Система Orphus

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН ЧЕЧИМИ

 

2014-жылдын 19-февралы № 14-р

Жаран И.Дженалиеванын кайрылуусунун негизинде 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Жарандык кодекстин 308-беренесине жана 2009-жылдын 30-мартындагы № 103 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөрдүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья М.Ш. Касымалиев,

судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,

сот жыйналышынын катчысы Н.А.Илиязованын; кайрылуучу тарап - жаран И.Дженалиеванын;

жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним катынын негизиндеги өкүлү А.А.Джорупбекованын;

башка жак - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ишеним катынын негизиндеги өкүлдөрү Т.Ф.Ибраимованын жана Жума уулу Уландын катышуусу менен, Конституциянын 97-беренесинин 1-, 6-, 8-, 9-, 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-, 18-, 19-, 37-, 42-беренелерин жетекчиликке алып, ачык сот жыйналышында 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Жарандык кодекстин 308-беренесине жана 2009-жылдын 30-мартындагы № 103 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөрдүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык сот жыйналышында карады.

Жаран И.Дженалиеванын кайрылуусу ишти кароого себеп болуп саналат.

Ишти кароого негиз болуп, талашып жатуучу 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Жарандык кодекстин 308-беренесине жана 2009-жылдын 30-мартындагы № 103 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр Конституцияга ылайык келгендиги жөнүндө маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу эсептелинет.

Сот жыйналышына ишти даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Э.Т.Мамыровдун маалыматын угуп, берилген материалдарды изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 23-сентябрында жаран И.Дженалиевадан 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Жарандык кодекстин 308-беренесине жана 2009-жылдын 30-мартындагы № 103 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 9-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 39- жана 53-беренелерине карама-каршы келгендигин таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Жарандык кодекстин 308-беренесине өзгөртүү киргизилген, ага ылайык "эмгекке акы төлөөнүн эң төмөнкү өлчөмү" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчү" деген сөздөр менен алмаштырылган. 2009-жылдын 30-мартындагы № 103 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүнө "мыйзамда белгиленген эмгекке акы төлөөнүн эң төмөнкү өлчөмү" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчү" деген сөздөр менен алмаштырылган.

Берилген материалдар көрсөткөндөй, И.Дженалиеванын күйөөсү 1991-жылдын 17-сентябрында кызматтык милдеттерин аткарууда каза тапкан. Ушуга байланыштуу И.Дженалиеванын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген уулуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу дайындалган. Акчалай төлөп берүүнүн өлчөмүн каза болгон күйөөсүнүн айлык акысы 1972-жылдын Эмгек мыйзамдар кодексинде белгиленген тартипте каралган эсепке алынган.

И.Дженалиева Жарандык кодекстин 308-беренесине жана Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү менен, өндүрүштүк жаракаттын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча дайындалган төлөмдөрдү алган жабырлануучулар ал төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышты деп эсептейт, анткени, эсептешүү көрсөткүчү минималдык айлык акы менен минималдык айлык акынын өлчөмүнөн калдыксыз бөлүнүү менен бекитилген төлөмдөр, компенсациялар, башка төлөмдөр же экономикалык көрсөткүчтөрдүн ортосундагы байланышты алып салуу үчүн багытталган. Ушуга байланыштуу, И.Дженалиеванын пикири боюнча, көптөгөн жылдар бою жабыр тарткан үй-бүлөнү багуучу адамга төлөп берүү өлчөмү көтөрүлө элек, ушунун кесепетинен бул адамдардын кызыкчылыгы корголбой келет.

Кайрылуучу тарап, келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр социалдык жактан төлөмдөр деп саналбайт жана Жарандык кодекстин 308-беренесинде, Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнө байланыша албайт деп эсептейт.

Ушуга байланыштуу, И.Дженалиева 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Жарандык кодекстин 308-беренесине жана 2009-жылдын 30-мартындагы № 103 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр конституциялык эмес жана Конституцияга карама-каршы келгендигин таануу жөнүндө суранат.

2013-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын аныктамасы менен арыз берүүчүнүн өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

Сот жыйналышында И.Дженалиева өзүнүн талабын колдоп Жарандык кодекстин 308-беренесине жана Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөрдүн конституциялык эместигин таануу жөнүндө талабын колдоп жана аны канааттандырууну суранды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү А.А.Джорупбекова кайрылуучу тараптын келтирген далилдери менен макул болгон жок жана көрсөтүлгөн кодекстердин беренелерине киргизилген өзгөртүүлөрдү Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт.

Конституциялык палата иштин материалдарын изилдеп, жактардын жүйөлөрүн угуп, жыйналышка катышкан башка жактын пикирлерин угуп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, бул иш боюнча Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп булар саналат:

- төмөнкүдөй мазмундагы Жарандык кодекстин 308-беренеси:

"308-берене. Гражданды күтүүгө төлөнүүчү сумманын көбөйүшү.

Акчалай милдеттенме боюнча гражданды күтүүгө түздөн-түз төлөнүүчү сумма (өмүргө же ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн, өмүр бою күтүүгө келишим боюнча жана башкалар) эсептик көрсөткүчүн көбөйтүү менен пропорциялуу көбөйөт".

- төмөнкүдөй мазмундагы Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгү:

"234-берене. Жашоо наркынын өскөндүгүнө жана эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнүн жогорулагандыгына байланыштуу зыяндын ордун толтуруу суммаларын жогорулатуу.

Борбордоштурулган тартипте эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүн көбөйтүүдө зыяндын ордун толтуруунун бардык суммалары эмгек акынын эң төмөнкү өлчөмүнүн жогорулагандыгына пропорциялуу көбөйтүлөт";

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1-бөлүгү мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык, 1996-жылдын 8-майында № 15 кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысында 1996-жылдын № 6 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы кодекс болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык, 2004-жылдын 4-августунда № 106 кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысында 2006-жылдын № 4 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы кодекс болуп саналат.

"Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык, 2008-жылдын 19-мартында № 24 кабыл алынган, "Эркин Тоо" газетасында 2008-жылдын 28-мартында № 22 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп саналат.

"Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык, 2009-жылдын 30-мартында № 103 кабыл алынган, "Эркин Тоо" газетасында 2009-жылдын 3-апрелинде № 22 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп саналат.

2. Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасы социалдык мамлекет болуп саналат, социалдык жактан корголбогон жарандардын категорияларына мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша камсыз кылат (Конституциянын 1-беренесинин 1-бөлүгү, 9-беренесинин 2-бөлүгү, 53-беренесинин 2-бөлүгү).

Калктын социалдык жактан аярлуу катмарын социалдык колдоо көрсөтүү зарылдыгы Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде да жарыя кылынган. Өзгөчө, ооруп калган, майып болгон учурларда же андан көз карандысыз болгон жагдайлардан улам жашоого башка каражаттары болбогон учурда камсыз кылуу Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 25-беренесинин жана атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 11-беренесинде каралган.

Конституциянын жана эл аралык келишимдердин жоболорун өнүктүрүү максатында жарандардын ден соолугуна жаракат кылуу менен же ден соолугуна башка келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган мыйзам чыгаруу актылары кабыл алынды. Адамдардын ден соолугуна келтирилген зыяндын жана жарандын өлүмү менен учураган чыгымдардын ордун толтуруу тартибин регламенттеген мыйзамдык актылар болуп Жарандык жана Эмгек кодекси, ошондой эле көрсөтүлгөн кодекстердин ченемдик жоболорун ишке ашырууга кабыл алган ченемдик укуктук актылар саналат.

3. Өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирүүгө байланышкан мамилелерди укуктук жөнгө салуунун алкагында, мыйзам чыгаруучу тарабынан Эмгек кодексинин 18-главасы жана Жарандык кодексинин 51-главасы менен жарандын өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруунун суммасын аныктоо механизми, анын төлөп берүү тартиби, анын ичинде кайра уюштуруу же зыян келтирүү боюнча жооптуу жумуш берүүчүнүн жоюлган учурлары каралган. Көрсөтүлгөн Эмгек жана Жарандык кодекстеринин главаларында ошондой эле жаранды күтүүгө төлөнүүчү зыяндын ордун толтуруу суммасын көбөйтүүсү каралган. Атап айтканда, Жарандык кодекстин 308-беренесинде, ага Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартында кабыл алынган № 24 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен өзгөртүүлөрдү киргизүүгө чейин, түздөн-түз жаранды күтүүгө акча каражаттарынын милдеттенмеси боюнча төлөнүүчү суммасы минималдык айлык акы көбөйгөн сайын көбөйөт деп бекитилген. Ушул сыяктуу маселелер Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүндө чечилген.

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 жана 2009-жылдын 30-мартындагы № 103 Мыйзамдары менен төмөнкүдөй көрсөтүлгөн Жарандык жана Эмгек кодекстеринин беренелерине өзгөртүүлөр киргизилген жана "минималдуу эмгек акыны", "эмгек акынын минималдуу өлчөмү" деген сөздөр, "эсептик көрсөткүчтүн өлчөмү" деген сөздөр менен алмаштырылган.

