Система Orphus

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 9-сентябры № 499

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 4-апрелиндеги № 2970-V "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" токтомун эске алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

- 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер:

- бул токтомдун 1-пунктунда бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык иш кагаздарын жүргүзүшсүн;

- мекеменин түзүмүндө мыйзамдарда белгиленген штаттык сандын чегинде, мекеменин архиви үчүн жооптуу кызматкердин кызмат ордун камтыган, иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын функциясы бар бөлүм каралсын.";

- төмөнкү мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

"2-1. Жеке менчик формасындагы уюмдарга, ишканаларга жана мекемелерге бул токтомдун 1-пунктунда бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык иш кагаздарын жүргүзүү сунушталсын.";

- төмөнкү мазмундагы 3-1 жана 3-2-пункттар менен толукталсын:

"3-1. Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча колдонмолорду иштеп чыгуучулар, аларды мамлекеттик архив кызматы менен макулдашууга милдеттүү экендиги белгиленсин.

3-2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мамлекеттик архив кызматы менен макулдашылган иш кагаздарын жүргүзүү боюнча колдонмолор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Мамлекеттик китеп палатасы тарабынан катталышын ишке ашырууну камсыз кылсын.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев