Система Orphus

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 441 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\e7bc45d3-ac71-4b59-95eb-743de0b95767\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 2-апрели № 198

Микрофинансылык компаниялардын жана насыялык союздардын депозиттерин коргоо тутумун киргизүү үчүн баштапкы чаралардын программасын бекитүү жөнүндө

Реалдуу секторду каржылоого багытталган каражаттардын пайда болуу булактарынын түзүмүндө мобилизацияланган ички ресурстардын (депозиттердин) үлүшүн көбөйтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Микрофинансылык компаниялардын жана насыялык союздардын депозиттерин коргоо тутумун киргизүү үчүн баштапкы чаралардын Программасы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча), финансы-насыя мекемелери жана алардын ассоциациялары (макулдашуу боюнча):

- Микрофинансылык компаниялардын жана насыялык союздардын депозиттерин коргоо тутумун киргизүү үчүн баштапкы чаралардын программасында каралган алдын ала көрүлгөн шарттарды ишке ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн;

- жарым жылда бир жолу отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен алдын ала көрүлгөн шарттарды аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына отчет беришсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Биринчи вице-премьер-министринин

милдетин аткаруучу,

Премьер-министринин

милдетин аткаруучу

 

 

 

Дж.К. Оторбаев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 2-апрелиндеги
№ 198 токтому менен
бекитилген

 

Микрофинансылык компаниялардын жана насыялык союздардын депозиттерин коргоо тутумун киргизүү үчүн баштапкы чаралардын
ПРОГРАММАСЫ

Киришүү

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары коммерциялык банктар, ошондой эле микрофинансылык компаниялар жана насыялык союздар менен катар эле жеке адамдардан депозиттерди кабыл алууну болжолдойт. Финансылык ортомчу болуу менен бул институттар коммерциялык банктар сыяктуу эле тобокелдиктерди тартышат. Бул факторду таанып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 28-февралындагы № 150/40/6 биргелешкен токтому менен бекитилген Микрофинансылоону 2011-2015-жылдары өнүктүрүү Стратегиясында (мындан ары - Микрокаржылоону өнүктүрүү Стратегиясы) депозиттерди тартуучу банктык эмес финансы-насыялык мекемелер (мындан ары - БФНМ) үчүн депозиттерди коргоо тутумун ишке киргизүү боюнча чаралар чагылдырылган.

Бул чаралар финансылык кризистерди алдын алуу максатында эл аралык коомчулук иштеп чыккан стандарттарга ылайык кабыл алынган. Финансылык туруктуулук боюнча кеңештин (2009-жылдын апрелиндеги Лондон саммитинде Чоң индустриалдык жыйырмалык өлкөлөрү тарабынан түзүлгөн эл аралык уюм) "Депозиттерди камсыздандыруу тутумун тематикалык талдоонун натыйжалары" деген баяндамасында мындай коргоого көбүрөөк муктаж болгон адамдардан депозиттерди тартуучу бардык институттардын депозиттерин коргоо (камсыздандыруу) тутумунда мүчөлүктү камсыздоо боюнча чаралар сунушталган.

Эл аралык практикада кээ бир өлкөлөр насыялык союздардын депозиттерин коргоонун (камсыздандыруунун) кыйла узакка созулган таржымалына ээ болушкан. Мындай тутум азыркы учурда бир нече өлкөдө иштеп жатат.

Финансылык мекемелерге калктын ишениминин жоктугу өлкөдө ички аманаттардын өсүшүндөгү маанилүү тоскоолдуктардын бири жана накталай эмес төлөмдөрдүн деңгээлинин төмөн болушу мүмкүн экендигин эл аралык тажрыйба көрсөтүп турат. Депозиттерди коргоонун (камсыздандыруунун) иштелип чыккан тутуму (мындан ары - ДКТ) жарым-жартылай кадыр-барктуу эл аралык уюмдарга таянуу менен калктын ишениминин өсүшүн камсыз кыла алат. Бул өлкөдө аманаттардын деңгээлин көбөйтүүнүн жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуунун катализатору болуп калышы мүмкүн.

Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) жана Кедей калкка жардам көрсөтүү боюнча консультациялык топтун (CGAP) колдоосунда жүргүзүлгөн сурамжылоо депозиттерди коргоонун (камсыздандыруунун) тутуму бар өлкөлөрдө орточо алганда улуу курактагы бир адамга көбүрөөк депозиттик эсептер туура келээрин көрсөтөт. Насыя алуу дагы ушул эле сыяктуу.

Эл аралык валюта фондунун (IMF) Financial Access Survey статистика департаментинин жарыялоосунун маалыматтары боюнча 2011-жылы улуу курактагы бир тургунга депозиттик эсептердин саны депозиттерди коргоонун (камсыздандыруунун) тутуму бар өлкөлөрдө мындай тутуму жок өлкөлөргө салыштырганда 50 пайызга көп болгон, мында улуу курактагы бир тургунга насыялык эсептердин саны салымдарды камсыздандыруу милдеттүү болуп эсептелген өлкөлөрдө 30 пайызга көп.

Кыргыз Республикасынын ДКТ коммерциялык банктардагы жеке адамдардын депозиттерин коргоону (камсыздандырууну) мыйзамда белгиленген 100 миң сом өлчөмүндөгү кепилдик суммасынын чегинде камсыз кылат. Депозиттерди коргоо тутумуна катышуу баардык иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын "Банк аманаттарын (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги (мындан ары - Агенттик) түзүлгөн, Агенттик Депозиттерди коргоо фондун (мындан ары - ДКФ) түзөт; ДКФнын эркин каражаттарын башкарууну ишке ашырат; компенсацияларды төлөөнү жана кепилдик учуру келгенде аманатчылардын укуктарын коргоону камсыз кылууну ишке ашырат; ДКФга банк жоюлганда төлөнгөн компенсациялардан түшкөн каражаттарды ДКФга кайтарат.

Кыргыз Республикасынын "Банк аманаттарын (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамынын 26-беренесинин талаптарына ылайык алгачкы ДКФ 339,1 млн.сом өлчөмүндө түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан (мындан ары - Өкмөт) 257,7 млн.сом (76%), иштеп жаткан банктар тарабынан - 81,4 млн.сом (24%) төгүлгөн.

2013-жылдын 30-сентябрына карата Катышуучу банктардын реестринде 23 коммерциялык банк, анын ичинде консервация режиминде турган 3 банк: "Манас Банк" жабык акционердик коому, "КыргызКредит Банк" ачык акционердик коому, "Ысык-Көл" инвестбанк" ачык акционердик коому катталган.

Эсептери кепилдик сумманын чегинде депозиттерди коргоо тутуму менен толук жабылган аманатчылардын саны 2013-жылдын 30-сентябрына карата 896380 эсепти же банк тутумунун аманатчыларынын бардык депозиттик эсептеринин 95,8 пайызын түзгөн.

Депозиттерди коргоо тутуму менен жабылуучу жалпы көлөм 7667,7 млн.сомду же өлкөнүн банк тутумунун жеке адамдарынын баардык депозиттеринин 28,3 пайызын түздү, анын ичинен 100 миң сомго чейинки салымдарды толук жабуучу көлөм 3721,2 млн.сомду (13,7%) түздү жана жабуу деңгээлинен көп болгон депозиттер 3946,5 млн.сомду түздү.

2013-жылдын 30-сентябрына карата ДКФнын абалы 648,2 млн.сом деңгээлинде болду. ДКФнын булактарынын түзүмүндө Өкмөттүн төгүмү 257,7 млн.сомду түздү (39,7%), катышуучу банктардын төгүмдөрү 290,9 млн.сомго (44,9%) жана капиталдаштырылган пайда - 99,5 млн.сомго (15,4%) жетти.

1.    Максаттар жана милдеттер

 

2013-жылдын үчүнчү кварталынын акырына карата өлкөнүн микрокаржылоо сектору 157 насыялык союздан, 4 микрофинансылык компаниядан, 215 микронасыялык компаниядан жана 66 микронасыялык агенттиктен турган. 2013-жылдын 30-сентябрына карата өлкөнүн микрофинансылык сектору 1-таблицада чагылдырылган иштин төмөнкү көрсөткүчтөрүнө ээ болгон:

1-таблица

Микрофинансылык сектордун негизги көрсөткүчтөрү

 

 

30.09.2013

Активдер, млн.сом

22877,6

Насыялык портфель, млн.сом

18312,2

Капитал, млн.сом

6555,3

Милдеттенмелер, млн.сом

16322,3

Тышкы милдеттенмелер, млн.сом

10779,0

Депозиттер, млн.сом

55,3

Кардарлардын саны, миң адам

444,2

Тышкы милдеттенмелер/МФИ КП, %

58,9

Депозиттер/МФИ КП, %

0,3

МФИнин активдери/МФИнин капиталы

3,5

Кардарлардын саны/Калктын саны (камтылгандар), %

8,3

 

1-таблицадан көрүнүп тургандай микрофинансылык сектор экономиканын реалдуу секторунда олуттуу насыялык портфелге ээ болот, бул экономиканын өнүгүшүндөгү анын жетишээрлик олуттуу ролун аныктайт. БФНМнын насыялык портфелинин өлкөнүн ИДПсына катышы 2012-жылдын акырына карата 5,1% түзгөн.