Аталган өзгөртүүлөрдү мыйзам чыгаруучу 2006-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген "Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө" Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу киргизген.

Конституциялык палата мыйзам чыгаруучу тарабынан эмгек акынын минималдуу өлчөмү жана төлөмдөр, компенсациялар, башка төлөмдөрдүн ортосундагы байланышты алып салуучу "эсептешүү көрсөткүчү" деген жаңы түшүнүктүн укуктук жөнгө салууга киргизилиши адамдын минималдык керектөөлөрүн камсыз кылган эмгектин минималдык өлчөмүнүн деңгээлине жетүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейт.

4. Конституциянын 42-беренесинин 3-бөлүгүнө, 9-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, минималдык эмгек акы төлөө институтунун конституциялык-укуктук табияты жумушчуга ал тарабынан аткарылган эмгек милдеттерин сый акы катары кепилдик акча каражатынын минимумун белгилөөнү божомолдойт. "Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө" Мыйзамы кабыл алынганга чейин байкоо жүргүзгөндөй, эмгек акынын минималдуу өлчөмүнө андан да кеңири иш-милдеттерди берип койгондук, конституциялык-укуктук жаратылыш институту менен макулдашылган эмес, анын кесепетинен өлчөмдүн өсүшү жасалма кармалып турган.

Негизсиз аз айлык акыдан коргоо 1970-жылдагы № 131 "Эң төмөнкү эмгек акыны белгилөө жөнүндө" Эл аралык эмгекти уюмунун Конвенциясы тарабынан каралган, ал Кыргыз Республикасынын 2006-жылы 19-июлдагы № 115 Мыйзамы менен ратификацияланган. Бул Конвенцияга ылайык мамлекеттер жалданып иштегендердин бардык топторун камтыган, минималдык айлык акыны белгилөө тутумун киргизүүгө милдеттенишет, андагы жумуш шарты мындай тутумдун киргизилишин максаттуу кыла алат.

Ошентип, минималдык эмгек акы төлөөнүн конституциялык-укуктук табиятынан алып караганда, мыйзам чыгаруучу тарабынан Жарандык кодекстин 308-беренесине жана Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүнө зыяндын ордун толтуруу суммасын көбөйтүү тартиби менен өзгөртүү киргизүүсүн Конституциянын 9-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 39 жана 53-беренелерине каршы келет деп кароого болбойт.

Ошону менен бирге, зыяндын ордун толтуруу суммасын көбөйтүү тартибинин жаңы укуктук жөнгө салууга өтүшү Конституциянын 9-беренесинин 2-бөлүгүндө жарыя кылынган социалдык жактан корголбогон жарандардын категориясын колдоо боюнча конституциялык маанилүү максаттарга каршы келбеши керек. Эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмү, анын укуктук табиятынан алып караганда, белгисиз бир мезгилге чейин статистикалык болуп кала алат. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү социалдык жактан камсыз кылуу тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылган аткаруу бийлигинин жогорку органы катары, зыяндын ордун толтуруу суммасын көбөйтүүнүн күчкө ээ механизмин иштеп чыгышы керек. Тескеринче, Жарандык кодекстин 308-беренеси жана Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгү декларативдүү болуп калуу менен, каалаган максатына жете албайт, мына ушул максаттарга жетүү үчүн көрсөтүлгөн беренелер бул кодекстерде каралган.

Жашоонун наркынын жана баалардын өсүү шартында мындай механизмдин жоктугу Конституциянын 9-беренесинин 2-бөлүгүндө каралгандай, мындай төлөм алуучулардын таламдарына жооп бере албайт, жана мамлекет тарабынан социалдык жактан корголбогон жарандардын категориясын толук өлчөмдө камсыз кыла албайт.

Зыяндын ордун толтуруу суммасын индексикациялоону мыйзамдуу жөнгө салуунун зарылдыгы Эмгек кодексинин 234-беренесинин 1-бөлүгүнөн келип чыгат, анда зыяндын ордун толтуруу суммасы мыйзамда белгиленген тартипте жашоонун наркынын көбөйүшүнө байланышкан индексикацияга таандык. Ошентип, Эмгек кодексинин 234-беренеси зыяндын ордун толтуруунун суммасынын көбөйүшүнүн эки ыкмасын караган. Биринчиси, зыяндын ордун толтуруу суммасы мыйзам тарабынан белгиленген тартипте жашоо наркынын өсүшүнө байланышкан индексикацияга жатканда, экинчиси, эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүн көбөйткөн учурда зыяндын ордун толтуруунун суммасы эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүн көбөйүшү менен пропорциялуу көбөйөт. Зыяндын ордун толтуруунун суммасын көбөйүшү боюнча экинчи ыкмасы боюнча көз карашын Конституциялык палата жогоруда келтирди.

