(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-январы № 12
Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №87, 2013-жылдын 5-мартындагы № 110, 2014-жылдын 14-ноябры № 650, 2015-жылдын 16-ноябры № 769, 2016-жылдын 4-июлундагы № 374, 2017-жылдын 14-июлундагы № 432, 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736, 2018-жылдын 5- апрелиндеги № 186, 2019-жылдын 3-июнундагы № 275, 2019-жылдын 30-июлундагы № 382, 2019-жылдын 30-июлундагы № 383, 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык жана аткаруу бийлиги органдарын реформалоону жүргүзүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жана анын баш ийүүсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы иштей тургандыгы аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
11. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында болоору жана анын контролунда иштей тургандыгы белгиленсин:
а) мекемелер, уюмдар:
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 110 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси;
- "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси;
б) жалпыга маалымдоо каражаттары:
- "Кыргыз Туусу" басма үйү;
- "Слово Кыргызстана" басма үйү;
- "Эркин Тоо" гезити;
- "Жеткинчек" гезити;
- "Кырчын" журналынын редакциясы;
- "Байчечекей" журналынын редакциясы;
- Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиокомпаниясы.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 110, 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 , 2018-жылдын 5- апрелиндеги № 186 , 2019-жылдын 3-июнундагы № 275, 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы №242 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |