Система Orphus

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН


КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

 

ЧЕЧИМИ

 

2013-жылдын 28-ноябры № 12-р

жаран Игорь Алексеевич Трофимовдун кайрылуусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын кээ бир ченемдеринин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиев,

судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,

сот жыйналышынын катчысы: М.Ж.Азарованын;

кайрылуучу тарап - И.А.Трофимовдун;

жоопкер тарап - ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.Р.Садыковдун катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1-, 6-, 8-, 9-, 10-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-, 18-, 19-, 37-, 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-, 8-, 9-, 10-, 11-, 13-, 14-, 17-, 22-, 23-, 28-беренелеринин, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-, 29-беренелеринин, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамынын 38-, 164-беренелеринин, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин конституциялуугун текшерүү жөнүндө иш ачык соттук жыйналышта карады.

Жаран Игорь Алексеевич Трофимовдун өтүнүчү каралуучу иштин себеби болуп саналат.

Ишти кароого негиз болуп, жогоруда аталган мыйзамдардын талаш-тартыш болгон ченемдери Конституцияга ылайык келүү маселесинде күмөндүүлүктүн пайда болгондугу саналат.

Соттук жыйналышка ишти даярдаган судья - баяндамачы Э.Ж.Осконбаевдин маалыматын угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 22-августунда жаран Игорь Алексеевич Трофимовдон "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-, 8-, 9-, 10-, 11-, 13-, 14-, 17-, 22-, 23-, 28-беренелеринин, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-, 29-беренелеринин, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-, 164-беренелеринин, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүч түшкөн.

Арыз берүүчүнүн пикири боюнча, көрсөтүлгөн мыйзамдардын талаш-тартыш болгон ченемдери мамлекеттик тилди билбеген адам үчүн Омбудсмен (Акыйкатчы) болуп шайланууга, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жумуш кылууга, Жогорку Кеңештин Төрагасынын, Премьер-министрдин, Жогорку соттун Төрагасынын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын Төрагасынын кызмат орундарын ээлөөгө, расмий мамлекеттик, коомдук-саясий иш-чараларда катышууга, расмий тилде мамлекеттик документти алууга, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөөгө, Кыргыз Республикасында ага түшүнүктүү болгон тилде почта кат-кабарларын жөнөтүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынып жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого катышууга мүмкүндүк бербейт.

Кайрылуучу тараптын пикири боюнча, андай ченемдер Конституциянын 6-беренесинин 1-бөлүгү, 10-беренесинин 3-бөлүгү, 16-беренесинин 2-бөлүгү, 20-беренесинин 3-бөлүгү, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту жана 4-бөлүгү менен каралган Конституциянын негиз салуучу ченемдери бузулуп жатат деп эсептейт.

2013-жылдын 23-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын аныктамасы менен жаран И.А.Трофимовдун кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган.

Сот жыйналышында И.А.Трофимов өз талаптарынын көлөмүнүн азайгандыгы жөнүндө оозеки өтүнүчүн билдирген жана мамлекеттик менен расмий тилдерди колдонуу жана билүү маселелерине тиешеси болбогон бөлүктөрүндө өтүнүчүн кайра чакыртып алган, калган бөлүктөрүндө өз талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну суранды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.Р.Садыков арыз берүүчүнүн жана анын өкүлүнүн далилдери менен макул болбой, талаптардын жүйөлөрү эч негизсиз жана четке кагууга жатат деп эсептейт.

Конституциялык палата тараптардын далилдерин талкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөндөгүдөй тыянактарга келди:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

И.А.Трофимов талаптарынын көлөмүн азайтуу жөнүндө өтүнүчүн эске алуу менен Конституциялык палатанын кароо предмети болуп "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгү, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-, 8-, 9-, 10-, 11-, 13-, 14-, 22-, 23-, 28-беренелери, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 3-бөлүгү, 27-беренесинин 3-бөлүгү, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 1-бөлүгү жана 164-беренесинин 1-бөлүгү, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пункту эсептелет.

2012-жылдын 18-июнундагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ("Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 29-июнундагы № 57 санында жарыяланган), 2002-жылдын 31-июлундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ("Эркин Тоо" газетасынын 2002-жылдын 2-августундагы № 58 санында жарыяланган), 2004-жылдын 2-апрелиндеги № 54 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ("Эркин Тоо" газетасынын 2004-жылдын 6-апрелиндеги № 27 санында жарыяланган), 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" ("Эркин Тоо" газетасынын 2009-жылдын 7-августундагы № 68-69 санында жарыяланган), 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 2-декабрындагы № 102 санында жарыяланган) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жараша тартипте кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө Мамлекеттик реестрине киргизилген жана азыркы учурда колдонуудагы болуп эсептелет.

2. 1990-жылдын 30-декабрында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө Декларацияга ылайык, республиканын аталышын берген, байыркы тарыхка, өз алдынчалуулук маданиятына, өз тилине, каада-салтына, адаттарына ээ болгон кыргыз улуту, өз этносунун бүтүндүгүн, анын улуттук мамлекеттүүлүгүн, маданий жана тилдик мурасын мамлекеттик интернационализм, кызматташуу жана бардык улуттагы жарандардын өз ара урматташуусунун саясатынын негизинде сактоо жөнүндө кам көрөт (Декларациянын 3-беренеси).

Мамлекеттик эгемендүүлүк коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө республиканын толук мамлекеттик бийликтин жана анын ичинде өзүнүн мамлекеттик тилинин болгондугу менен камсыз кылынат (Декларациянын 5-беренеси).

1993-жылдын 5-майындагы биринчи Конституция менен кыргыз тили мамлекеттик тил катары жарыяланган. Бул статус азыркы колдонуудагы Конституцияда сакталган.

Кыргызстандын калкынын этникалык көп түрдүүлүгүн жана тарыхый түзүлгөн жагдайларды эске алуу менен, Конституция расмий тил катары орус тилин алдын ала караган.

"Мамлекеттик тил" жана "расмий тил" түшүнүктөрү Конституциянын маанисинен алып караганда, жакын милдеттерди аткарышат, бирок окшош болуп саналбайт. "Мамлекеттик тил" жана "расмий тил" түшүнүктөрүнүн терминологиялык кесилиштери, ушул эки тил тең мамлекеттик расмий баарлашуу, иш кагаздарын жүргүзүү, мыйзам чыгаруу жана сот өндүрүш тармактарында керектөөлөрдү камсыз кылгандыгы менен шартталган. Бирок, мамлекеттик жана расмий тилдер тарабынан аткарылып жаткан иш-милдеттердин көлөмү жана аларды колдонуу чөйрөлөрү айырмаланышы мүмкүн. Мыйзам чыгаруучу расмий тилдин статусун аныктоодо, анын коомдук турмушта, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш чөйрөлөрүндө колдонулушу, маанилүү себептер боюнча мамлекеттик тилди колдонуу татаалдыкты туудурган учурларда жүзөгө ашырылат деп белгилейт.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын укуктук, социалдык, демократиялык, унитардык мамлекет катары милдети, азчылыкты түзгөн калктардын бардык өкүлдөрүнө бирдей укуктарды жана эркиндиктерди камсыз кылуусунда турат. Ушул максаттарды көздөп, Кыргыз Республикасы Кыргызстандын элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоого, аны окуп-үйрөнүүгө жана өнүктүрүүгө шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет (Конституциянын 10-беренесинин 3-бөлүгү). Ошону менен, Кыргыз Республикасы этносторго -башка тилдерде сүйлөөчүлөргө карата мамиле кылуу боюнча толеранттуулукка умтулуусун билдирет.

Ошону менен бирге, эне тилин пайдалануу укугу абсолюттук мүнөзгө ээ болбошу керек. Ал адамдын социалдык маданий чөйрөсүндө кызыкчылыктарын иш жүзүнө ашырууну камсыз кылууга багытталган, бирок ага бүткүл эл алдындагы мамилелерде эне тилин колдонуунун чексиз мүмкүндүгүн берүүнү түшүндүрбөйт.

3. Мамлекеттик тил тарабынан аткарылып жаткан милдеттин маңызы жогорку саясий жана адистешкен мамлекеттик кызмат орундарына талапкерлердин мамлекеттик тилди билишине карата коюла турган жогорку талаптар менен катнашта болот жана алардын кесипкөй негиздерде иш-милдеттерин жана мамлекеттик органдардын бийлик ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусу боюнча милдеттердин чөйрөсүнөн жана көп улуттуу коомчулуктун жашоо-турмуш ишмердигин камсыз кылуунун зарылдыгынан улам келип чыгат. Мамлекеттик тилдин ушундай эле иш-милдеттик зарылдыгы башка мамлекеттик же муниципалдык деңгээлде, же болбосо расмий мамлекеттик жана коомдук-саясий иш-чараларда катышпай койбойт.

Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары расмий таануу мамлекеттик бийлик органдарынын иш кагаздарын жана жыйналыштарын башынан эле кыргыз тилинде алып баруу зарылдыгын божомолдойт.

Куралдуу Күчтөрдүн ишинде тил мамлекеттик тилден башка болушу мүмкүн эмес, анткени ал жогоруда чагылдырылган жалпы мамлекеттик маанидеги милдеттерди аткарып турат.

Кыргыз тилине мамлекеттик статусун берүү мыйзамдардын тилин белгилөөнү түшүндүрөт. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү тарабынан мамлекеттик тилди өз ченем чыгаруу ишине колдонулушу конституциялык жоболорду ишке ашыруу деп гана бааланылышы зарыл.

Ал эми почта жана телеграф байланыш жаатында чектөөлөр боюнча И.А.Трофимовдун сөзүнө кайрылсак, анда белгилей кетүү зарыл, мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында почта жана телеграф кат-кабарлар мамлекеттик тилде, зарыл учурларда расмий тилде жол-жоболоштурулат. Республиканын чегинен тышкары дарекке жөнөтүлгөн кат-кабарлар расмий тилде же тиешелүү чет тилдерде көрсөтүлөт ("Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренеси). Демек, мыйзамдар ушул чөйрөдө мүмкүн болгон жагымдуу тил шарттарды түзүп, аны кемсинтүү катары баалоого мүмкүн эмес.

Конституциянын маанисинен алганда, бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийликтин органдары өзүнүн иш-милдеттерин аткаруу процессинде мамлекеттик тил ички мамлекеттик жана улуттар аралык биригүүгө жетишүү каражаттары катары конституциялык багытталышын ишке ашыруу үчүн тиешелүү даражага жетип, тил саясатын жүргүзүүгө милдеттүү.

Демек, "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгү, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-, 8-, 9-, 10-, 11-, 13-, 14-, 22-, 23-, 28-беренелери, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 3-бөлүгү, 27-беренесинин 3-бөлүгү, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 1-бөлүгү жана 164-беренесинин 1-бөлүгү, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пункту Конституциянын ченемдери менен карама-каршы келбейт, Кыргыз Республикасынын улуттук жана мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн көрсөткүчү, Кыргызстандын калкын түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнүн укуктарын ишке ашыруу үчүн бирдей шарттарды белгилөөнүн маанилүү элементи болуп саналат, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Куралдуу Күчтөргө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга, мамлекеттик жана коомдук-саясий окуяларга, ошондой эле мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченем чыгаруу ишине карата бирдей жеткиликтүүлүк принциптерин бузбайт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 42-, 46-, 47-, 48-, 51-, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата

ЧЕЧТИ:

1. "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-, 8-, 9-, 10-, 11-, 13-, 14-, 22-, 23-, 28-беренелеринин, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 27-беренесинин 3-бөлүгүнүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 1-бөлүгүнүн жана 164-беренесинин 1-бөлүгүнүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунун конституциялуулугу таанылсын.

И.А.Трофимовдун өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылсын.

2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

 

Төрагалык кылуучу

 

М.Касымалиев

Судьялар: