Система Orphus

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\0adc09e4-1964-46a6-a230-0c07a3977ac7\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

ЧЕЧИМИ

 

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 2013-жылдын 16-октябрында кабыл алынган № 192 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн сегизинчи абзацынын, 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө жарандар А.Ш.Осмонова жана А.А.Тагаевдин өтүнүчүнүн негизинде козголгон иш боюнча

 

2014-жылдын 4-июну № 32-р

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы төмөнкүдөй курамда: төрагалык кылуучу - М.Ш.Касымалиев, судьялар Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Дж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулова, жыйналыштын катчысы Н.А.Илиязова;

кайрылуучу тарап - жарандар А.Ш.Осмонованын, А.А.Тагаевдин ишеним каттарынын негизинде аракеттеги өкүл Э.С.Чаканов;

жоопкер-тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним катынын негизинде аракеттеги өкүл М.И.Арзиев;

башка жактар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этникалык аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин ишеним катынын негизинде өкүлү болгон С.Бакасовдун, шайлоо укуктук чөйрөсүндө адис катары чакырылган А.А.Сариевдин катышуулары менен,

Конституциянын 97-беренесинин 1-, 6-, 8-, 9-, 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 4-, 18-, 19-, 37-, 42 - беренелерин жетекчиликке алып, ачык сот жыйналышында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 2013-жылдын 16-октябрында кабыл алынган № 192 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн сегизинчи абзацынын, 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Ишти кароого жарандар А.Ш.Осмонованын, А.А.Тагаевдин өтүнүчү себеп болду.

Ишти кароого негиз болуп Мыйзамда, талаш туудурган ченемдердин Конституцияга ылайык келүү жөнүндө маселеде күмөндүүлүк пайда болгондугу саналды.

Сот жыйналышын ишти даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Дж.М.Макешовдун маалыматын угуп, берилген материалдарды изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 21-ноябрында жарандар А.Ш.Осмонова, А.А.Тагаевдин "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 2013-жылдын 16-октябрында кабыл алынган № 192 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн сегизинчи абзацын, 2-беренесинин 2-бөлүгүн, 3-беренесинин 1-бөлүгүн Конституциянын 4-беренесинин 1-бөлүгүнө, 20-беренесине, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 112-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келбегендиги жана конституциялык эмес деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Өтүнүчкө тиркелген материалдар көрсөткөндөй, 2012-жылдын 25-ноябрында жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоонун жыйынтыктары боюнча А.Ш.Осмонованы жана А.А.Тагаевди "Өнүгүү" саясий партиясынын тизмесинен Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин VI чакырылышына жергиликтүү эл депутат кылып шайлашкан.

2013-жылдын 21-февралында А.Ш.Осмонова жана 28-февралында А.А.Тагаев "Өнүгүү" саясий партиясынын позициялары менен макул болбогондуктарынан жана пикир келишпестиктен улам, саясий фракциянын мүчөлүгүнөн баш тартуу тууралуу арыз менен кайрылышкан. "Өнүгүү" фракциянын 2013-жылдын 4-мартындагы чечими менен А.Ш.Осмонова жана А.А.Тагаев фракциядан чыгарылып, ошол учурдан тарта өз депутаттык ишин партиядан сырткары эркин депутат катары жүзөгө ашырып келишкен.

2013-жылдын 16-октябрында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынып, ал Мыйзамдын 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы, 2-беренесинин 2-бөлүгү, 3-беренесинин 1-бөлүгү менен "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилип, алар боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаты тиешелүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде саясий партиянын жетекчи органы тарабынан чакыртылып алынышы бекитилген.

Жогоруда айтылгандарга негизденишип, жарандар А.Ш.Осмонова, А.А.Тагаев аталган Мыйзамда көрсөтүлгөн жоболору Конституцияга ылайык келбегендигин, жарандардын шайлоого жана шайланууга болгон укуктарын чектелгендигин, жергиликтүү кеңештин депутаты эл тарабынан шайлангандан кийин бир нече депутаттардан турган фракциянын сунушу менен партиянын жетекчи органы тарабынан кайра чакыртылып алынуусу конституциялуу эмес деген пикирди билдиришкен.

Соттук жыйналышта А.Ш.Осмонова менен А.А.Тагаевдин өкүлү Э.С.Чаканов, кайрылуучу тараптын өтүнүчүн колдоп, негиздөөчү жүйөөлөрүн тактоо иретинде талаш туудуруп жаткан ченемдик жоболор Конституциянын 2-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 110-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 113-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келбейт деп табуу жөнүндөгү өтүнүчүн колдоп, аны канааттандырууну суранды.

Жогорку Кеңештин өкүлү кайрылуучу тараптын жүйөөлөрү менен макул болбой, өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырууну суранды.

Конституциялык палата иштин материалдарын изилдеп чыгып, тараптардын жүйөөлөрүн угуп, соттук жыйналышка катышкан башка жактардын пикирлерин угуп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Демек, бул иш боюнча Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп, төмөнкүдөй мазмундагы "тиешелүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде саясий партиянын жетекчи органы тарабынан чакыртып алынышы" деген Мыйзамдын 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы, 2-беренесинин 2-бөлүгү, 3-беренесинин 1-бөлүгү саналат.

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзамдарда бекитилген тартипте кабыл алынган, "Эркин-Тоо" гезитинде 2013-жылдын 22-октябрында № 85 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы Мыйзам болуп эсептелинет.

2. Конституцияга ылайык Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы катары өз бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу жүзөгө ашырат (2-берене 1, 2-бөлүк).

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу конституциялык түзүлүштүн негиздеринин бири болуп таанылып, жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсү Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү. Жергиликтүү калктын өз алдынча башкарууга болгон укугу түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу жүзөгө ашырылат (110-берененин 1-, 3-бөлүктөрү).

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 111-беренесинин 1-бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы катары жергиликтүү кеңештер көрсөтүлгөн.

Аталган конституциялык жоболорду өнүктүрүү иретинде кабыл алынган "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутуму укуктук жөнгө салынып, ошонун чегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары - жергиликтүү кеңештердин шайлануу тартиби, иши жана укуктук абалы кеңири иреттелинген.

3. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештер мыйзамдар менен белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары.

Кыргыз Республикасында төмөндөгүдөй жергиликтүү кеңештер белгиленет:

1) айылдык кеңеш - айыл аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы;

2) шаардык кеңеш - шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамынын жоболору боюнча шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо пропорционалдуу тутум боюнча, ал эми айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо - мажоритардык тутум боюнча жүргүзүлөт (47-берене). Шаарлардын жергиликтүү кеңештерине талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга, айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган шайлоочулардын топторуна жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык (49-берене).

Шаардык кеңештердин шайланган депутаттары партияга таандыктуулугуна ылайык депутаттык фракцияларга биригишет ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 1-бөлүгү).

Ушуга байланыштуу конституциялуулугу текшерилип жаткан Мыйзамдын жоболору шаардык кеңештерге тийиштүү экендигин белгилеп кетүү зарыл.

4. Конституциянын ченемдерине ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында жашаган жарандар тарабынан Мыйзамда белгиленген бирдей мүмкүнчүлүктөрдү сактоо менен шайланат (112-берене 2-бөлүк).

Жергиликтүү кеңешке депутаттыкка койгон талапкерлерди шайлоо - жарандардын эркинин билдирүүсүнүн түздөн-түз аракети болуп саналат. Артыкчылыктык түрдө жергиликтүү деңгээлде өздөрүнүн өкүлдөрүн шайлоого мүмкүнчүлүгү бар жалгыз субъект катары жергиликтүү жамаат эсептелинет.

Шайлоонун негизинде жана шайлоонун жыйынтыгы боюнча гана талапкер жергиликтүү кеңештин депутаты деген кызматты ээлейт. Ошентип, жергиликтүү кеңештин депутаты - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү шаардын (шаардык кеңеш), айылдык аймактын (айылдык кеңеш) жергиликтүү жамааты тарабынан түздөн-түз шайлануучу, жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктары берилген Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат. Жалпысынан, депутаттар элдин өкүлчүлүктүү органы аркылуу элдик суверенитет принцибине ылайык жергиликтүү жамааттын бийлигин алып баруучулар болуп эсептелинет.

5. Конституциялык укук тармагында депутатты чакыртып алуу - бул депутаттык мандатты берүүгө ыйгарым укуктуу адамдын мандатты мөөнөтүнөн мурда кайра алынгандыгы болуп саналат. Депутатты чакыртып алуу шайлоочулардын эркин билдирүүсү менен тыгыз байланышкан, түздөн-түз демократиянын таризи катары эсептелет, анын негиздери жана жүзөгө ашыруу процедурасы мыйзамдар менен бекитилет.

Чакыртып алуу институту менен депутаттык мандаттын өз ара байланыштардан мандаттын императивдүү же эркин мүнөзү келип чыгат.

Эркин депутаттык мандат бул депутатка жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн өзүнүн жеке ишенимдеринин негизинде аракет кылууга мүмкүндүк берген мандаттын мүнөзү, депутат шайлоочулардын суроо-талаптарына байланбагандыкты, ошондуктан аны чакыртып алууга жол берилбестигин билдирет.

Императивдик мандат - шайлоочулардын алдында депутаттын жоопкерчилигин аныктаган, депутатты мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алууга жол берген депутаттык мандат.

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүндө катары менен төрт жолкудан ашык жергиликтүү кеңештин сессияларына жүйөлүү себепсиз такай катышпагандыгы үчүн, ошондой эле жергиликтүү кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттары алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен тиешелүү кеңештин депутатын чакыртып алуу жөнүндө маселени козгоого укуктуу. Депутатты чакыртып алуу тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат деп көрсөтүлгөн. Демек, жергиликтүү кеңештин депутатынын мандаты императивдик мандат болуп эсептелет.

Кандай гана болбосун, депутатты чакыртып алуу шайлоочулардын эрки менен аныкталып, шайлоого жакындаштырылган жол-жоболордо ишке ашырылышы зарыл.

Ал эми саясий партиянын жетекчи органы тарабынан депутатты чакыртып алуу, жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун негизи катары бекитилген шайлоочулар тарабынан чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү менен бир катарда караганда партиялык императивдик мандаттын пайда болушуна алып келет.

Депутатты мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу бул мандаттын тагдырын партиялык жетекчи орган тарабынан чечилишине алып келет. Мындай көрүнүш партиянын өз билемдүүлүгүнө жана мандатты чакыртып алууда субъективдүү чечимге жол берет. Ошону менен бирге, депутаттын үстүнөн чектелбеген партиялык жана фракциялык көзөмөлдү орнотууга өбөлгө түзөт.

Тиешелүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде саясий партиянын жетекчи органы тарабынан шаардык кеңештин депутатын чакыртып алуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкарууга эмес, партиялык башкарууга алып келет. Ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракетине саясий партиялардын кийлигишүүсүнө шарт түзөт. Ал эми, Конституциянын 4-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасында мамлекеттик, муниципалдык жана партиялык институттардын кошулушуна тыюу салынат.

Демек, тиешелүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде саясий партиянын жетекчи органы тарабынан шаардык кеңештин депутатын чакыртып алуу каралган мыйзам ченеми, Конституцияда бекитилген демократиялык принциптерди, ошонун ичинде элдик суверенитет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун көз карандысыздык принциптерин бузууга алып келет (2-берененин 1-, 2-бөлүктөрү, 110-берененин 1-бөлүгү).

5. Конституциянын 113-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жобо боюнча, жергиликтүү кеңеш өз ишинин натыйжасы үчүн жергиликтүү жамааттын алдында жоопкерчиликтүү болот. Бул жобо "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө өз алдынча башкаруунун принциби катары такталып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү жана алардын өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырылат. Ошондуктан, талапкер, шаардык кеңештин депутаты болгон учурдан тартып, биринчи кезекте жергиликтүү жамааттын алдында жооптуу болот. Бул статус боюнча депутат жалпы жамааттын кызыкчылыгын коргоого милдеттүү.

Партиянын ишенимине ээ болуп, анын тизмеси аркылуу депутаттыкка шайланган адам, тийиштүү партиянын депутаттык фракциясынын мүчөсү болууга милдеттүү экендиги талашсыз. Депутат шайлоочулар тарабынан колдоого алынган партиялык программаны жүзөгө ашырууга тийиш экендиги да күмөнсүз. Бирок, партиялык программанын чегинен чыккан маселелер боюнча, же болбосо кандайдыр бир шарттардын негизинде партиялык көрсөтмөлөргө макул болбогон учурларда, депутат өз пикирин эркин айтууга, ички ишениминин негизинде жана абийирин жетекчиликке алып добуш берүүгө укуктуу болушу зарыл. Ал эми саясий партиянын жетекчи органы тараптан депутатты кайра чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү жергиликтүү кеңештин депутатынын эркине, анын көз карандысыз пикир айтуусуна партиялык жетекчи органы жана фракция тарабынан үстөмдүк кылуусун билдирет.

"Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык саясий партиялар калктын белгилүү бир бөлүгүнүн саясий эркин ишке ашыруу максатында түзүлөт жана мамлекеттик башкаруу иштерине Жогорку Кеңешке, мамлекеттик кызматтарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо үчүн өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүү жана өкүлчүлүктүү органдарда фракцияларды түзүү түрүндө катышууну негизги максат катары коюшат.

Партиянын тизмеси боюнча шайланган депутаттар партиянын алдында укуктук эмес, саясий жоопкерчиликке тартылышы керек. Депутаттык мандатты талапка ылайык аткарбагандыгы үчүн жалгыз санкция катары депутатты кийинки шайлоодо саясий партиянын тизмесине кошпоо гана каралышы зарыл.

Саясий партиялар талапкерлерди тизмеге киргизүүгө жооптуу мамиле жасап, болочоктогу депутаттын фракциялык мүчөлүгү менен шартталган өзгөчө укуктук мамилелердин катышуучусу болоорун эске алуусу зарыл. Талапкерлерди дыкаттык менен тандоо партиялык жана фракциялык тартипти кубаттоонун натыйжалуу институту боло алат.

6. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 20-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык шаарлардын жергиликтүү кеңештерине талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга таандык.

Конституциянын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 4-беренесинин 1-, 3-бөлүктөрү жана 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту, 110-беренесинин 3-бөлүгүндөгү жобого ылайык, жарандардын шаардык кеңештерге талапкерлигин көрсөтүү жана шайлануу укугу, саясий партиялардын депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин негизинде түзүлгөн тизме аркылуу ишке ашырылат. Ар бир жарандын жергиликтүү кеңешке шайлануу укугу аркылуу жергиликтүү жамааттын өз алдынча башкаруу укугу жүзөгө ашырылат жана бул укуктардын ишке ашырылышы эл бийлигинин принцибинин орундалышына алып келет.

Шаардык кеңешке шайлануу укугунун ишке ашырууда саясий партиялар шайлоо процессинин катышуучулары катары белгилүү ролду ойношот, анткени мыйзамдын маанисине ылайык, саясий партиялардын иши аркылуу жарандардын шайлоо укуктары жүзөгө ашырылат.

Демек, ар бир жаран Конституцияда кепилденген шайланууга болгон укугун талапкер катары партиялык тизме аркылуу ишке ашырып, шайлоонун жыйынтыгы боюнча депутаттык статуска ээ болуп, өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы аркылуу элдин бийлигин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алат. Ушул жагдайда шаардык кеңештин депутатын тиешелүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде саясий партиянын жетекчи органы өз билемдик кылып чакыртып алуу саясий партияларга жарандын шайлануу укугунун маңызынын бузулушуна шарт түзөт.

Жогору баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8-, 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-, 47-, 48-, 51-, 52 - беренелерин жетекчиликке алып Конституциялык палата,

ЧЕЧТИ:

1. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 2013-жылдын 16-октябрында кабыл алынган № 192 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы, 2-беренесинин 2-бөлүгү, 3-беренесинин 1-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 110-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 113-беренесинин 3-бөлүгүнө карама каршы келет деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ушул чечимдин негизинде тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө милдеттендирилсин.

3. Чечим жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар, юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы