КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 8-июну ПЖ № 263
Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңешинин курамын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңеши жөнүндө Жобонун 20-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңешинин курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-январындагы № 82 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңешинин мүчөлөрүнүн курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган курамдан Сыйданов Кубанычбек, Сейитов Тунубек Мукарамович чыгарылсын;
- коомдук ишмер Аблесов Садыкбек Аблесович, "Алыш" эл аралык федерациясынын президенти Султанбекова Чолпон Аалыевна киргизилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |