Система Orphus

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 10-июну № 340

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамада:

- 2-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Иш кагаздары мамлекеттик тилде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда - расмий тилде жүргүзүлөт.

Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иш кагаздарын мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүүдө мамлекеттик тилдеги документ түп нуска болуп саналат.";

- 25-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын буйруктары (тескемелери) мамлекеттик тилде чыгарылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда - расмий тилге которулат жана эки тилде жарыяланат.";

- 30-пунктунун сегизинчи абзацындагы алардын ар бири бирдей юридикалык күчкө ээ болот" деген сөздөр алып салынсын;

- 36-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"36. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүүчү протокол мамлекеттик тилде таризделет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда расмий тилге которулат. Катышуучулардын мамлекеттик эмес тилде сүйлөгөн сөздөрү мамлекеттик тилге которулууга тийиш.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев