Система Orphus

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15

токтомдун редакциясына ылайык

кγчγн жоготту)

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 20-январы № 34

2014-жылга техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасын бекитүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: 2014-жылга техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору:

- 2014-жылга техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасында белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору түрүндө техникалык регламенттерди иштеп чыгууну камсыздашсын;

- техникалык регламенттерди иштеп чыгууга бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздашсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 714 «2012-2013-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасын бекитүү жөнүндө» токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 714 «2012-2013-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуу программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-декабрындагы № 864 токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев

 

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2014-жылдын
20-январындагы 34 токтому
менен бекитилген

2014-жылга техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасы

 

 

Техникалык регламенттин аталышы

Мөөнөтү

Жооптуу аткаруучу/ кошо аткаруучулар

Иштеп чыгуунун наркы (миң сом)

Каржылоо булактары

 

Иштеп чыгуунун

башталышы

 

КР Өкмөтүнө берүү

1.

* Асыл тукум мал чарбасындагы генетикалык материалдарга талаптар

2014-жылдын I кварталы

 

2014-жылдын III кварталы

 

АЧММ, ЭМ, Ветинспекция, ЭМ СМБ

200,4

Тиешелүү жылга бекитилген каражаттардын чегинде

2.

Балыктарга жана балык азыктарына талаптар

2014-жылдын I кварталы

2014-жылдын IV кварталы

 

АЧММ, Ветинспекция, ССМ, ЭМ

190,7

Тиешелүү жылга бекитилген каражаттардын чегинде

3.

** Канга жана канды алмаштыруучу материалдарга талаптар

 

 

ССМ, ССМнын алдындагы Республикалык кан борбору, ССМнын алдындагы Кыргыз гематология борбору, И.Ахунбаев атындагы КММА (макулдашуу боюнча), ССМ, ЭМ

 

Бюджеттен тышкары каржылоо

4.

** Пестициддердин

коопсуздугуна талаптар

 

 

 

КЧКТМА, КЧКТМАнын алдындагы Кыргызстандын озон борбору, АЧММ, ССМ, ЭМ, Экотехинспекция, Ветинспекция, ЭМ СМБ

 

Бюджеттен тышкары каржылоо

5.

**Муздатуучу жабдууларды пайдалануудагы коопсуздукка карата талаптар

 

 

КЧКТМА, КЧКТМАнын алдындагы

Кыргызстандын озон борбору, АЧММ, Энермин, ЭМ, Экотехинспекция, ЭМ СМБ

 

Бюджеттен тышкары каржылоо

6.

** Алтынды, күмүштү жана башка асыл металлдарды  өндүрүүгө талаптар

 

 

Энермин, ЭМ, ССМ, КЧКТМА, ГМРМА,  Экотехинспекция, ЭМ СМБ

 

Бюджеттен тышкары каржылоо

7.

*1000 Вдан жогору чыңалуудагы электр жабдууларына талаптар

2014-жылдын I кварталы

 

2014-жылдын

IV кварталы

 

Энермин, «Электр станциялары» ААК (макулдашуу боюнча),

«Энергия» КТИБ, Экотехинспекция, КЧКТМА, ССМ, ЭМ, ЭМ СМБ

200,0

Тиешелүү жылга бекитилген каражаттардын чегинде

8.

**Жылуулук тарамдарынын жылуулук механикалык жабдууларынын коопсуздугу жөнүндө

 

 

Энермин, «Бишкекжылуулук-тарамы» ААК жана «Электр станциялары» ААК (макулдашуу боюнча), Экотехинспекция, ЭМ, ЭМ СМБ

200,0

Бюджеттен тышкары каржылоо

9.

**Жылуулук электр станцияларынын жана от казандардын жылуулук механикалык жабдууларынын коопсуздугу жөнүндө

 

 

Энермин, «Электр станциялары» ААК

(макулдашуу боюнча),

«Кыргызтуракжай-коммунсоюз» МИ, «Бишкекжылуулук-энерго» КИ (макулдашуу боюнча), Экотехинспекция, ЭМ, ЭМ СМБ

500,0

Бюджеттен тышкары каржылоо

10.

Буу жана ысык суу түтүктөрүн пайдаланууга талаптар

2014-жылдын I кварталы

 

2014-жылдын

IV кварталы

 

Энермин, Экотехинспекция, «Энергия» КИТБ, И.Раззаков атындагы КМТУ (макулдашуу боюнча), ӨКМ,

ЭМ, ЭМ СМБ

203,6

Тиешелүү жылга бекитилген каражаттардын чегинде

11.

** Гидроэлектрстанциялар-дын гидромеханикалык жабдууларынын жана гидротехникалык курулмаларынын коопсуздугу жөнүндө

 

 

Энермин, «Электр станциялары» ААК (макулдашуу боюнча),

Экотехинспекция, ЭМ, КЧКТМА, ЭМ СМБ

 

500,0

Бюджеттен тышкары каржылоо

12.

** Гидроэлектрстанциялардын жана гидротехникалык курулмалардын электр техникалык жабдууларынын коопсуздугу жөнүндө

 

 

Энермин, «Электр станциялары» ААК (макулдашуу боюнча), Экотехинспекция, ЭМ, ЭМ СМБ

400,0

Бюджеттен тышкары каржылоо

13.

** Электр станциялардын жана от казандардын энергетикалык жана электр жабдууларынын коопсуздугу жөнүндө

 

 

 

Энермин, «Электр станциялары» ААК (макулдашуу боюнча), «Кыргызтуракжай- коммунсоюз» МИ, Экотехинспекция, ЭМ, ЭМ СМБ

500,0

Бюджеттен тышкары каржылоо

14.

** Көмүргө жана аларды кайра иштетүү продуктуларына талаптар

 

 

 

Энермин, «Электр станциялары» ААК (макулдашуу боюнча), ГМРМА, КЧКТМА, Экотехинспекция, ӨКМ, ЭМ, ЭМ СМБ

250,0

Бюджеттен тышкары каржылоо

 

15.

**Көпүрөлөрдү жана туннелдерди куруунун коопсуздугу жөнүндө

 

 

ТКМ, Мамкурулуш, Экотехинспекция, КЧКТМА, ЭМ, ЭМ СМБ

200,3

Бюджеттен тышкары каржылоо

16.

**Байланыштын техникалык каражаттарын пайдаланууга талаптар

 

 

ТКМ, БМА, И.Раззаков атындагы КМТУ (макулдашуу боюнча), ССМ, ЭМ, ЭМ СМБ

193,6

Бюджеттен тышкары каржылоо

 

17.

Шаардык электр  жүргүнчүлөр унаасын пайдаланууга талаптар

2014-жылдын I кварталы

2014-жылдын

IV кварталы

 

ТКМ, Энермин, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Экотехинспекция, КЧКТМА, ИИМ, ЭМ, ЭМ СМБ

193,6

Тиешелүү жылга бекитилген каражаттардын чегинде

18.

Аттракциондорду коопсуз иштетүү жөнүндө

2014-жылдын I кварталы

2014-жылдын

IV кварталы

Экотехинспекция, ӨКМ, Энермин, Маданиятмин, ЭМ, ЭМ СМБ

194,3

Тиешелүү жылга бекитилген каражаттардын чегинде

 

Бардыгы: 3926,5 миң сом.

Күтүлбөгөн чыгымдар: 10% - 392,65 миң сом.

Жыйынтыгы: 4319,15 миң сом.

 

Эскертүү:

 * - мурда каржыланган техникалык регламенттердин долбоорлору.

** - бюджеттен тышкары каржылануучу техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгуу мөөнөттөрүнүн башталышы юридикалык жактардан жана донор уюмдардан финансылык каражаттардын (юридикалык жактардан жана донор уюмдардан гранттык каражаттар) келип түшкөндүгүнө жараша иштеп чыгуучу тарабынан белгиленет. Техникалык регламенттердин долбоорлорунун аталышы иштеп чыгуучу тарабынан иштеп чыгуу процессинде техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.

 

Программада кабыл алынган кыскартуулар:

 

ЭМ

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

АЧММ

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги

 

Энермин

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги

ӨКМ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

ТКМ

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

ССМ

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

ИИМ

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

Маданиятмин

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги

КЧКТМА

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги

ГМРМА

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик

БМА

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги

Мамкурулуш

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Экотехинспекция

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция

Ветинспекция

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция

ЭМ СМБ

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандарттар жана метрология борбору

ОАМСЭКД

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти