Система Orphus

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\5fa040ef-90fe-43ba-be30-dce55e6f97d8\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ
ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2019-жылдын 6-сентябры №131

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ноокат, Ат-Башы, Аксы жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Ноокат, Ат-Башы, Аксы жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат, Ат-Башы, Аксы жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.

2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары

 

А.Бекматов

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2019-жылдын 6-сентябрындагы
№ 131 токтомунун
1-тиркемеси

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын
ТИЗМЕСИ

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы

Ош облусу

Ноокат району

1

Зулпуев айылдык

Акматов Мурзарахим Мурзакбарович

Өз арызы. Мамлекеттик кызматка өткөндүгүнө байланыштуу

№ 14, 07.08.2019-ж.

Нарын облусу

Ат-Башы району

2

Баш-Кайыңды айылдык

Бокоев Абдылдабек Сейтакунович

Соттун өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу

№ 6, 26.08.2019-ж.

Жалал-Абад облусу

Аксы району

3

Кара-Суу айылдык

Миңбаев Дөөлөтбек Бодонович

Өз арызы

№ 7, 27.08.2019-ж.

Токтогул шаары

4

Токтогул шаардык

Жамгырбек кызы Кундуз (№ 3) ("Ата-Журт" Мекенчил партиясы" деп. фракциясы)

Өз арызы

№ 10, 28.08.2019-ж.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2019-жылдын 6-сентябрындагы
№ 131 токтомунун
2-тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин
ТИЗМЕСИ

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А.

Иштеген жери, ээлеген кызматы

Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Ош облусу

Ноокат району

1

Зулпуев айылдык

Шамиева Раат

Кашкалдак айылдык ден соолук комитети, төрайым

№ 14, 07.08.2019-ж.

Нарын облусу

Ат-Башы району

2

Баш-Кайыңды айылдык

Кадырмамбетова Жылдыз Жумабековна

Ч.Асеков атындагы орто мектеп, мугалим

№ 7, 26.08.2019-ж.

Жалал-Абад облусу

Аксы району

3

Кара-Суу айылдык

Нурманбетов Нурланбек Кулмырзаевич

Убактылуу иштебейт

№ 7, 27.08.2019-ж.

Токтогул шаары

4

Токтогул шаардык

Жапаров Элдияр Назарович (№ 4) ("Ата-Журт" Мекенчил партиясы" деп. фракциясы)

Жеке ишкер

№ 11, 28.08.2019-ж.