Мында тышкы карыздардын жана тартылган депозиттердин көлөмүнүн көрсөткүчтөрү өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Учурдагы этапта институттук инвесторлордон жана эл аралык финансылык-насыялык мекемелерден тышкы карыздар сектордун насыялык портфелинин 59%га жакынын каржылайт, ал эми ички депозиттер болгону 0,3% каржылайт.

Мындай статистика микрофинансылык сектордун тышкы карыздарга өтө көз карандылыгынын көрсөтөт. БФНМ тутумунун пассивдер түзүмүндөгү аманаттардын көлөмүнүн жана үлүшүнүн көбөйүшүн стимулдоо тутумдун чоң туруктуулугун камсыз кылууга (тышкы булактардан көз карандылыкты азайтуу), калкка насыя берүүлөрдүн көлөмдөрүн көбөйтүүгө жана пайыздык ставканы төмөндөтүүгө кадам болуп саналат.

Микрофинансылык уюмдар жана насыялык союздар өлкөнүн калкынын ишкердикти ишке ашырган негизги бөлүгү үчүн насыя берүүчүлөр болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык өлкөнүн эмгекке жарамдуу курактагы калкы болжол менен 3,8 млн. адамды түзөт. Бүткүл калктын ар кандай чөйрөлөрдөгү туруктуу иши бар жалпы саны эмгек мигранттарын эсепке албаганда 708 миң адамды түзөт (эмгекке жарамдуу калктын 18%га жакыны): мамкызматчылар (18,5 миң адамга жакын), медицина кызматкерлери (дарыгерлер жана медперсонал - 42 миң адамга жакын), билим берүү мекемелеринин кызматкерлери (мугалимдер - 73 миң адамга жакын), милиция (14 миң адамга жакын), жеке ишканалардын жана уюмдардын жалданма кызматкерлери ж.б.

Мында ар кайсы булактар боюнча эмгек мигранттарынын саны 0,9 млн. адамдан 1,2 млн. адамга чейинкини түзөт.

Ошентип, эмгекке жарамдуу курактагы калктын 2 млн. адамга жакыны жашоо-турмуштук керектөөлөрүн камсыздоо максатында ишкердик ишти өз алдынча ишке ашырууга мажбур. Старттык капитал жок шартта насыя берүү ишкердик ишти жүргүзүүнүн маанилүү элементи болуп калат. Ошол себептен азыркы учурда өлкөдө калктын ишке жарамдуу көпчүлүгүнүн ишкердик ишти жүргүзүүгө зарылдыгынан улам пайда болгон калктын насыялык ресурстарга чоң суроо-талабы байкалууда (жумуш орундары жок шартта).

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - КРУБ) маалыматтарына ылайык микрофинансылык уюмдардын жана насыялык союздардын карыз алуучуларынын саны, керектөө максатындагы насыяларды эске албаганда 0,4 млн. жакын адамды түзөт.

3,5 левераж көрсөткүчү микрофинансылык сектор финансылык-насыялык мекеменин түрүнө жараша 6дан 8ге чейинкини түзгөн капиталдын адекваттуулугу боюнча стандарттар берген насыялык жардам мүмкүнчүлүгүн пайдаланбагандыгын көрсөтүүдө. Экинчи жактан алганда бул микрофинансылык сектордун тез өсүшү үчүн резерв көрсөткүчү болуп саналат.

2013-жылдын үчүнчү кварталынын акырына карата БФНМнын насыялык портфелиндеги классификацияланган насыялардын үлүшү 3,0 пайызды түзгөн жана 2010-2011-жылдарда насыялардын сапатынын кескин начарлоосунан кийин жакшырууга карай багыт алды.

Бул Программанын негизги узак мөөнөттүү максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) реалдуу секторду каржылоого багытталган каражаттардын келип чыгуу булактарынын түзүмүндө мобилизацияланган ички ресурстардын (депозиттердин) үлүшүнүн көбөйүшү;

2) кризистик мезгилдерде пайда болгон, БФНМда системдүү тобокелдиктерди минималдаштыруу механизмин түзүү;

3) БФНМнын аманатчыларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо.

Бул Программанын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) микрофинансылык компаниялардагы жана насыялык союздардагы калктын салымдарын (депозиттерин) коргоону камсыз кылуу;

2) БФНМнын депозиттерин коргоо тутумун ийгиликтүү ишке киргизүү үчүн минималдуу алдын ала көрүлгөн шарттарды аныктоо.

2. Депозиттерди коргоо (камсыздандыруу) тутумун киргизүүнүн уюштуруучулук схемалары

 

Депозиттерди коргоо (камсыздандыруу) тутумун киргизүү депозиттерди коргоо (камсыздандыруу) фондуна түзүмдөштүрүүнү, ошондой эле өнүгүүнүн келечегин жана орун алган тобокелдиктерди эске алуу менен колдонуудагы финансы тутумунун шарттарында чечимдерди кабыл алууну болжолдойт.

Өлкөдө депозиттерди коргоо тутуму (ДКТ) мурдатан эле иштегендиктен, БФНМ (банктык эмес финансылык-насыялык мекеме) ДКТ киргизүүнүн эки негизги мүмкүн болуучу схемалары каралган:

1) БФНМ банк депозиттерин иштеп жаткан коргоо тутумуна толук интеграциялоо схемасы;

2) Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин БФНМ үчүн депозиттерди коргоонун өзүнчө фондун түзүү схемасы.

2-таблица

БФНМ үчүн ДКТны ишке киргизүү тутумунун артыкчылыктары жана кемчиликтери

 

 

Артыкчылыктар

Кемчиликтер

Депозиттерди коргоонун иштеп жаткан тутумуна толук интеграциялоо

(1) Баштапкы депозиттерди коргоо фондун каржылоо үчүн кошумча булактарды түзүү жана издөө талап кылынбайт.

(2) Ченемдик укуктук база бар.

(3) Депозиттерди коргоо фондун башкаруучу Агенттик түзүлгөн жана иштеп жатат

(1) Коммерциялык банктар тарабынан терс кабыл алуу тобокелдиги бар

(2) Депозиттерди коргоонун иштеп жаткан тутумунун имиджине зыян келтирүү коркунучу бар

Депозиттерди коргоонун өзүнчө фондун түзүү

(1) Коммерциялык банктар тарабынан терс кабыл алынбайт.

(2) Өзүнчө депозиттерди коргоо фондун (ДКФ) түзүү иштеп жаткан ДКТнын имиджи үчүн коркунучту жок кылат

(1) Депозиттерди коргоонун баштапкы фондун түзүү үчүн бюджеттен каржы каражаттары керектелет.

(2) Мыйзамдык базаны түзүү боюнча иш жүргүзүү

 

Өзүнчө депозиттерди коргоо фондун (ДКФ) түзүү схемасын иштеп чыгуу баштапкы каржылоо булактарын макулдашкан учурда гана мүмкүн болот. Мындай альтернатива БФНМ - насыялык союздар үчүн гана айрыкча өзүнчө ДКФ түзүү жагында каралышы мүмкүн. Демек, микрофинансылык компаниялардын функциялары банктыкына окшош, ал эми ишти уюштурууда айрым деталдарында гана айырмачылык бар. Өз кезегинде, насыялык союздардын иши таптакыр башка принциптерде - бардык кызмат көрсөтүүлөр өзүнүн мүчөлөрү (менчик ээлери) үчүн гана көрсөтүлгөн кооперация принциптеринде түзүлгөн, ал эми башкаруу тутуму үлүштүн өлчөмдөрүнө карабастан добуштардын тең укуктуулук шарттарына негизделген.

Банктык эмес финансылык-насыялык мекемелер үчүн депозиттерди коргоо тутумунун эки схемасын ишке киргизүүнү алдын ала талдоонун натыйжалары бардык кызыкдар тараптарды тартуу менен Агенттиктин 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 16-б буйругу менен түзүлгөн Ведомстволор аралык жумушчу топтун кеңейтилген жыйынынын кароосуна берилген. Талкуулоонун жыйынтыгында депозиттерди коргоонун иштеп жаткан тутумуна толук интеграциялануунун артыкчылыктуу схемасы катары кароо сунуштамалары төмөнкүлөрдүн негизинде иштелип чыккан:

1. БФНМ депозиттерди коргоо тутумун ишке киргизүүгө чыгымдар азаят.

