуктарга жана фонддун уставына ылайык фондго берилген мүлктү башкаруу укугуна ээ болот.

Керээзди аткаруучу керээздин тапшырмасын жүзөгө ашырууга байланыштуу келип чыккан зарыл чыгымдарды, эгерде керээз тарабынан башкача белгиленбесе, иш жүзүндө жасалган негиздүү чыгымдардын суммасынын өлчөмүндө компенсациялоону талап кылууга укуктуу.

Керээзди аткаруучунун ыйгарым укуктары фонд катталгандан же эгерде фондду каттоого мүмкүн болбогондон кийин токтотулат.

25-статья. Фондду түзүү жөнүндө чечим

Фонд уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечими боюнча түзүлүп, ал төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

- фонддун аталышын, юридикалык дарегин;

- уюштуруучулардын - жеке жактардын фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы, дареги, үй жана жумушчу телефондору көрсөтүлгөн тизмени, ошондой эле уюштуруучулардын-юридикалык жактардын аталышы, юридикалык дареги, орду, мамлекеттик каттоонун датасы менен номери жана байланыш телефондору көрсөтүлгөн тизмени;

- уюштуруучулар фондго өткөрүп берүүчү мүлктүн акчалай жана (же) башка түрдөгү жалпы наркын жана аны өткөрүп берүүнүн тартибин;

- фонддун уставын бекитүү жөнүндө;

- фонддун Башкармасынын жана Байкоо кеңешинин мүчөлөрүнүн аттарын жана даректерин.

Бардык уюштуруучулар фондду уюштуруу жөнүндө чечимге кол коюуга жана өздөрү койгон колдорун нотариаттан ырастоого тийиш.

26-статья. Фонддун Башкармасы

Фонддун башкаруучу жана ага өкүлчүлүк кылуучу Башкармасы болот. Фонддун Башкармасы бир жана андан көп мүчөлөрдөн - укукка жөндөмдүү жеке жактардан турушу мүмкүн.

Фондду башкаруунун жүрүшүндө Башкарма фонддун Байкоо кеңешинин мыйзамдуу тескемелерин аткарууга тийиш.

Эгерде фонд өндүрүштүк жана чарбалык башка ишти жүзөгө ашырса, жок эле дегенде алты ай өткөн сайын, эгерде фонд мындай ишти жүзөгө ашырбаса, жыл сайын Байкоо кеңешинин кароосуна фонддун уставдык жана каржылык иши боюнча жазуу түрүндө отчет берип турууга тийиш. Фонддун Башкармасы алардын талабы боюнча фонддун Байкоо кеңешинин мүчөлөрүнө, уюштуруучуларына фондду башкаруу боюнча ар кандай маалыматтарды берүүгө жана, эгерде устав тарабынан башкача каралбаса, анын иши жөнүндө отчетту берүүгө тийиш. Фонддун Башкармасы фонддун материалдык жана каржылык абалына ар кандай коркунуч жөнүндө же мындай коркунучту түзүшү мүмкүн болгон башка жагдайлар тууралу фонддун Байкоо кеңешине токтоосуз кабарлап турууга тийиш.

Фонддун Башкармасынын ыйгарым укуктары фонддун уставында аныкталууга тийиш.

Эгерде отурумда мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса, фонддун Башкармасынын кворуму болот.

27-статья. Фонддун Башкармасынын мүчөлөрүн дайындоо, аларды алмаштыруу жана чакыртып алуу

Фонддун Башкармасынын мүчөлөрү фонддун Байкоо кеңешинин чечими менен дайындалат.

Фонддун Башкармасынын мүчөлөрүнүн курамындагы өзгөрүүлөр, аларды дайындоо жана чакыртып алуу устав тарабынан каралган тартипте фонддун Байкоо кеңешинин чечими боюнча жүргүзүлөт.

Эгерде мындай устав же фонддун Байкоо кеңешинин уставы тарабынан каралбаса, фонддун Башкармасынын мүчөлөрү өз милдеттерин үчүнчү жактарга өткөрүп бере албайт.

Фонддун Башкармасынын мүчөсү өз милдеттерин туруктуу же узак мезгил (алты айдан ашык) аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда фонддун Байкоо кеңеши уставга ылайык фонддун Башкармасынын жаңы мүчөсүн убактылуу дайындашы мүмкүн. Фонддун Башкармасынын убактылуу мүчөсүнүн ыйгарым укуктары фонддун Башкармасынын алгачкы мүчөсүнүн өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү пайда болгон убакытка чейин же фонддун Байкоо кеңеши фонддун Башкармасынын туруктуу мүчөсүн дайындаган убакытка чейин улантылат.

Эгерде устав башкача карабаса, фонддун Байкоо кеңеши фонддун Башкармасынын мүчөсүн себебине карабастан ар кандай убакта чакыртып алышы мүмкүн.

28-статья. Фонддун Байкоо кеңеши

Фонддун Байкоо кеңеши фонддун ишине, анын башкаруу органдары тарабынан чечимдердин кабыл алынышына жана алардын аткарылышынын камсыз кылынышына, фонддун каражаттарынын пайдаланылышына, фонд тарабынан мыйзамдардын жана уставдын сакталышына көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат.

Фонддун Байкоо кеңеши өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.

Фонддун Байкоо кеңешин түзүүнүн жана анын ишинин тартиби аны уюштуруучулар тарабынан бекитилген фонддун уставы менен аныкталат. Фонддун Байкоо кеңеши фонддун ишине ички көзөмөлдү жүзөгө ашырат. Эгерде анын мүчөлөрүнүн жарымы отурумга катышса, фонддун Байкоо кеңешинин отурумунун кворуму болот.

Фонддун Байкоо кеңешинин компетенциясына:

- фонддун ишине жана фонддун иши менен саясатынын багыттарын аныктоого көзөмөлдүк кылуу;

- уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү;

- фондду кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алуу;

- фонддун Башкармасынын мүчөлөрүн дайындоо жана чакыртып алуу;

- фонддун Башкармасынын наркы устав тарабынан аныкталгандан жогорку бүтүмдөрдү түзүү, ошондой эле устав тарабынан аныкталган мүлктүн айрым түрлөрү менен бүтүмдөр жөнүндө чечимдерин бекитүү;

- кызыкчылыктардын чыр-чатагы божомолдонгон бүтүмдөрдү бекитүү;

- фонддун Башкармасы тарабынан даярдалган фонддун иши жөнүндө жылдык отчетту бекитүү;

- фоңддун Башкармасынын коммерциялык ишкерчиликке катышуу же аларга катышууну токтотуу жөнүндө чечимдерин бекитүү;

- уставга ылайык башка маселелерди чечүү кирет.

Фонддун Байкоо кеңешинин ушул статьяда саналып өткөн компетенциясынын маселелерин кошуп алганда, фонддун ишинин ар кандай маселелерин чечүү устав тарабынан фондду уюштуруучулардын компетенциясына таандык кылынышы мүмкүн. Эгерде устав тарабынан башкача белгиленбесе, уюштуруучу (бир пикирде болгондо уюштуруучулар) фонддун Байкоо кеңешинин ар кандай чечимине вето коюуга укуктуу.

Эгерде аны бекитүү зарылдыгынан келип чыккан бүтүмдү түзүүнү кармап коюунун натыйжасында фондго олуттуу зыян келтирилсе, ушул статьянын төртүнчү бөлүгүнүн алтынчы жана жетинчи абзацтарында саналып өткөн бүтүмдөрдүн фонддун Байкоо кеңеши тарабынан алдын ала бекитилиши талап кылынбайт.

(7-бөлүк КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 51 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Фонддун Байкоо кеңеши фонддун бардык документтерин текшерүүгө жана аудитордук текшерүү жүргүзүүгө, фонддун мүлкүнүн бар экендигин жана ишинин ушул Мыйзам менен уставга ылайык келерлигин текшерүүгө укуктуу. Байкоо кеңешинин ар бир мүчөсү фонддун Башкармасынан фонддун иши боюнча маалымат берүүнү талап кылууга укуктуу. Фонддун Байкоо кеңеши фонддун Башкармасынан фонддун иши жөнүндө ар кандай маалыматты, анын ичинде иш жөнүндө отчетту жана баланстык отчетту берүүнү талап кылууга укуктуу.

Фонддун Байкоо кеңеши фондго талаштарда жана фонддун Башкармасынын мүчөлөрү менен фонддун бүтүмдөрүндө фонддо өкүл болууга тийиш.

Фонддун Байкоо кеңеши ушул Мыйзам жана фонддун уставы тарабынан белгиленген башка укуктарга ээ.

(КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

29-статья. Фонддун Байкоо кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо, аларды алмаштыруу, чакыртып алуу

Эгерде устав тарабынан мүчөлөрдүн андан көп саны каралбаса, фонддун Байкоо кеңешинин курамында үч мүчө болууга тийиш. Укукка жөндөмдүү жеке жактар фонддун Байкоо кеңешинин мүчөлөрү болушу мүмкүн.

Фонддун Башкармасы каттоо органдарына фонддун Байкоо кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмесин берет.

Фонддун Байкоо кеңешинин мүчөлөрүн дайындоонун жана чакыртып алуунун жол-жобосу уставда белгиленүүгө тийиш.

Фонддун Байкоо кеңешинин мүчөсү ден соолугу жагынан фонддун Байкоо кеңешинин ишине катышууга мүмкүнчүлүтү болбогон же фонддун кызыкчылыктарына ар кандай түрдө олуттуу зыян келтирген учурда уюштуруучунун (уюштуруучулардын) фонддун Байкоо кеңешинин башка мүчөлөрүнүн талабы боюнча же өз демилгеси боюнча фонддун Байкоо кеңеши тарабынан чакыртылып алынышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

291-статья. Жалгыз уюштуруучусу бар фонддун түзүмү

Жалгыз уюштуруучу тарабынан түзүлгөн фонддун түзүмү жана фондду башкаруунун тартиби фонддун уставы менен аныкталышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

IV Глава
 Мекемелер

 

30-статья. Жалпы жоболор

Мекеменин мүлкү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитилип берилет.

Мекеме өзүнүн тескөөсүндө болгон өз милдеттенмелери боюнча акчалай каражаттары менен жооп берет. Алар жетишсиз болгондо мекеменин милдеттенмелери боюнча субсидиялык жоопкерчиликти анын менчик ээси тартат.

31-статья. Мекемени түзүү

Мекеме бир же андан көп укукка жөндөмдүү жеке же (жана) юридикалык жактар тарабынан аныкталган же аныкталбаган мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.

32-статья. Мекемени түзүү жөнүндө чечим

Мекеме менчик ээсинин (менчик ээлеринин) чечими боюнча түзүлүп, ал төмөнкү маалыматты камтууга тийиш:

- мекеменин аталышын, юридикалык дарегин;

- менчик ээсинин - жеке жактардын фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, дарегин, үйүнүн жана жумушчу телефонун көрсөтүү менен тизмесин, ошондой эле уюштуруучулардын - юридикалык жактардын аталышын, юридикалык дарегин, ордун, мамлекеттик каттоонун датасы менен номерин жана байланыш телефондорун көрсөтүү менен тизмесин;

- менчик ээси (менчик ээлери) мекемеге өткөрүп берүүчү мүлктүн акчалай жана (же) башка түрдөгү жалпы наркын жана аны өткөрүп берүүнүн тартибин;

- мекеменин уставын бекитүү жөнүндө;

- мекеменин Башкармасынын жана мекеменин Байкоо кеңешинин мүчөлөрүнүн аттарын жана даректерин.

Бардык менчик ээлери мекемени түзүү жөнүндө чечимге кол коюуга жана өздөрү койгон колдорду нотариаттан ырастатууга тийиш.

33-статья. Мекеменин башкаруу органдары

Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, мекеменин башкаруу органдарынын түзүмү, аны түзүүнүн жана ишинин тартиби, ошондой эле башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары менчик ээси (менчик ээлери) тарабынан мекеменин уставында аныкталат.

(КР 2014-жылдын 30-майындагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

34-статья. Мекеменин менчик ээси (менчик ээлери) менен өз ара мамилелери

Мекеме өз ишин уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.

Менчик ээсинин укуктары менчик ээсинин укуктары өтүүчүлөргө өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Түзүлгөндөн кийин мекемеге мүлктү өткөрүп берген жак мекеменин менчик ээсинин укуктарына ээ болбойт.

(КР 2014-жылдын 30-майындагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

V Глава
 Корутунду жоболор

 

35-статья. Эл аралык конвенциялар жана келишимдер

(КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 51 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

36-статья. Ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

37-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши жөнүндө

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

38-статья. Мурда кабыл алынган актыларды күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып:

"Коомдук бирикмелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Закону (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, N 3, 111-ст.);

"Коомдук бирикмелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Законун колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, N 3, 112-ст.) күчүн жоготту деп эсептелинсин.

39-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүгө байланыштуу коммерциялык эмес уюмдарды кайрадан каттоо

Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин катталган коммерциялык эмес уюмдар ушул Мыйзамга ылайык ушул Мыйзам күчүнө кирген датадан тартып бир жылдын ичинде кайрадан каттала алат.

40-статья. Коммерциялык эмес уюмдарды каттагандык үчүн акы төлөө

Ушул Мыйзамга ылайык коммерциялык эмес уюмдарды кайрадан каттоо акысыз жүзөгө ашырылат.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А. Акаев