Система Orphus

Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\886d3009-2f6a-4670-8234-b2fa35ada1f2\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2009-жылдын 26-январы ПЖ № 82

Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңешинин курамы жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 1-декабрындагы № 426 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңеши жөнүндө Жобого ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңешинин (мындан ары Коомдук ордо кеңеши) тиркелген курамы бекитилсин.

2. Коомдук ордо кеңешине биринчи пленардык жыйналышты бир айлык мөөнөттө өткөрүү сунуш кылынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты жана экономикалык жана социалдык саясат бөлүмдөрү Коомдук ордо кеңешине биринчи пленардык жыйналышты өткөрүүгө ар тараптан көмөк көрсөтсүн.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К. Бакиев

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президентинин 2009-жылдын

26-январындагы № 82

жарлыгы менен бекитилген

 

 

Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңешинин
курамы

 

Абдраев Анвар

Карикеевич

 

- Кыргыз Республикасынын Банктар союзунун президенти;

 

Абдразаков Ишенбай

 

- Бишкек гуманитардык университетинин профессору;

 

Айльчиева Айман

Камзейиновна

 

- «Arrows» ЖЧКнын башкы директору;

 

Акбагышева Замира

Акбагышевна

 

- Кыргызстан Аялдарынын конгрессинин президенти;

 

Акенеев Жумакадыр

Асанкулович

 

- «Комсомол» коомдук бирикмесинин төрагасы;

 

Акимбаев Сабырбек

Орозбекович

 

- USAID/ПРАГМАнын Фергана өрөөнү боюнча сооданы өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча долбоорунун директору;

 

Базаркулов Мукаш

 

- коомдук ишмер;

 

Балян Генрих

Григорьевич

 

- Венгриянын Кыргызстандагы ардактуу консулу;

 

Бекбоев Аскар

Абдыкадырович

 

- И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору;

 

Бекботоев Сарымсак

Жүзүмбаевич

 

- АБРдин Жалал-Абад облусу боюнча долбоорунун (ички чарбалык сугат) куруучу-инженери;

 

Блиндина Антонина

Михайловна

 

- «Чуйские известия» газетасынын башкы редактору;

 

Гарьковец Евгений

Петрович

 

- «Эковей» ЖЧКнын аткаруучу директору;

 

Диль Валерий

Исидорович

 

- Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын Кеңешинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын немецтеринин элдик кеңешинин төрагасы;

 

Досанов Нурбек

Маликович

 

- «Эркиндик» саясый партиясы;

 

Дүйшеев Орозбек

Дүйшеевич

 

- Кыргызстан коммунисттер партиясы;

 

Дунларов Анвар

Юнусович

 

- «Машина сыноо станциясы» ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы;

 

Жайлообаев Ормон

Назарматович

 

- КР Кесиптик бирликтер федерациясынын кеңешинин мүчөсү, тоо-кен-металлургия кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы;

 

Жумабеков Сабыр

Артисбекович

 

- Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору, медициналык илимдердин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти;

 

Жураев Бурибай

Жураевич

 

- Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы соода өкүлү;

 

Зажигаева Зинаида

Александровна

 

- калкты социалдык жактан коргоо коомдук бирикмесинин төрайымы;

 

Зайыров Сабырбек

Токенович

 

- «Элдик уюм» коомдук бирикмесинин төрагасы, «Федерация киберспорта» коомдук бирикмесинин төрагасы;

 

Касымбеков Жаркынбек

Орозбекович

 

- «Элиме» коомдук бирикмесинин төрагасы;

 

Каримов Акылбек

Маликович

 

- «Тож» ЖЧКнын коммерциялык директору;

 

Койчуев Турар

Койчуевич

 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;

 

Кудабаева Шаткүл

Исалиевна

 

- «Согласие» саясый партиясынын төрайымы;

 

Маматкулов Кубатбек

Абдираимович

 

- «Жаш жарандарды өнүктүрүү» коомдук фонду, Жалал-Абад шаары;

 

Мамбетакунов Калык

Барыктабасович

 

- Кыргыз сокурлар жана дүлөйлөр коомунун президенти;

 

Нифадьев Владимир

Иванович

 

- Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Славян университетинин ректору;

 

Нусубалиев Орозбек

Токталиевич

 

- жеке ишкер;

 

Өмүркулов Кадыркул

Өмүркулович

 

- Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, кинодраматург;

 

Полатбеков Айбек

Нурганбетович

 

- Кыргызстандагы уйгурлардын «Иттипак» коомунун текшерүү комиссиясынын төрагасы;

 

Примов Бердибай

 

- «Перити-Коал» ЖЧКнын башкы директору;

 

Пусуров Камбар

Ырысбаевич

 

- Челябинск облусундагы Кыргыз диаспорасынын төрагасы;

 

Рыскулбекова Светлана

 

- Кочкор райондук ооруканасынын башкы врачы;

 

Сабиров Равшан

 

- Кыргыз Республикасындагы тажиктердин Рудаки атындагы коомдук бирикмесинин президенти;

 

Сарымсаков Руслан

Адыканович

 

- Кыргыз Республикасынын Мейманкана бизнеси ассоциациясынын төрагасы;

 

Саттаров Мустаза

Эсенбекович

 

- Баткен райондук ооруканасынын врачы;

 

Сейдахматова Жамал

 

- «Тунгуч» жаштар театрынын көркөм жетекчиси;

 

Аблесов Садыкбек

Аблесович

 

- коомдук ишмер

Сыдыков Үсөн

Сыдыкович

 

- «Жаңы Кыргызстан» партиясынын төрагасы;

 

Султанбекова Чолпон

Аалыевна

 

- «Алыш» эл аралык федерациясынын президенти

 

Төрөбеков Нурлан

Надирович

 

- Афганистандагы согуштун Ардагерлеринин кеңешинин төрагасы;

 

Түмөнбаева Жаңыл

Түмөнбаевна

 

- Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу;

 

Урманбетова Жылдыз

Карыбаевна

 

- Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору;

 

Шамшиев Авазбек

- «Ак Жол» элдик партиясынын Ош облусу боюнча координатору.