Система Orphus

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 6-февралы ПЖ № 32

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагаларынын жана төрагаларынын орун басарларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 82-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын кээ бир ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Жергиликтүү соттордун төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары катары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 2012-жылдын 6-февралынан баштап алар ээлеген кызматтар Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын:

- Айтбаева Индира Мукашевна - Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары катары;

- Акунов Ороз Джолдошбекович - Балыкчы гарнизонунун Аскердик сотунун төрагасы катары;

- Арзыбаев Убайдула Кадырович - Ош облусунун Араван райондук сотунун төрагасы катары;

- Багишов Данияр Мансурович - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун төрагасы катары;

- Базарбаев Адил Анарбаевич - Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун төрагасы катары;

- Бектемиров Джакынбек Барыктабасович - Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун төрагасы катары;

- Ишенбаев Болот Кулашович - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасы катары;

- Кенжешов Мирбек Мамбеттурсунович - Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары катары;

- Маткасымов Алтымыш - Баткен облусунун Кадам-Жай райондук сотунун төрагасы катары;

- Момбеков Болот Канаевич - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун төрагасы катары;

- Мусаев Сайдибаказ Темирович - Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун төрагасы катары;

- Нарынбаев Таштанбек Пахирович - Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун төрагасы катары;

- Оморова Максуда Мадиевна - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрагасы катары;

- Сарымсаков Усенбек Жумашович - Чүй облусунун Кемин райондук сотунун төрагасы катары;

- Сартов Анарбек - Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык сотунун төрагасы катары;

- Токсомбаев Мамбет Айдаралиевич - Ош облусунун Алай райондук сотунун төрагасы катары;

- Шукуралиев Рыспек Шералиевич - Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы катары;

- Шерматов Мырзамамат Ташиевич - Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары катары;

- Эсенбаев Бердибек - Нарын облусунун Нарын райондук сотунун төрагасы катары.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А.Атамбаев