Жашоо наркынын өсүшүнө байланышкан индексикация "Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүгө баалардын өзгөрүшүн эске алуу менен калктын кирешелерин жана аманаттарын индекстөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлгөн. Индексациянын объекттерине, анын ичинде көрсөтүлгөн мыйзамына ылайык, зыянды ордун толтуруунун төлөнүүчү суммасы кирет. Бирок мыйзам чыгаруучу 2008-жылдын декабрында көрсөтүлгөн мыйзамды күчүн жоготту деп таанып, бирок бул маселенин жаңы укуктук жөнгө салуусун караган эмес. 2008-жылдын декабрынан тартып зыяндын ордун толтуруу суммасынын индексациясынын жаңы укуктук жөнгө салуунун жоктугунан, жашоонун наркынын көтөрүлүшүнө байланыштуу, Эмгек кодексинин 234-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген ыкма ошондой эле белгисиз мүнөздө болууда, анткени инфляцияга байланыштуу акча компенсацияларынын өлчөмүн көтөрүүгө жол бербейт. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жашоонун наркынын көтөрүлүшү менен зыяндын ордун толтуруу суммасынын индексация бөлүгүндө укуктук вакуумду жоюуга багытталган тиешелүү мыйзам долбоорун токтоосуз демилге берүүгө тийиш, бул Эмгек кодексинин 234-беренесин колдонууда укуктук анык эместикти алып салууга жол берет.

5. И.Дженалиева өз далилдерин негиздөө иретинде, зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр социалдык төлөм болуп саналбайт деген пикирин айткан. Мындай тастыктоо жаңылыш болуп саналат, анткени айлык акы иштеген мезгилде гана эмгек укук мамилесинде турган адамдарга гана төлөнүшү мүмкүн. Багуучуну жоготуу менен байлышкан зыяндын ордун толтуруу Жарандык жана Эмгек кодекстерине ылайык, иш жүзүндө каза болгон адамдын орточо айлык акысынын өлчөмүнөн аныкталат. Бирок, өзүнүн укуктук табияты боюнча төлөмдөрдүн өзү, анын жоюлушуна байланыштуу жумуш берүүчүнүн акча каражаттарын капиталдаштыруунун эсебинен өндүрүлсө да, социалдык төлөмдөргө кирет.

Багуучусун жоготуу менен байланышкан зыяндын ордун толтуруу, жабырлануучунун кызыкчылыгын коргоо чарасы катары социалдык багыттуулукка ээ, так ушуга байланыштуу Жарандык жана Эмгек кодекстеринде аны көтөрүү ыкмалары каралган.

Жогоруда баяндалгандын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-, 47-, 48-, 51-, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата

ЧЕЧТИ:

1. 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Жарандык кодекстин 308-беренесине жана 2009-жылдын 30-мартындагы № 103 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр Конституцияга карама-каршы келбейт деп таанылсын.

2. Кыргыз Республиканын Өкмөтү токтоосуз ушул чечимдин жүйөөлөштүрүлгөн бөлүгүнөн чыгуучу тиешелүү мыйзам долбоорлорду иштеп чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

5. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

 

Төрагалык кылуучу

 

М.Касымалиев

Судьялар:

 

Ч.Айдарбекова

 

 

М.Бобукеева

 

 

Ж.Макешов

 

 

Э.Мамыров

 

 

А.Нарынбекова

 

 

Э.Осконбаев

 

 

Ч.Осмонова

 

 

К.Сооронкулова

Жаран И.Дженалиеванын кайрылуусунун негизинде 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 308-беренесине жана 2009-жылдын 30-мартындагы № 103 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөрдүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Э.Ж.Осконбаевдин
ӨЗГӨЧӨ ПИКИРИ

Каралып жаткан бул иштин жыйынтыгы боюнча, Конституциялык палата карама-каршы талкуулар менен толукталган, ал эми корутундулары - мамлекеттик социалдык чөйрөнүн жүрүм-турумуна карата Конституциянын фундаменталдык талаптарына жооп бербеген чечим кабыл алды.

