КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-июлу № 412
Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Нотариат жөнүндө" Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдарынын нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартибин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө Нускама (мындан ары - Нускама) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Нускаманын бекитилгендиги тууралуу билдирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- кошумча маселелер пайда болгон учурда консулдук мекемелердин кызмат адамдарына нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий электрондук сайтын колдонуу менен маалымат алмашуу аркылуу көмөк көрсөтсүн;
- өз убагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине нотариат жаатындагы жаңы киргизилгендер жөнүндө маалымдап, методикалык колдонмолорду алмашууну жүргүзсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |