Система Orphus

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-августундагы № 409 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 6-апрели № 139

"Бөтөлкөгө куюлган табигый минералдык, табигый ичүүчү жана ашкана сууларынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15, 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 токтомдорунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген "Бөтөлкөгө куюлган табигый минералдык, табигый ичүүчү жана ашкана сууларынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (мындан ары - Техникалык регламент) бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия экономикалык бирлигинин "Идишке куюлган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суулардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти күчүнө киргенге чейин колдонулат.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15, 2017-жылдын 29-мартындагы № 184  токтомдорунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Техникалык регламентке ылайык келтирүү жөнүндө сунуш киргизсин жана аны ишке ашырууну камсыз кылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

А.Атамбаев