Система Orphus

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 8-декабры № 314

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин атайын эсеби жөнүндө

Республиканын отун-энергетика комплексинин ишканаларын натыйжалуу жөнгө салууну, контролдоочу жана көзөмөлдөөчү функцияларды тийиштүү түрдө аткарууну, анализдөөнү жана мониторингдөөнү камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментке Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында атайын эсеп ачууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин атайын эсеби жөнүндө жобону белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө тапшырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева