|
|
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн |
Көчмө радиотелефон байланыш
кызматын көрсөтүү
ЭРЕЖЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 20 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежеси (мындан ары - Эреже) оператор менен абоненттин ортосундагы көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү боюнча мамилени жөнгө салат.
2. Бул Эреже абоненттик жабдууларды сатып алууга байланышкан мамилелерге тиешелүү эмес.
3. Бул Эрежеде пайдаланылган терминдер жана аныктамалар:
абонент - юридикалык же жеке жак, ага көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү үчүн бир же андан ашык абоненттик номер бөлүнүп берилип, байланыш оператору менен келишим түзүлөт;
абоненттик номер - электр байланыш кызматын көрсөтүү үчүн келишим түзүлгөндөн кийин абонентке берилүүчү номер, бул номер аркылуу башка абоненттик терминалдар менен байланыштырылганда телефон тармагына туташтырылган абоненттик терминал идентификацияланат;
эсептөөлөрдүн автоматташтырылган системасы (ЭАС) - кызмат көрсөтүүлөр үчүн абоненттен түшкөн акыны эсепке алуу, абонентке көрсөтүлгөн кызматтын көлөмүн жана алардын тарифтик эсептеөлөрүн эсепке алууга арналган система;
телефондук байланыштыруунун тарифтик бирдиги - телефондук байланыштыруунун узактыгы, абоненттен же телефон байланыш кызматын колдонуучудан ушул байланыштыруу үчүн бекитилген тарифтин өлчөмүндө акы алынат;
бирдиктүү шашылыш линия - өзгөчө кырдаалдарда жана адаттан тышкаркы жагдайларда жарандардын кайрылуулары боюнча ыкчам чара көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында министрликтердин, администрациялык жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыкчам кызматтарынын базасында түзүлгөн, бирдей номер менен телефон чалуучу, ыкчам чара көрүү үчүн туруктуу иштөөчү кызмат;
оператордун тармагынын радиолук камтуу аймагы - кызмат көрсөтүүгө техникалык мүмкүнчүлүк бар экендигин оператор тастыктаган аймак;
телефондук байланыш кызматын көрсөтүүнүн төлөм картасы - абонентке байланыш операторунун тармагында чакырык жиберүүгө мүмкүнчүлүк берген алдын ала төлөнүүчү каражат;
жашыруун сөз - абонент оператор аныктаган форма боюнча көрсөтүүчү символдордун (тамга, цифралардын) ирээти, ал келишимди аткарууда абонентти идентификациялоо үчүн колдонулат;
кыска тексттик билдирүү (SMS-билдирүү) - көчмө байланыш тармагы аркылуу берилүүчү, тамгалардан же символдордон турган билдирүү;
жеке эсеп - абоненттин жеке номери, ал көчмө радиотелефон байланыш кызмат көрсөтүү операторунун автоматташтырылган эсептешүү системасына катталат жана аталган кызматтын көлөмүн, келишим боюнча кызмат көрсөтүү төлөмдөрүнүн эсебине киргизилген акча каражаттын келип түшүшүн, сарпталышын эсепке алууга багытталат;
туташтыруу учуру - байланыш операторунун тармагынын коммутаторунун авто-жооп бергичинен сырткары, абоненттин же башка кимдир бирөөнүн же абоненттик терминалдын жообу;
түпкү жабдуу (абоненттик терминал) - байланыш тармагына туташтырыла турган техникалык каражат, ал абонентке жана көчмө радиотелефон байланыш тармагынын системасына бири-бири менен байланышууга мүмкүндүк түзөт;
байланыш оператору (уюлдук байланыш оператору/көчмө байланыш тармагынын оператору) - өзүнө тиешелүү болгон көчмө электр байланыш тармагын иштеткен жана көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөткөн жеке же юридикалык жак;
көчмө радиотелефон байланыш тармагы - түпкү терминалдарынын аймактык жайгаштырылган туруктуу орду болбогон жана абоненттин конкреттүү дарегине байлаштырылбаган электр байланыш тармагы;
туташтыруу чеги - туташтыруу учурунан тартып эсептелген жана анын узактыгы 3 секунддан ашпаган же барабар болгон шартта тарифтелбеген убакыт аралыгы;
көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүчү (кызмат көрсөтүүчү) - өзүнө таандык тармагы же башка тарапка таандык электр байланыш тармагы аркылуу электр байланыш кызматын көрсөткөн жеке же юридикалык жак;
төлөө мөөнөтү - белгилүү бир убакыт, ушул убакыттын ичинде абонент накта алган жана акы төлөнө турган кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү аныкталат;
роуминг - оператордун иш жүргүзүү аймагынан башка байланыш операторунун иш жүргүзүү аймагына өткөн учурда, Кыргызстандын ичинде, ошондой эле анын чегинен тышкарыда жүргөн учурларда дагы көрсөтүлө турган кызмат;
тарифтик план - электр байланыш оператору бир же бир нече электр байланыш кызматынан пайдаланууну сунуштаган баа тууралуу шарттардын жыйындысы;
көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү - көчмө радиотелефон байланыш тармагы аркылуу билдирүүлөрдү кабыл алуу жана жиберүү;
көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү менен коштолгон кызмат көрсөтүүлөр - байланыш оператору өзү түздөн-түз жана/же башка тараптардын катышуусу менен көрсөтүлүүчү кызматтар (сервистик, информациялык-маалыматтык тейлөө, телематика, маалыматтарды берүү);
"чакырыкты кайра даректөө" кызматы - кирген чакырыкты бир телефондон экинчи телефонго, уюлдук же шаардык телефонго, "Үндүү почта" системасына, чакырылуучу абонентсиз эле үн аркылуу берилүүчү маалыматты кабыл ала турган башка техникалык каражатка кайра даректөө мүмкүнчүлүгү;
ыйгарым укуктуу жак - ишеним кат аркылуу байланыш операторунун атынан иш аткарган жана көрсөтүлгөн байланыш кызматы үчүн абоненттерден төлөм акы алуу ыйгарым укугуна ээ болгон жак, абонент анын кассасына акча каражатын төлөп, келишимге ылайык оператордун алдында өз милдетин аткарат;
SIM-карта - абоненттин жеке идентификациялык модулу, ал байланыш операторунун тармагына жолдун ачыктыгын камсыз кылат, ошондой эле берилген абоненттик номерди башкалар уруксатсыз колдонуусунан коргоону камсыз кылат.
4. Байланыш оператору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү тармактары аркылуу жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн, билдирүүлөрдүн купуялыгын камсыздоого. Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү тармактары аркылуу жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн, билдирүүлөрдүн купуялыгын чектөөгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана жол берилет;
- эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, көчмө радиотелефон байланыш тармагы аркылуу жиберилүүчү телефондук сүйлөшүүлөр жана билдирүүлөр жөнүндө маалыматтар абоненттерге гана же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө гана берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, абонент тууралуу маалыматтарды сурап билүүчү жана башка маалыматтык кызматтарды көрсөтүү үчүн абоненттин кат жүзүндөгү макулдугу боюнча гана пайдаланууга же башка жактарга берүүгө.
5. Юридикалык жак (корпоративдик кардар) оператор менен түзүлгөн келишим боюнча көчмө радиотелефон байланыш абоненттеринин эсебин жүргүзүүгө милдеттүү.
6. Байланыш оператору абоненттердин жеке маалыматтарын сактоо үчүн керектүү уюштуруу чараларын көрүүгө милдеттүү.
Кызмат керсөтүүлөргө төлөм акыны эсептешүү жана ошондой эле дооматтарды териштирүү максатында абонент жөнүндө жеке маалыматтарды карап чыгуу үчүн абоненттин макулдугу талап кылынбайт.
7. Табигый жана/же техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда байланыш оператору келишимдерде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте абоненттерге көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүнү убактылуу токтотууга же чектөөгө укуктуу.
8. Байланыш оператору көчмө байланыш тармагындагы тармактын ишин убактылуу токтотууга алып келген чоң бузулуулар тууралуу жана мындай бузулууларды оңдоонун болжолдуу убактысы тууралуу абоненттерге жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кабарлоого милдеттүү.
Байланыш оператору жабдууларды тейлөө боюнча алдын алуучу оңдоо иштерин жүргүзгөн учурда ал жабдуулардын айрым бөлүктөрү же толук өчүрүлөөрүнө байланыштуу мүмкүн болгон үзгүлтүктөр жана мындай оңдоо иштерин жүргүзүүгө канча убакыт сарпталаары тууралуу бул иштер башталардан 5 календардык күн мурда абоненттерге кабарлайт.
9. Байланыш оператору көчмө радиотелефон байланыш тармагынын иштөөсүн алган лицензияга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык камсыздоого милдеттүү.
10. Көчмө радиотелефон байланыш кызматын пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келген гана абоненттик терминал көчмө радиотелефон байланыш тармагына туташтырылат.
11. Байланыш оператору абонентке көчмө байланыш кызматын суткасына 24 саат пайдалануу мүмкүндүгүн камсыздайт.
12. Байланыш оператору абонентке Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган бардык шашылыш ыкчам кызматтарга сутка бою жана акысыз чакырык жиберүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоого милдеттүү.
13. Байланыш оператору абоненттерге көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүгө байланышкан маалыматтарды берүү максатында, маалыматтык-сурап билүүчү тейлөө системасын уюштурууга милдеттүү.
14. Маалыматтык-сурап билүү тейлөө системасында акы төлөнүүчү жана акысыз маалыматтык-сурап билүүчү кызматтар көрсөтүлөт.
15. Байланыш оператору төмөнкүдөй акысыз маалыматтык-сурап билүү кызматтарын көрсөтөт:
1) төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
- көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү жөнүндө;
- кызмат көрсөтүү тарифтери, көчмө байланыш тармагынын тейлөө аймагы жөнүндө;
- телематикалык байланыш кызматын пайдалануу үчүн абоненттик жабдууларды ыкташтыруу жөнүндө;
- абонентке анын жеке эсебинин абалы жөнүндө жана көчмө байланыш кызматына карыздарын төлөө боюнча карызы жөнүндө;
- акы төлөнүүчү жана акысыз маалыматтык-сурап билүүчү кызматтар жөнүндө;
- оператордун реквизиттери, оператордун офисинин жана филиалдарынын жайгашкан орду жана иштөө режими жөнүндө, ыйгарым укуктуу жактардын кассалары турган жерлер жөнүндө;
- көчмө байланыш тармагында абоненттик терминалдарды пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө.
2) сутка бою абоненттен көчмө байланыш кызматын пайдаланууга жолтоо болгон техникалык бузуктар жөнүндө, SIM-карта же (SIM-картаны пайдалануу болжолдонбогон) абоненттик терминал жоголгондугу жөнүндө маалыматтарды кабыл алат;
3) абоненттен анын жеке маалыматтары өзгөргөндүгү тууралуу маалыматтарды кабыл алат.
Байланыш оператору акысыз маалыматтык-сурап билүүчү кызматтардын тизмесин кыскарта албайт.
16. Маалыматтар оператордун товарларды чекене сатуу жана кызмат көрсөтүүчү жайларынан берилет, ошондой эле оператор башка ыкмалар менен, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу (мезгилдүү басма сөздө, оператордун веб-сайты) тарата алат.
17. Байланыш оператору акы төлөнүүчү маалыматтык-сурап билүү кызматтардын тизмесин өз алдынча түзөт.
18. Байланыш оператору абоненттердин электрондук маалымат жыйнагын түзөт, буга алдын ала төлөнүүчү пакет ээлери, ошондой эле абоненттердин кирген жана чыккан чакырыктары жөнүндө маалыматтардын базасы кирет (күнү, убактысы, сүйлөшүүнүн узактыгы, абоненттик терминалдардын идентификациялык маалыматтары, чыгыш жана кириш маршруттар жана болгон байланыштыруулар жөнүндө башка техникалык маалыматтар).
19. Байланыш оператору абоненттерге көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүдөгү колдонулуп жаткан тарифтердеги өзгөртүүлөр ишке киргизилери, комплекстүү тарифтик пландар өзгөртүлөөрү, айрым акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр токтотула тургандыгы жөнүндө SMS-билдирүүлөрдү жиберүү жолу менен, оператордун веб-сайты аркылуу же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу он календардык күндөн кечиктирбей билдирүүгө милдеттүү.
Эгер тарифтердин жогорулашы салык алымдарынын жогорулашынын же кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына жаңы салык киргизилгендигинин натыйжасында келип чыкса, бул жөнүндө абоненттерге кабарлоо талап кылынбайт.
20. Байланыш оператору ар башка көчмө байланыш операторлорунун абоненттеринин ортосундагы ар кандай билдирүүлөрдү жиберүү мүмкүнчүлүгүн тармактар аралык кошуу келишиминин негизинде камсыз кылат.
21. Байланыш оператору абонент бир көчмө байланыш операторунан башка операторго өткөн учурда абоненттик номердин сакталышын (техникалык мүмкүнчүлүк бар болгон учурда) камсыз кылат.
22. Байланыш тармактарынын нумерациясы өзгөртүлгөн учурда, байланыш оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, абоненттердин макулдугусуз эле, мындай өзгертүүлөрдүн мөөнөтү жана себеби жөнүндө SMS-билдирүү жиберүү жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кабарлап туруп, абоненттик номерлерди алмаштырат. Жеке адамдарга номерди алмаштырганга чейин - 30 иш күндөн кечиктирбей, юридикалык жактарга 6 айдан кечиктирбей алдын ала билдирүү жиберилет.
Номерлерди алмаштырууну байланыш оператору абоненттерден кошумча акы албастан ишке ашырат.
Жок болуп иштебей калган номерге чакырык жиберилген учурда, калкка байланыш операторунун тармагында нумерация өзгөртүлгөндүгү тууралуу билдирүү электр байланыш операторунун техникалык каражаттарын (автоинформаторду) пайдалануу менен 6 ай бою берилет.
23. Абонент башка абоненттин жеке эсебине касса аркылуу, алдын ала төлөм картасы, терминалдык каражат аркылуу жана башка ыкмалар менен акча каражатын жаңылыш киргизип алса, мындай төлөм киргизилген учурдан 24 саат өтүп кеткенден кийин абоненттен оозеки же кат жүзүндөгү арыз келип түшсө буга байланыш оператору жоопкерчилик тартпайт.
24. Абонент көчмө радиотелефон байланыш кызматын мыйзамга каршы максаттарда пайдаланбоого, ошондой эле операторго жана/же башка жактарга зыян келтире турган иш-аракеттерди жасабоого тийиш.
25. Абонент көчмө радиотелефон байланыш кызматын лотерея, добуш берүү, сынак, викторина, жарнама, сурамжылоо жүргүзүү, жапырт билдирүүлөрдү жиберүү үчүн, туруктуу байланыш тармагына, Интернет-телефонияга кирүү үчүн шлюздарды орнотууга жана чакырыктын багытын же телефондук байланыштыруу тартибин өзгөртүү үчүн, же байланыш жабдууларынын же түзүлүштөрүнүн ишин бузуучу, келишимде көрсөтүлбөгөн башка иш-чаралар үчүн оператордун кат жүзүндөгү уруксатысыз пайдаланууга укугу жок.
26. Абонент байланыш тармагына туташтыруу үчүн сертификатталган абоненттик терминалды пайдаланат.
27. SIM-картаны же SIM-картаны колдонуу кажети жок болгон абоненттик терминалды башка бирөөгө берүүдө, абонент 10 календардык күндүн ичинде оператордун тейлөө-борборунда (же оператор жайгаштырган башка жерде) келишимди ошол адамга кайра тариздөөгө тийиш.
28. Абонент өлкөдөн сыртка чыгып жаткандыгына байланыштуу SIM-картаны же абоненттик терминалды пайдалануусун токтоткондо бул тууралуу оператордун тейлөө-борборуна телефон аркылуу билдирет жана SIM-картаны токтотуп коюу үчүн жашыруун сөзүн айтат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 20 токтомунун редакциясына ылайык)
2-бап. Келишим түзүү тартиби жана шарттары
29. Көчмө байланыш кызматы келишимдин негизинде көрсөтүлөт. Келишим кат жүзүндө 2 нускада түзүлөт жана эки тараптын колу коюлат. Келишимде байланыш операторунун ыйгарым укуктуу адамынын коюлгон колу байланыш операторунун же байланыш оператору анын атынан келишим түзүү үчүн ыйгарым укук берген уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Келишимди абонент бир же бир нече абоненттик номерди пайдалануу үчүн түзсө болот. Келишим түзүүгө акы алынбайт.
30. Келишим чектелбеген мөөнөткө түзүлөт.
Абоненттин каалоосу менен келишим белгилүү мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн. Тараптар белгиленген мөөнөткө келишим түзгөн учурда анын жарактуулук мөөнөтү келишимде көрсөтүлөт.
31. Абонентке көчмө байланыш кызмат көрсөтүүгө техникалык мүмкүнчүлүк жок болгондон башка учурларда оператор абоненттин каалоосу боюнча аны менен келишим түзүүгө милдеттүү.
Оператор келишим түзүүдөн баш тартса же келишим түзүүдөн качса, келишим түзүүнү көздөгөн тарап операторду келишим түзүүгө мажбурлоо жана анын аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында коротулган чыгымдарынын ордун төлөтүп берүү жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укуктуу.
Көчмө байланыш кызматын көрсөтүүгө техникалык мүмкүнчүлүк жок экендигин далилдөө байланыш операторуна жүктөлөт.
32. Байланыш оператору үчүнчү жакка өзүнүн атынан жана эсебинен келишим түзүүнү жана оператордун атынан абонент менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырууга укуктуу.
Үчүнчү жак байланыш операторунун атынан жана эсебинен түзгөн келишим боюнча укуктар жана милдеттер байланыш операторунун өзүндө гана пайда болот.
33. Келишим түзүү үчүн:
1) юридикалык жактын кызыкчылыгы үчүн келишим түзүүгө ыйгарым укук берилген жак байланыш операторуна төмөнкүлөрдү берет:
- келишим түзүүдө юридикалык жактын атынан чыгууга ишеним кат, өкүлдүн ким экендигин тастыктоочу документтер менен кошо;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсүн;
2) жеке ишкер байланыш операторуна жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөнү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсүн жана өзүнүн ким экендигин тастыктаган документин берет;
3) жеке адам байланыш операторуна өзүнүн ким экендигин тастыктаган документин көрсөтөт.
34. Келишимде төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) келишим түзүлгөн күн жана орду:
2) байланыш операторунун аталышы, жетекчинин фамилиясы, аты, атасынын аты;
3) байланыш операторунун алыш-бериш эсептеринин реквизиттери;
4) байланыш операторуна берилген лицензиянын реквизиттери;
5) абонент жөнүндө маалыматтар (жеке адам үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты, ким экендигин тастыктаган документинин реквизиттери, юридикалык жак үчүн - ишкананын аталышы, жетекчинин фамилиясы, аты, атасынын аты, башкы офиси жайгашкан жери, банктык реквизиттери);
6) башка байланыш оператору көрсөтүүчү байланыш кызматтарын пайдаланууга жана андай кызматтарды көрсөтүү үчүн аларга абонент жөнүндө маалыматтарды берүүгө абоненттин макулдугу (каршылыгы);
7) абоненттик номер;
8) өзү жөнүндө маалыматтарды маалыматтык-сурап билүү тейлөө системасында колдонууга абоненттин макулдугу (каршылыгы);
9) эсепти коюу ыкмасы;
10) тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери;
11) келишимдин жарактуулук мөөнөтү;
12) акча каражаттарын кайтарып берүү максатында абоненттин контакттык маалыматтары.
35. Келишимде төмөнкүдөй маанилүү шарттар көрсөтүлөт:
1) байланыш операторуна бөлүнүп берилген номерлөө ресурсунан абонентке ыйгарылган абоненттик номер, көчмө байланыш тармагында абоненттик номерди алмаштыруу жагдайлары жана тартиби;
2) абоненттик терминалдардын жана бөлүнүп берилген абоненттик номерлердин санын пайдаланылып жаткан тарифтик планга ылайык көбөйтүү/азайтуу тартиби;
3) көчмө радиотелефон байланышынын кызматтары, кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде роумингди алуунун тартиби;
4) эсептешүүлөрдүн тартиби, мөөнөтү жана формасы;
5) көчмө радиотелефон байланыш кызматына акы төлөө системасы (аванстык/кредиттик);
6) тарифтик план жана аны өзгөртүү учурлары;
7) абоненттердин арыздарын, даттанууларын жана дооматтарын кароонун тартиби;
8) сурап билүү кызматынын жана техникалык колдоо кызматынын телефондорунун номерлери;
9) байланыш тармактары аркылуу таркатылуучу акы төлөнүүчү жана/же акысыз жарнамаларды алуу жана/же албоо мүмкүнчүлүгү жана тартиби;
10) көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүнү токтото туруучу учурлар жана тартиби;
11) көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүдөгү кемчиликтерди жоюунун мөөнөтү жана тартиби;
12) SIM-картанын номери;
13) келишимди ажыратуунун тартиби жана ажыратуучу учурлар.
36. Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүгө келишим түзүүдө абонент жашыруун сөз көрсөтөт, келишимди аткарууда бул сөз аны идентификациялоо үчүн керектелет.
SIM-карта же SIM-картаны колдонуу кажети жок болгон абоненттик терминал жоголгон учурда абонент операторго телефон аркылуу билдирет. Оператордун техникалык кызматкери SIM-картаны же телефондун номери төмөнкүдөй учурларда токтотуп коёт:
- абонент оозеки кайрылып, жашыруун сөздү билдиргенде;
- абонент кат жүзүндө кайрылып, жашыруун сөздү билдирбегенде.
Келишимде SIM-карта же SIM-картаны колдонуу кажети жок болгон абоненттик терминал жоголгондугу тууралуу операторго билдирүүнүн башка жолдору көрсөтүлүшү мүмкүн.
SIM-карта абонент оператордун тейлөө борборуна (же тейлөө борборунун филиалына) берген кат жүзүндөгү арызынын жана ким экендигин тастыктоо үчүн көрсөткөн документинин негизинде калыбына келтирилет.
37. Абонент келишим түзүп жаткан байланыш операторунун документтери (лицензиясы, мамлекеттик каттоодон өткөнү тууралуу күбөлүгү) менен таанышууга укуктуу.
38. Келишим бир нече абоненттик номерге түзүлгөн учурда байланыш оператору 180 календарлык күндөн ашык пайдаланылбаган абоненттик номерди, же 90 календардык күндөн ашык убакыт бою карызды төлөбөстөн пайдаланылган абоненттик номерди абонентке кабарлап жана келишимди ажыратпастан алып коюуга укуктуу.
39. Байланыш оператору абонентке көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүнү токтото туруу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү же кыска тексттик билдирүү жиберет, анда көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүнү токтотуучу дата көрсөтүлөт, бул төмөнкүдөй учурларда жиберилет:
- абоненттик терминалы жана/же абоненттин идентификациялык картасы бузулганы (жок кылынганы) же жоголгону (уурдалганы) тууралуу абоненттен оозеки билдирүү түшкөндө (оозеки кайрылганда жашыруун сөз айтылса) же жазуу жүзүндө арыз түшкөндө, эгер оозеки кайрылганда жашырын сөздү айтпаса кайрылгандан кийин 24 сааттын ичинде;
- абонент келишимдин же ушул Эреженин шарттарын бузганда, анын ичинен абонентке көрсөтүлгөн кызматка акы төлөө мөөнөтүн кечиктиргенде.
40. Абоненттин SIM-картаны жана абоненттик номерди пайдалануу укугун сактоо жөнүндө арызынын негизинде байланыш оператору ушул кызматты көрсөтүүнү алдын ала караштырууга милдеттүү.
41. Алдын ала төлөнгөн кызмат көрсөтүүлөр пакетин пайдаланган учурда, абонент көчмө байланыш оператору менен келишим түзөт жана баштапкы балансы бар, абонент тандап алган тарифтик планга программалаштырылган абонентти идентификациялоочу картаны (SIM-картаны) байланыш операторунан же байланыш оператору сатуу укугуна уруксат берген ортомчулардан сатып алат.
42. Байланыш оператору абонентке өзүнчө акы төлөнүүчү кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү абоненттин макулдугусуз көрсөтүүгө укугу жок.
Байланыш оператору өзгөчө, шашылыш жана адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө жана жашоо чөйрөсүнө коркунуч жаралган өзгөчө кырдаалдарда жиберилген эскертүү билдирүүлөрдөн башка учурларда, мамлекеттик органдар жана башка уюмдар тарабынан жиберилүүчү SMS-билдирүүлөрдү саат 23.00дөн кийин жөнөтүүгө жол бербейт.
Байланыш оператору көчмө радиотелефон байланыш кызматынын бир түрүн башка байланыш кызматтарын милдеттүү көрсөтүү менен шартташтырууга укугу жок.
Абоненттин өз демилгеси боюнча абоненттик терминалдан команда берүү жолу менен кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүүгө жана тарифтик планды өзгөртүп алуусуна жол берилет.
3-бап. Кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү жана сапаты
43. Абонентке көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси абонент тандап алган тарифтик план жана оператордун (үчүнчү жактын) сунушу менен абонент заказ кылган башка кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү эске алуу менен аныкталат.
Көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси абоненттик жабдуунун мүмкүнчүлүгүнө жараша аныкталат. Роуминг боюнча көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси роуминг операторунун жана/же анын өнөгүнүн тармагынын мүмкүнчүлүгүнө жараша болот.
44. Көчмө радиотелефон байланыш кызматын оператор келишим түзүлгөндөн кийин жыйырма төрт сааттан кечиктирбестен аткара баштайт. Алдын ала төлөө тарифтери боюнча көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимде белгиленген тартипте жана шарттарда, алдын ала төлөнгөндөн кийин аткарыла баштайт.
45. Оператордун абонентке көрсөткөн кызматтарынын көлөмүн аныктоо эсептөөлөрдүн автоматташтырылган системасындагы (мындан ары - ЭАС) көрсөткүчтөрдүн же башка байланыш операторлорунун байланыш жабдууларынын, атап айтканда абонентке роуминг байланыш кызматын аткаргандагы көрсөткүчтөрдүн негизинде аткарылат.
46. Алдын ала берилген төлөмдөрдүн суммасына жана мурда байланыш оператору көрсөткөн кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебине карата жеке эсебиндеги калдык жөнүндө маалыматты абонент оператордон (оператордун үн байланыш, Интернет жана/же башка сервистеринен) алса болот.
47. Абонент кошумча абоненттик номерлерди байланыш операторуна бардык карыздарын төлөгөндөн кийин алат.
48. Тармактын радио камтуу аймагындагы көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүнүн сапаты колдонуудагы техникалык ченемдерге ылайык болууга тийиш.
49. Абонент бузулган, же белгиленген талаптарга жооп бербеген абоненттик терминалды колдонгондуктан, же өндүрүүчү жана оператор менен макулдашылбай туруп өзгөртүлгөн же модификацияланган абоненттик терминалды колдонгондуктан кызмат көрсөтүүнүн начарлаганы үчүн байланыш оператору жоопкерчилик тартпайт.
50. Форс-мажордук жагдайларда кызмат көрсөтүү убактылуу чектелгенден же токтотулгандан, ошондой эле оператор авариялык же пландуу оңдоо жумуштарын жүргүзгөндөн, же оператордун байланыш тармагын өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча жумуштар жүргүзүлгөндөн башка учурларда байланыш оператору көчмө байланыш тармагынын ишин алынган лицензияга жана техникалык ченемдерге ылайык үзгүлтүксүз камсыздоого милдеттүү.
51. Бирдей тарифтик план боюнча көрсөтүлүп жаткан көчмө радиотелефон байланыш кызматынын тарифтери бардык абоненттер үчүн бирдей болууга тийиш. Байланыш оператору менен абоненттин эсептешүүлөрү улуттук валютада жүргүзүлөт.
52. Көчмө радиотелефон байланыш кызматын пайдаланууда туташтыруунун узактыгы чакырыкка байланыш операторунун тармагынын коммутаторунун авто-жооп бергичинен башка кимдир бирөө же абоненттик терминал жооп берген учурдан тартып байланыш аяктаганга чейин эсепке алынат. Эгер абонент жооп бербесе туташтыруу үчүн акы алынбайт.
Төмөнкүдөй техникалык каражаттардын жооп бериши, абоненттин жооп бергендигине теңештирилет:
- номерди автоматтык түрдө аныктоочу абоненттик терминал (уюлдук операторлордун жана цифралык станциялардын номерди аныктагычтарынан башкалар);
- авто-жооп бергич менен жабдылган абоненттик терминал;
- факсимилдик аппарат;
- модем.
53. "Конференц-байланыш", "чакырыкты күтүү" кызматын пайдаланууда, чакырган абонент байланышка катышкандардын бардыгы үчүн байланыш акысын төлөйт.
54. "Чакырыкты кайра даректөө" кызматын пайдаланганда чакырган абонент байланыш операторунун чакырыкты кайра даректөө орнотулган абоненттик номерге чейинки кызмат акысын колдонуудагы тарифке ылайык төлөйт.
"Чакырыкты кайра даректөө" кызматын пайдаланганда бул кызматты орнотуп алган абонент байланыш операторунун чакырык кайра даректелген абоненттик номерге чейинки кызматынын акысын төлөйт.
55. Автоматтык роумингде, роуминг кызматын орноткон абонент чыккан жана кирген чакырыктарды туташтыруу акысын келишимге ылайык төлөйт.
56. Абонентке көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлеө үчүн эсеп коюуга оператордун автоматташтырылган эсептешүү системасындагы көрсөткүчтөр негиз болот.
57. Байланыш оператору абонентке көрсөтүлгөн кызмат үчүн телөөгө эсепти автоматташтырылган эсептешүү системасынын (АЭС) көрсөткүчтөрүнүн негизинде, ушул Эрежеде каралган тартипте, абонент келишимде көрсөткөн реквизиттер боюнча акысыз коёт.
58. Көрсөтүлгөн кызмат үчүн абоненттен акы түшкөндүгү боюнча операциялар жөнүндө, пайдаланылган кызматтардын көлөмү жана алардын тарифтери жөнүндө маалыматтар оператордун автоматташтырылган эсептешүү системасында (ЭАС) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнөн кем эмес убакытка сакталат.
59. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер, телефондук туташтыруунун тарифтик бирдигинин өлчөмү жана акы төлөөнүн тартиби оператор тарабынан тарифтик пландарда өз алдынча белгиленет. Тарифтик планда анын колдонуу мөөнөтү жана аймагы жөнүндө маалыматтар да көрсөтүлөт.
Телефондук туташтыруунун тарифтик бирдигинин өлчөмү 10 секунддан ашпашы керек, мында байланыш оператору өз тармагынын абоненттери үчүн эл аралык туташтыруудан сырткары, телефондук туташтыруунун тарифтик бирдигинин секунд боюнча өлчөмү менен бир нече (экиден кем эмес) тарифтик пландын болуусун камсыз кылууга милдеттүү.
Эл аралык туташтырууларга телефондук туташтыруунун тарифтик бирдигинин өлчөмү байланыш операторлору тарабынан өз алдынча белгиленет. Мында телефондук туташтыруунун тарифтик бирдигинин өлчөмү бир минутадан ашык болбошу керек, ал эми туташтыруу чеги эл аралык туташтырууларга карата колдонулбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 20 токтомунун редакциясына ылайык)
60. Туташтыруунун наркы байланыштыруу чегине жетпеген узактагы сүйлөшүүдөн сырткары, туташтыруу учурунан тартып туташтыруу ажыратылганга чейинки сүйлөшүүнүн узактыгына жараша (телефондук туташтыруунун тарифтик бирдигинин саны боюнча) аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 20 токтомунун редакциясына ылайык)
61. Абонент пайдаланган көчмө радиотелефон байланыш кызматынын жана башка бардык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы эсептешүү убактысы үчүн суммаланат. Эсептешүү мөөнөтүн оператор өз алдынча аныктайт, бирок абонент роумингде пайдаланган кызматтардан башка учурларда эсептешүү мөөнөтү бир айдан ашпоого тийиш.
62. Кызмат көрсөтүүдө колдонулуучу эсептешүү ыкмасы келишимде (жана/же тарифтик планда) көрсөтүлөт. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка шарттар каралбаса, эсептешүү ыкмасын колдонууга негиз болуучу шарттарды оператор аныктайт жана алар тарифтик планда көрсөтүлөт.
63. Эсептешүүнүн аванстык ыкмасы:
- кызмат көрсөтүулөр башталганга чейин абоненттин жеке эсебине аванс (алдын ала төлөм) киргизилет, бул абоненттин жеке эсебинде калдыктын жетиштүү болушун камсыз кылат. Аванстын эң аз өлчөмүн тарифтик планга жараша байланыш оператору аныктайт;
- абонент менен эсептешүү эсептешүүчү мезгилде иш жүзүндө көрсөтүлгөн кызматтар үчүн, мурда төлөнгөн аванстын суммасын эске алуу менен ишке ашырылат;
- абоненттин жеке эсебине салынган аванстык төлөм пайдаланылышына жараша, абонент пайдаланган кызматтарга акы төлөө үчүн керектелет. Аванстык төлөмдүн суммасын абонент өзү, пайдалана турган кызматтын көлөмүнө жана тандап алган тарифтик планга жараша аныктайт;
- келишим түзгөндө абонент тандап алган тариф боюнча аныкталган суммада алгачкы аванстык төлөм салууга тийиш.
64. Абоненттин келишимдеги милдеттенмени аткаруусун камсыздоо максатында байланыш оператору абоненттин жеке эсебинде кызмат көрсөтүүнүн тизмесине, көлөмүнө жана абонент тандап алган тарифтик планга жараша ылдыйлабай турган калдыкты белгилөөгө укуктуу.
65. SIM-картадан 180 күндүк мөөнөттүн ичинде чалуулар болбосо же 90 календардык күндөн ашык убакыт бою карыз төлөнбөсө келишим бузулду деп эсептелет. Абоненттин жеке эсебинде калдык акча бар болсо ал абонентке кайра берилет.
66. Абонентке тиешелүү акча абоненттин акчаны кайра берүү жөнүндө арызы катталган күндөн тартып он беш календардык күндүн ичинде берилет.
Абонент роумингде болгон учурда абонентке тиешелүү болгон акча келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө кайра берилет. Бул мөөнөт абоненттен операторго тиешелүү арыз берилген учурдан тартып 90 календардык күндөн ашпайт.
67. Эсептешүүнүн кредиттик ыкмасы:
- эсептешүүнүн кредиттик ыкмасында абонент эсептешүүчү мезгилдин ичинде иш жүзүндө көрсөтүлгөн кызматтар үчүн ушул Эреженин шарттарына ылайык акы төлөйт. Акы абонент пайдаланган кызматтардын түрүнө, көлөмүнө жана тандап алган тарифтик планга жараша төлөнөт;
- иш жүзүндө көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөө милдеттенмесин аткаруу, абоненттин оператор аныктаган тарифтик планга жараша белгиленген суммадагы акчаны салуусу менен ишке ашырылат. Абонент көрсөтүлгөн кызматка акы төлөө милдеттенмесин аткарбаган учурда, оператор абоненттин камсыз кылуу максатында берилген акча каражатын пайда болгон карызды жоюуга жумшоого укуктуу;
- байланыш оператору абоненттин жеке эсебине кредиттик лимит (чек) коюуга укуктуу, ал чекке жеткенде байланыш оператору кызмат көрсөтүүнү чектөөгө же токтотуп коюуга жана/же иш жүзүндө көрсөтүлгөн кызмат үчүн кезексиз эсеп коюуга укуктуу, ал ушул эсепте көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде төлөнүшү керек;
- кезексиз эсеп эсептешүү мөөнөтүнүн узактыгынан аз убакыт аралыгы үчүн коюлат;
- оператордун эсебине же ыйгарым укуктуу жактын кассасына көрсөтүлгөн кызматтардын өлчөмүнө жетиштүү акча каражат өз убагында түшпөсө, байланыш оператору оператордун эсебине же ыйгарым укуктуу жактын кассасына тиешелүү акча каражат түшкөнгө чейин кызмат көрсөтүүнүн көлөмүн чектөөгө же убактылуу толугу менен токтотуп коюуга укуктуу;
- кредиттик лимиттин (чектөөнүн) өлчөмүн оператор пайдаланылуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүнө, көлөмүнө жана наркына (тарифтик планга) жараша аныктайт.
68. Байланыш оператору ай сайын, эсептешүү мөөнөтү бүткөндөн баштап 5 (беш) иш күндүн ичинде абонентке тандап алган тарифтик планга, абонент суранган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүнө жана көлөмүнө жараша оператордун АЭС көрсөткүчтөрүнүн негизинде эсепти коёт.
69. Эсептешүү мөөнөтү аяктагандан кийин, эгер абонент тандаган тарифтик планда эсепти жеткирүү кызматы каралган болсо жана абонент суранган болсо, байланыш оператору 7 иш күндүн ичинде абонентке эсепти жиберет. Эгер абонент эсепти жеткирип берүүнү суранбаса (эсепти жеткирүү дареги катары оператордун офиси көрсөтүлөт), абонент эсептешүү мөөнөтү аяктагандан кийин 10 иш күндүн ичинде оператордун офисинен эсеп менен таанышууга жана алууга укуктуу.
70. Абонент эсепти келишимде көрсөтүлгөн убакыттын ичинде төлөөгө милдеттүү.
71. Эсеп абоненттин күнөөсү менен алынбаса же кеч алынса, мындай себеп абоненттин көрсөтүлгөн кызматка акы төлөөдөн баш тартуусуна же төлөө мөөнөтүн узартууга, бөлүп-бөлүп төлөөгө негиз боло албайт.
72. Абонент көрсөтүлгөн кызмат боюнча байланыш операторунун эсебине же ыйгарым укуктуу жактын кассасына эсептен ашык төлөгөн сумма түшкөн учурда андай ашык сумма оператордун кийинки эсептешүү мөөнөтүндө көрсөтүүчү кызматы үчүн эсептешкенде пайдаланылат, же абонентке кайра берилет.
73. Жаңы абоненттик номерлер берилгенде абонентке SIM-картаны байланыш операторунун тармагына туташтыргандык үчүн акыны, абонент тандап алган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнө, көлөмүнө жана тарифтик планына ылайык аванстык жана башка акыларды кошо камтыган эсеп коюлат.
Тиешелүү сумма оператордун эсебине же ыйгарым укуктуу жактын кассасына келип түшкөнгө чейин, байланыш оператору абонентке кызмат көрсөтпөй турууга укуктуу.
74. Абоненттин акча боюнча милдеттенмеси аткарылган учур деп тиешелүү сумма оператордун кассасына же ыйгарым укуктуу жактын кассасына түшкөн учур эсептелет.
75. Абонент көрсөтүлгөн кызмат үчүн акыны абоненттин жеке эсебин жана/же тиешелүү абоненттик номерлерди көрсөтүү менен төлөйт. Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн эсептешүү максатында тийиштүү туташтыруу учурда колдонулган тариф колдонулат.
76. Байланыш операторунун күнөөсү менен байланыш болбогон учурда байланыш оператору абоненттин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча абоненттик төлөмдү (сутка боюнча, ай боюнча) кайра эсептөөгө милдеттүү.
77. Көчмө байланыш кызматына эсеп туура коюлбаса, көчмө байланыш кызматы абонент суранбаган учурда көрсөтүлсө, ошондой эле көчмө байланыш операторунун күнөөсү менен байланыш болбосо абонент көчмө байланыш кызматы үчүн акыны кайра эсептөөнү же төлөнгөн сумманы кайра берүүнү талап кылууга укуктуу.
78. Роумингде көрсөтүлгөн кызматтар үчүн эсептешүү башка операторлордон аткарылган кызмат жөнүндө маалымат АЭСке келгенине жараша, бирок кызмат көрсөтүлгөндөн кийнн 90 календардык күндөн кечиктирилбестен ишке ашырылат.
79. Эгер абоненттин жеке эсебиндеги акчанын калдыгы эң аз деңгээлге жетсе, оператор кызмат көрсөтүүнү толук токтотууга милдеттүү. Кызмат көрсөтүү абонент жеке эсебин эң аз деңгээлден жогору турган суммага чейин толуктагандан кайра башталат. Жеке эсептеги калдык жөнүндө маалыматты абонент оператордон акысыз алат.
80. Абонент келишимдеги өзү жөнүндө маалыматтар өзгөргөндө, байланыш операторуна жаңы маалыматтарды андай өзгөрүүдөн кийин, 10 иш күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.
81. Абонент оператордун көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүгө байланышкан чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиги) боюнча даттанууга укуктуу.
82. Байланыш операторунда даттануулар жана сунуштар китеби болушу жана аны абоненттин биринчи талабы боюнча берүүгө милдеттүү.
83. Абоненттин даттануулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.
84. Байланыш оператору көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү боюнча милдеттенмелерин аткарбаса же тийиштүү түрдө аткарбаса абонент байланыш жагындагы ыйгарым укуктуу органга же сотко кайрылганга чейин, дооматын байланыш операторуна билдирет.
85. Доомат жазуу жүзүндө берилет жана электр байланыш оператору аны алган күнү каттоого тийиш.
Абонент кызмат көрсөтүүнүн сапаты, көчмө байланыш операторунун кызматтарынын жана кызматкерлеринин ишиндеги кемчиликтер, туура эмес жүргүзүлгөн эсептөөлөр боюнча доомат коюуга укуктуу.
Кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга, келишимде каралган милдеттенмелерди өз убагында аткарбагандыкка же так аткарбагандыкка, көрсөтүлгөн кызмат үчүн коюлган эсепке макул болбогон учурларга байланышкан дооматтар кызмат көрсөтүлгөн күндөн, кызмат көрсөтүүдөн баш тарткан күндөн же эсеп коюлган күндөн тартып 3 айдын ичинде кабыл алынат.
86. Байланыш оператору абоненттин көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүгө акынын өлчөмүн азайтуу жөнүндө, ошондой эле көчмө байланыш кызматы үчүн төлөнгөн же көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүдөн баш тарткандыкка байланыштуу тарткан чыгымдарынын ордун төлөп берүү жөнүндө талаптарын негиздүү деп эсептесе, ал дооматты кабыл алынган күндөн кийин, 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө канааттандырууга тийиш.
Доомат толук бойдон, же айрым бөлугү кабыл алынбаса, же аны кароо үчүн белгиленген убакытта жооп келбесе, абонент сотко кайрылууга укуктуу.
87. Тараптар келишим боюнча өздөрүнө алышкан милдеттенмелерин аткарышпаса же тийиштүү түрдө аткарышпаса Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Байланыш оператору абоненттин алдында төмөнкүдөй учурларда жоопкерчилик тартат:
- көчмө радиотелефон байланыш тармагына кошууну камсыздоо мөөнөтүн бузганда;
- көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүнүн келишимде белгиленген мөөнөтүн бузганда;
- көчмө радиотелефон байланыш кызматынын келишимде аталган түрлөрү толук эмес көрсөтүлгөндө;
- көчмө радиотелефон байланыш кызматтары сапатсыз көрсөтүлгөндө;
- көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүгө байланышкан маалыматтар берилбегенде, толук берилбегенде же өз убагында берилбегенде;
- келишимди аткаруудан улам байланыш операторуна маалым болгон абонент жөнүндөгү маалыматтарды башкаларга берүүнү чектөө жөнүндө талаптар бузулганда;
- телефондогу сүйлөшүүлөрдүн жана билдирүүлөрдүн жашырындыгы сакталбаганда.
Абонент байланыш операторунун алдында төмөнкүдөй учурларда жоопкерчилик тартат:
- көчмө радиотелефон байланыш кызматына акыны төлөбөсө, толук төлөбөсө же өз убагында төлөбөсө;
- жабдууну пайдалануу эрежелерин сактабаса;
- белгиленген талаптарга туура келбеген абоненттик терминалды көчмө байланыш тармагына туташтырууга тыюу салган эрежени сактабаса;
- көчмө байланыш кызматын оператордун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз лотерея, добуш берүү, сынак, викторина, жарнама, сурамжылоо жүргүзүү, жапырт билдирүүлөрдү жиберүү үчүн, туруктуу байланыш тармагына, Интернет-телефонияга кирүү үчүн шлюздарды орнотууга же келишимде көрсөтүлбөгөн башка иш-чаралар үчүн пайдаланса.
Ал жеткис күч таасир эткен ("форс-мажор") кырдаал түзүлгөн учурда келишимдеги милдеттенмелерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон тарап башка тарапка андай кырдаал жана анын себеби жөнүндө дароо билдирүү жиберүүгө милдеттүү. Бул билдирүүдө ал жеткис күчтүн бар экени жана таасиринин убактысы жөнүндө тиешелүү орган берген ырастоочу документке шилтеме жасалат.
88. Абонент оператор менен толук эсептешип бүтүп, тиешелүү арыз берүү менен келишимди андан аркы аткаруудан баш тартууга укуктуу.
Абоненттин келишимди аткаруудан бир тараптуу баш тартуусу болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- эсептешүүнүн шарттарына ылайык кызмат көрсөтүү убактылуу токтотулгандан кийин абоненттин тарифтик планында көрсөтүлгөн мөөнөттө анын жеке эсебине жеке эсептеги калдыктын жетиштүүлүгү үчүн керектүү акча салынбаганы;
- келишимде жана/же абоненттин тарифтик планында көрсөтүлгөн убакыттын ичинде абонент акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланбаса.
89. Абонент келишимди аткаруудан баш тарткан же келишим башка себептердин негизинде бузулган учурдан баштап тараптардын келишимди ажыраткан учурга карата абонент пайдаланган, бирок төлөй элек милдеттеринен башка милдеттенмелери токтотулду деп эсептелет. Абонент пайдаланган кызматтарга акы төлөө милдеттенмесин аткаргандан кийин, келишим ажыратылган учурда келишим боюнча телөнгөн сумма менен пайдаланылган кызматтарга төлөнгөн сумманын айырмасын түзгөн абоненттин жеке эсебиндеги калган сумма абонентке ушул Эреженин 66-пунктунда белгиленген тартипте абонентке кайра берилет.
90. Байланыш оператору ушул Эрежеде каралгандан башка учурларда көчмө байланыш кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимди бир тараптуу буза албайт.
91. Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимдин жарактуулугу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
- эгер, абонент мурда көчмө радиотелефон байланыш кызматы көрсөтүлүп жаткан тарифтик план жоюлгандан кийин, абонентке тигил же бул иштеп жаткан тарифтик план жоюлганы тууралуу билдирилгенден соң отуз календардык күндүн ичинде башка тарифтик план боюнча тейлөөгө өтпөсө;
- эгер эсептешүүнүн кредиттик түрүндө абонентке көчмө байланыш кызматын көрсөтүү токтотулса жана ал отуз календардык күндүн ичинде өзүнүн көрсөтүлгөн кызмат үчүн акы төлөө милдеттенмесин аткарбаса;
- аванстык эсептешүү ыкмасын пайдаланган абонент өзүнүн жеке эсебиндеги акча түгөнгөндөн кийин 180 календардык күндүн ичинде, же байланыш оператору белгилеген жана 180 календардык күндөн кем эмес башка мөөнөттүн ичинде жеке эсебине акча салбаса;
- эсептешүүнүн телефондук төлөм картасын колдонгон абонент, ишке киргизилген акыркы төлөм картасынын иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин же алгачкы баланстын иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин, байланыш оператору аныктаган мөөнөттүн ичинде жаңы төлөм картаны ишке киргизбесе;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.