Система Orphus

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\b33f2112-0565-4da5-ae0c-ac94249c219d\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

 

2008-жылдын 1-декабры ПЖ № 426

Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңеши жөнүндө

(КР Президентинин

2009-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 290 Жарлыгынын

редакциясына ылайык)

 

Жарандардын Кыргыз Республикасынын Президенти, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу, мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда жарандардын керектөөлөрүн жана таламдарын эске алуу, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине коомдук контролдук жүргүзүү максатында жана белгиленген тартипте мыйзам менен жөнгө салынганга чейин токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңеши (мындан ары - Коомдук ордо кеңеши) түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңеши жөнүндө тиркелген Жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.

3. Коомдук ордо кеңешти түзүү боюнча уюштуруу комитетинин тиркелген курамы бекитилсин.

4. Уюштуруу комитети:

- бир жумалык мөөнөттө төмөнкүлөрдү аныктасын:

Коомдук ордо кеңешине талапкерлерге карата талаптарды;

Коомдук ордо кеңешине саясый партиялардан, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциацияларынан (союздарынан), бизнес-ассоциациялардан, Кыргызстан калкы Ассамблеясынан, Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан, чыгармачыл союздардан, жаштар уюмдарынан, райондордун жана облустук шаарлардын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү жамааттарынан Жобого ылайык талапкерлерди көрсөтүүнүн жана алардын зарыл документтерин толтуруунун тартибин;

- он күндүк мөөнөттө Коомдук ордо кеңешине саясый партиялардан, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциацияларынан (союздарынан), бизнес-ассоциациялардан, Кыргызстан калкы Ассамблеясынан, Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан, чыгармачыл союздардан, жаштар уюмдарынан, райондордун жана облустук шаарлардын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү жамааттарынан Жобого ылайык талапкерлерди көрсөтүүнүн башталгандыгы жөнүндө кулактандырууну жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыя кылсын;

- Коомдук ордо кеңешке талапкерлер боюнча сунуштарды чогултуу жагындагы ишти уюштурсун;

- 2009-жылдын 20-январына чейин Коомдук ордо кеңешке көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитүүгө сунуш кылсын.

5. Облустардын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына райондордун жана облустук шаарлардын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн ичинен Коомдук ордо кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлер боюнча сунуштарды иштеп чыгууга зарыл көмөк көрсөтсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине төмөнкү маселелерди кароо сунуш кылынсын:

- Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин жыйналыштарына Коомдук ордо кеңештин мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылуу боюнча;

- мыйзам долбоорлоруна Коомдук ордо кеңештин суроо-талаптарын жана эксперттик корутундуларын Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин карап чыгышы боюнча.

7. (КР Президентинин 2009-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 290Жарлыгына ылайык алынып салынды)

8. 2010-жылдын 1-январына чейин Коомдук ордо кеңештин жана анын аппаратынын ишин финансылоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин.

Коомдук ордо кеңештин ишин финансылоо келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде эл аралык уюмдардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактарынан алынган каражаттардын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн.

(КР Президентинин 2009-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 290 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- 2010-финансы жылынан баштап республикалык бюджеттин долбоорунда Коомдук ордо кеңештин жана анын аппаратынын ишин финансылоого каражат бөлүүнү карасын;

- бардык таламдаш тараптардын катышуусу менен кийин аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү менен Коомдук ордо кеңештин жана анын аппаратынын ишин жүзөгө ашырууну камсыз кылган зарыл ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлсүн.

(КР Президентинин 2009-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 290 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

10. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.

11. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

К. Бакиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 1-декабрындагы № 426 жарлыгы менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңешин түзүү боюнча уюштуруу комитетинин
КУРАМЫ

Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Ибраимова Эльмира Султановна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Эсеналиев Досалы Акпаралиевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары;

Жороев Каныбек Таирович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы;

Дикамбаев Азамат Шамильевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;

Карабаев Акпаралы Давлеталиевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иш жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы;

Рахманов Төлөгөн Рахманович- Кыргызстан калкы Ассамблеясынын төрагасы;

Бакиров Мамасадык Сабирович - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин директору.