Бир жагынан, Конституциялык палата эсеп көрсөткүчү өзүнүн укуктук жаратылышы боюнча өзгөргүс сан болушу мүмкүн экенин мойнуна алат, ошол эле учурда, жашоонун наркын жогорулатууга байланыштуу зыяндын ордун толтуруу суммасын көбөйтүү механизмин укуктук жөнгө салууда бул көрсөткүчтү пайдалануу укуктуу жана Конституцияга каршы келбейт деп тааныйт.

Конституциянын 53-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнө ылайык жарандарга улгайганда, ооруп, же эмгектенүүгө жараксыз болуп калганда, багып-көрөөрүнөн ажыраганда социалдык жактан камсыз кылуу кепилдиги берилет. Мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша пенсия, социалдык жардам мыйзамда каралган жашоо-тиричилик минимумунан кем эмес өлчөмдө жашоо деңгээлин камсыз кылат.

Бул, социалдык төлөмдөрдүн суммасы жашоо-тиричилик минимумун өзгөртүүгө жараша мезгил-мезгили менен каралып турушу керек, анын өлчөмү да мыйзам тарабынан бекитилүүгө тийиш, (Бирок, 2009-жылдын 26-майындагы № 170 "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, жашоо-тиричилик минимуму мамлекеттик статистика органдары тарабынан аныкталат.)

Ошону менен, Конституция мамлекеттик социалдык камсыз кылгандыктын маанисин эске алып, социалдык төлөмдөрдү жогорулатууну эсептөө үчүн жалгыз жол берүүчү туунду болуп, кандайдыр бир башка көрсөткүчү эмес, жашоо-тиричилик минимумунун өлчөмү деп белгилейт. Бул учурда, мамлекеттин социалдык төлөмдөрдү жашоо-тиричилик минимумунан аз эмес камсыз кылган мүмкүнчүлүгүнө карабастан, ал, кандай болбогон учурда да, так ушул көрсөткүчтөн түрткү алышы керек, андан кийин болсо, анын деңгээлине жетүүгө аракет кылышы керек. Социалдык камсыз кылууда мамлекеттик саясаттын ушундай ыкманы жана ушундай ырааттуулукту Конституция талап кылат.

Зыяндын ордун толтуруу суммасын көбөйтүү тартибин жөнгө салууда эсеп көрсөткүчүн колдонуунун ылайыксыздыгы "Эсеп көрсөткүчү жөнүндө" Мыйзамынын өзүнөн келип чыгат, ал эсеп көрсөткүчүнүн жогорулатуу мүмкүндүгүнө уруксат берилсе да, ага карабай, өзгөчө жашоо наркын жогорулатууга байланышканда, аны көбөйтүү үчүн укуктук негиздерди жана механизмди камтыбайт.

Жарандык кодекстин 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Мыйзамы менен өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин, 308-беренеси менен акчалай милдеттенме боюнча жарандарды багып-күтүүгө түздөн-түз төлөнүүчү сумма, минималдуу өлчөмүн көбөйтүү менен көбөйөт деп белгиленген. Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүндөгү да маселе ушул сыяктуу чечилген. "Минималдык айлык акы" түшүнүгүн "эсеп көрсөткүчү" түшүнүккө алмаштыруу менен 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 жана 2009-жылдын 30-мартындагы № 103 мыйзамдар тарабынан жаңы тартип, башкача айтканда социалдык туундуу санын туруктуу санга алмаштыруусу социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн жана республикалык бюджетке болгон оордугунун андан аркы өсүүсү токтотууга багытталган.

Натыйжада, багуучуну жоготкондугуна байланыштуу зыяндын ордун толтуруп берүү суммасын жогорулатуу тартибин жөнгө салуучу аталган ченемдер өзүнүн социалдык жаратылышын жана регулятивдүү жөнүмдүлүгүн таптакыр жоготту.

Ошондой эле белгилей кетүү керек, Конституциялык палатанын чечиминде мыйзамдарда зыяндын ордун толтуруу суммасынын жогорулатуунун эки ыкмасы бар экендиги белгиленген, бирок Өкмөткө берилген тапшырмада болгону индексикация киргизүү зарылдыгы гана камтылган. Жашоо-тиричилик минимумунун өлчөмүн жана инфляцияны аныктоо усулу өз алдынча болуп саналат жана көптөгөн факторлорго жараша бири биринен олуттуу айырмаланышы мүмкүн.

Ошентип, багуучуну жоготкондугуна байланыштуу зыяндын ордун толтуруп берүү суммасынын жогорулатуу ыкмалары колдонуудагы редакциясындагы Жарандык кодексинин 308-беренеси, Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгү Конституциянын 53-беренесинин жана 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдерине каршы келет.

 

Судья

 

Э.Осконбаев

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы