Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 11-марты № 171
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик региондук
саясатынын концепциясы жөнүндө
Мамлекеттик региондук саясатты өркүндөтүү жана Кыргыз Республика-
сынын Президентинин 2008-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуусунда бел-
гиленген милдеттерди аткаруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2008-жылга иш-аракеттер программасын бекитүү жөнүндө" токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга иш-аракет-
тер программасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик региондук саяса-
тынын концепциясы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору жана башка аткаруучу бийлик органдары
2009-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономи-
калык өнүгүү жана соода министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекет-
тик региондук саясатынын концепциясынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планын иштеп чыгуу жөнүн-
дө өздөрүнүн сунуштарын киргизишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министр-
лиги 2009-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө министрликтердин, мамле-
кеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка атка-
руучу бийлик органдарынын сунуштарын жалпыласын жана Кыргыз Республика-
сынын Мамлекеттик региондук саясатынын концепциясынын аткарылышын кам-
сыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планынын
долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргиз-
син.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иш жана региондук мониторинг
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр И.Чудинов