Система Orphus

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КАРАКОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Каракол айыл Кеӊешинин 27-чакырылышынын кезексиз чакырылган 15 – сессиясы

 

2018-жылдын 28-декабры № 27

Айрым айыл чарба багытындагы жер участокторун калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндөгү  20.02.2009.  № 11 токтомго  макулдук  берүү жөнүндө

                              

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтомун аткаруу максатында  2009-жылдын  20-февралыгндагы  айыл  кеӊешинин  25- чакырылышынын  3-сессиясынын  № 11 токтомун  карап  жана  талкуулап  көрүп Каракол  айыл  Кеӊеши :

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Эл  депутаттарынын  Каракол  айыл  Кеӊешинин   20.02.2009.  № 11  токтому  менен  бекитилген  «Айрым  айыл  чарба  багытындагы  жер участокторун  калктуу  конуштар  категориясына которуу  жөнүндөгү»  № 11  токтомдо  көсөтүлгөн:

 «Айыл өкмөтүнүн карамагындагы айыл чарба багытындагы 59 (элүү тогуз) гектар сугат  айдоо  жер участкасы   анын   ичинен:

- Каракоол  айылынын  № 944  контурунан - 9,90  гектар  сугат  айдоо  аянты

- Чолпон  айылынан  № 700  контурдан - 50,0  гектар  сугат  айдоо  аянтын калктуу  конуштар  категориясына  которулсун» деген  пунктуна  макулдук  берилсин.

2.  Токтомдун аткарылышы  айыл  өкмөт  башчысы  А.Сыдыковго  жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Борбуков