2. Иштеп жаткан ДКФга интеграциялануу БФНМ үчүн өзүнчө ДКФны түзүүдө максаттуу мааниге жетүүнү күтпөй эле, зарыл болгон ченемдик актыларды кабыл алгандан кийин дароо эле БФНМнын депозиттерди коргоо тутумун ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет.

3. Иштеп жаткан ДКФга интеграциялануу Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарына кийлигишүүнү минималдаштырууга мүмкүндүк берет.

3. ДКТны киргизүү үчүн алдын ала көрүлгөн шарттар

 

Депозиттерди коргоо тутумунун иштөөсүнө карата коюлуучу эл аралык стандарттар 2009-жылы BCBS жана IADI иштеп чыккан депозиттерди коргоонун натыйжалуу тутумдары үчүн негизги принциптерге таянат. Негизги принциптер критерийлерге ылайык келген 18 негизги принципти жана алдын ала көрүлгөн шарттардын тобун - депозиттерди коргоонун (камсыздандыруунун) натыйжалуу иштөө тутумун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон тышкы элементтерди камтыйт.

Депозиттерди коргоо тутуму, эгерде бир катар тышкы элементтер болсо же белгилүү бир алдын ала көрүлгөн шарттар сакталса кыйла натыйжалуу болот. Алар көпчүлүк учурларда депозиттерди камсыздандыруучунун компетенциясынын чегинен тышкары болсо да, анын өз ыйгарым укуктарын аткаруу жөндөмдүүлүгүнө тикелей таасир бериши мүмкүн. Депозиттерди коргоо тутумун түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууда улуттук финансы тутумунун өз ара байланыштуу бүтүндөй бир катар элементтерин кароо зарыл:

- экономиканын жана банк тутумунун абалы;

- финансылык бакыбаттыкты колдоо тутумун түзүүчү ведомстволордогу корпорациялык башкаруунун сапаты;

- пруденциялык жөнгө салуу жана көзөмөл тутумунун адекваттуулугу;

- укуктук тутумдун таасирдүүлүгү;

- бухгалтердик эсеп жана маалыматтарды ачып берүү режимдеринин адекваттуулугу.

Депозиттерди коргоо тутумунун натыйжалуу иштөөсү үчүн анын өлкөнүн экономикалык жана институттук чөйрөсү менен шайкештигин жана мамлекеттик саясаттын максаттарына ылайык келүүсүн камсыздоо зарыл. Эгерде экономиканын жана банк тутумунун бакыбаттыгынын негизги маселелери чечилбесе, депозиттерди коргоо тутумун түзүү же реформалоо татаалдашы мүмкүн. Көйгөйлөрдүн көптүгүнө карабастан мамлекеттин экономикалык жана институттук тутумдары депозиттерди коргоо тутумуна канчалык таасир этээрин аныктоо маанилүү.

Мындай учурда банк тутумунун абалына терс таасир этиши мүмкүн болгон шарттарды аныктоо жана депозиттерди коргоо тутумунун мындай чөйрөдө иштөөгө мүмкүндүгү бардыгын баалоо үчүн экономикалык кырдаалга талдоо жүргүзүү зарыл. Анализдин негизги элементтери төмөнкүлөр:

1. Банк тутумунун абалына терс таасирин тийгизүүсү мүмкүн болгон шарттар аныкталууга жана депозиттерди коргоо тутумунун мындай чөйрөдө натыйжалуу иштей ала тургандыгына баалоо жүргүзүү зарыл.

2. Эгерде чараларды көрүү зарыл болсо, алар депозиттерди коргоо тутумун түзгөнгө чейин же аны түзүү же реформалоо менен бир убакта ишке ашырылууга тийиш.

Банк тутуму деп коммерциялык банктарды, адистештирилген финансылык-насыялык уюмдарды, микрофинансылык уюмдарды жана насыялык союздарды камтыган өлкөнүн бүткүл финансылык-насыялык уюмдарынын жыйындысы түшүнүлөт.

Депозиттерди коргоо (камсыздандыруу) функцияларын түзүү финансылык операцияларды кеңейтүүгө өбөлгө болооруна карабастан, финансылык тармакты өнүктүрүү үчүн тоскоолдуктарды алып салууга мүмкүндүк берип, тутумдук коркунучтарды азайтуучу бир нече негизги шарттарды алдын ала аткаруу зарыл.

Агенттик натыйжалуу ДКТлардын негиз түзүүчү принциптерге ылайыктуулугуна өз алдынча баалоо жүргүзүп жана кепилдик учур пайда болгондо төлөөлөрдү уюштуруудагы начар техникалык мүмкүнчүлүктөрдү жана айрым жарандык кемчиликтерди аныктоону жүзөгө ашырган.

Мындан тышкары, 2013-жылы IMF/WB тарабынан өткөрүлгөн Финансылык секторду баалоо программасына (мындан ары - FSAP) депозиттерди коргоонун иштеп жаткан тутумун караштыруу да киргизилген. Мындай иликтөөнүн чегинде көйгөйлүү банктарды санациялоо маселелерин чечүү жана көйгөйлүү банктардын ишин жөнгө салуу процессине тартылган ар кандай мекемелердин ортосундагы иш-аракеттерди жакшыраак координациялоо үчүн мыйзамдарды жакшыртуу боюнча сунуштар берилген.

3.1. Агенттиктин операциялык платформасынын даярдыгы

 

Жакында эле түзүлгөн Агенттик өзүнүн техникалык жана адамдык потенциалын бекемдөөгө муктаж. Азыркы учурда Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкынын техникалык колдоосу менен төлөп берүү процессинин этаптуу автоматташтырылуу процесси жүрүп жатат. Жаңы сервердик жабдуу сатып алынып, орнотулду, төлөп берүүлөрдү иштетүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн жол-жоболору киргизилүүдө, программалык камсыздоону сатып алуу маселеси иштелип чыгууда. 2013-жылдын май айында Агенттиктин Директорлор кеңеши тарабынан Агенттикти өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата стратегиялык планы бекитилген, ап планда Агенттиктин потенциалын чыңдоо боюнча чаралардын комплекси каралган.

Учурдагы этапта жаңы милдеттерди кошумчалоо Агенттиктин милдеттерин аткарууну кыйла татаалдатат. Ошондуктан Агенттиктин операциялык платформасынын ага жүктөлгөн иш милдеттерин натыйжалуу аткаруу боюнча даярдыгы Агенттиктин мандатын кеңейтүү үчүн негиз болуп саналат. Бул максат үчүн Агенттикти өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата стратегиялык планындагы Депозиттерди коргоо тутумунун потенциалын чыңдоого багытталган иш-аракеттер планын аткарууну камсыздоо зарыл (1-шарт).

3.2. Көйгөйлүү банктардын ишин жөнгө салуунун натыйжалуу структурасы

 

Көйгөйлүү финансылык мекемелердин ишин натыйжалуу жөнгө салуу маселесинде көйгөйлөрдүн эки блогу бар. Биринчиси: мыйзамдардагы өксүктөр жана шайкеш эместиктер, алар көзөмөлдөөчү органдын чечимдерин кайра кароо үчүн негиз түзөт. Экинчиси: функцияларды жана ыйгарым укуктарды түзүмдөштүрүүнү жүзөгө ашыруу жана көйгөйлүү банктардын ишин жөнгө салуу процессине тартылган мекемелердин ортосундагы иш-аракеттерди талаптагыдай координациялоо.

FSAP'дын баа берүүсүндө функцияларды жана ыйгарым укуктарды структуралаштырууну жакшыртууга, ошондой эле көйгөйлүү банктардын ишин жөнгө салууга тартылган мекемелердин ортосундагы иш-аракеттерди координациялоого багытталган бир катар сунуштар бар. Бул башка депозиттик мекемелерге да тиешелүү. Мындан тышкары депозиттерди коргоо тутумунун натыйжалуулугун андан ары камсыздоо боюнча сунуштар да бар.

Ошондуктан, FSAP'дын Көйгөйлүү банктардын ишин жөнгө салуу процессин жакшыртууга жана депозиттерди коргоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган баа берүүсүнүн сунуштарын макулдашуу жана аткаруу зарыл (2-шарт).

3.3. Финансы тармагын өнүктүрүү үчүн укуктук тутумунун таасирдүүлүгү

 

Микрокаржылоону өнүктүрүү стратегиясына ылайык микрофинансылык институттарды туруктуу өнүктүрүү үчүн узак мөөнөттүү пайдубал катары калктын аманаттарын мобилизациялоо каралган. Бул колдонуудагы мыйзамдарга жана жөнгө салуучу базага актуалдуулугун жоготкон мүмкүн болгон чектөөлөрдүн болушуна карата баа берүүнүн жана микрофинансылык институттардын депозиттик операцияларын өнүктүрүү үчүн аларды кийин четтетүүнүн зарылдыгын билдирет.

"Микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык микрофинансылык компаниялар мөөнөттүү депозиттерди гана кабыл ала алышат жана талап кылууга чейинки эсептерди ача алышпайт жана өздөрүнүн кардарларына эсептешүү-кассалык тейлөөнү жүргүзө алышпайт, бул алардын тиешелүү финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөгү жана ички ресурстарды топтоодогу мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.

2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын 9.3-бөлүгүндө микрофинансылык жеткирип берүүчүлөрдү алыскы региондордогу кирешеси төмөн рынокторду тейлөө бөлүгүндө өбөлгөлөө үчүн уруксат берилген финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин кеңейтүү зарыл деп белгиленген, бул бир нече финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн пакетинде айрым кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле инновациялык технологияларды кыйла кеңири колдонуу үчүн негиз түзөт. Депозиттик БФНМларга талап кылууга чейинки депозиттерди кабыл алууга уруксат берүү келечекте насыялык жана депозиттик продуктулардын тизмегин кеңейтүүгө, карточкаларды жана мобилдик телефондорду пайдалануу менен банк продуктуларын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул операциялардын тизмегин кеңейтүүгө жана микрофинансылык компаниялар (мындан ары - МФК) үчүн талап кылууга чейинки депозиттерди ачууга уруксат берүүгө багытталган мамлекеттик саясатты аныктайт. МФКлардын операцияларын кеңейтүү финансылык ортомчулуктун көрсөткүчүн жогорулатуу жана накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча максаттарга ылайык келет.

Микрофинансылык компанияларга талап кылууга чейинки депозиттерди тартууга укук берүү үчүн "Микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл (3-шарт).

Өзүнүн ишинин түрү боюнча финансылык ортомчулар ликвиддүүлүк кризисине туш болушкан, анткени аларга өз капиталынын өлчөмүнөн бир нече эсе ашык "насыялык таянычты" пайдалануу менен иштөөгө уруксат берилет. Бул өзгөчөлүктү эске алуу менен финансылык ортомчуларга накталай болуунун милдеттүү резервдерин - милдеттүү резервдик талаптарды (мындан ары - МРТ), ликвиддүүлүк ченемин жана ликвиддүүлүктү башкаруу боюнча тиешелүү уюштуруу иштерин колдоо жөнүндө талаптар коюлат. Бирок, мындан тышкары ликвиддүүлүктү башкаруунун рыноктук инструменттери жана акыркы инстанциядагы насыяга чейинки ликвиддүүлүктү башкаруунун атайын каралган инструменттери бар. Ошондуктан ДКТы түзүлгөнгө чейин ликвиддүүлүктү башкаруунун кыска мөөнөттүү инструменттерине жетишүү мүмкүнчүлүгү аныкталууга тийиш. Бул үчүн депозиттерди тарткан МФКлардын ликвиддүүлүк инструменттерине жетишүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү зарыл.

2012-жылдын 31-декабрына карата насыялык союздардын жалпы депозиттик базасы 51,3 млн.сомду түздү, бул активдердин 3,2%га жакынын түзөт. Айрым жылдарда салыштырмалуу көлөмү олуттуу динамиканы көрсөткөндүгүнө карабастан (төмөн эсептешүү базасына байланыштуу) насыя союздарында депозиттик операциялардын иш жүзүндө өнүгүү динамикасынын жоктугу жөнүндө айтууга болот. Алсак, насыя союздары үчүн депозиттик операцияларга мыйзамдуу түрдө жол берилген мезгилде 2005-жылдан 2012-жылга чейин насыя союздарынын депозиттик базасынын жалпы орточо жылдык өсүшү абсолюттук суммада бардыгы 7,3 млн.сомду түзгөн.

"Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына баа берүү катышуучулардын жалпы чогулушунун кворумуна 50% болгон жогорку талаптарга карата өзгөчөлүктү аныктады. Ар бир кардар насыя союзунун катышуучусу - менчик ээси болууга тийиш экендигин эске алуу менен, насыя союздары катышуучулардын белгилүү бир санына жетишкенден кийин жаңы катышуучуларга - потенциалдуу депозиторийлердин мүчөлүгүнөн баш тартууга мажбур болушат, анткени катышуучулардын санынын көбөйүшү насыя союздарын жалпы чогулуштарда кворумду камсыздоодо чоң кыйынчылыктарга алып келет. Мындай талап акыркы бир нече жылдын ичинде насыя союздарынын өнүгүшүнө дээрлик мүмкүндүк берген эмес. Насыялык союздардын мүчөлөрүнүн саны 2002-жылдын ортосунан тартып (26 миң катышуучу) көбөйгөн эмес. Акыркы жети жылда насыя союздарынын үлүшү 30%дан 7% чейин кыскарган.

Эл аралык практикада бул көйгөй эки жол менен чечилет. Биринчиси - ассоциацияланган мүчөлөр киргизилет, анда ассоциацияланган мүчө кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө гана ээ болот, бирок добуш берүү укугуна ээ болбойт (Германия тажрыйбасы). Экинчиси - биринчи чогулушта кворумдун 50% жок болсо, кворуму 30% болгон экинчи чогулуш чакырылат. Экинчи чогулушта да кворум жок болсо, кворумду талап кылбастан үчүнчү чогулуш чакырылат (Литва тажрыйбасы).

Ошондуктан 5-шарт "Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына катышуучулардын жалпы чогулушунун кворумун кароо же насыялык союздарда ассоциацияланган мүчөлүккө уруксат берүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү болжолдойт.

2006-жылы насыялык союздардын 1-съездинде жактырылган Кыргыз Республикасынын айылдык сактык жана насыялык кооперативдеринин стратегиясы тутумдун экинчи сервистик институттарын түзүү концепциясын камтыйт, ага ылайык, насыялык союздардын ликвиддүүлүгүн башкаруу институтунун ролу Финансылык апекс институтуна, ал эми акыркы инстанциядагы насыя берүүчүнүн ролу Стабилизациялык фондго берилет.

Депозиттик операциялардын өсүшү "насыялык таянычты" көбөйтүүгө алып келет. Ага жараша ликвиддүүлүктүн олуттуу кризистерине жол бербөө үчүн ал атайын режимдердин чегинде чечилүүчү көйгөйлөргө байланышса депозиттик насыялык союздар үчүн акыркы инстанциядагы насыя функциясын киргизүү зарыл. Мындай функция депозиттик базанын олуттуу өнүгүшү жана ДКТга жол берүүнүн милдеттүү алдын ала көрүлгөн шарты болуп саналат.

Мындай милдет эл аралык практикада Стабилизациялык фонд деп аталуучу насыялык кооперация тутумун түзүү аркылуу чечилет, анын негизги милдети насыялык союздарды институттук коргоо болуп эсептелет. Литвада Стабилизациялык фонд Өкмөттүн финансылык катышуусу алдында түзүлүп, ал өлкөнүн кооперативдик финансылык тутумунун толук иштөөсү үчүн зарыл болгон инфраструктураны тез жана натыйжалуу ишке киргизүүгө мүмкүндүк берген. Өз кезегинде насыялык союздар секторунда өз алдынча жөнгө салуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүнүн максатка ылайыктуулугун эске алып, ошол сыяктуу Стабилизациялык фондду Кыргыз Республикасында түзүүнүн жана анын андан ары иштөөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан финансылык салымдарсыз ишке ашырылат.

2009-жылдын январында кабыл алынган, "Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор мындай фондду түзүүнүн мүмкүн экендигин аныктаган жана КРУБнын ченемдик актыларында аны түзүүнүн жана ишин жөнгө салуунун ишеничтүү ченемин киргизди. Бирок мындай өзгөртүүлөр Стабилизациялык фонддо депозиттик насыялык союзга мүчөлүктүн шарттары боюнча талаптарды белгилеген эмес.

Насыялык союздар Стабилизациялык фондду түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн негизги маселелери боюнча КРУБ жана эл аралык финансылык институттар менен консультацияларды өткөрүү процессин баштоосу зарыл.

Насыялык союздардын стабилизациялык фондунун баа моделинин долбоорун иштеп чыгуу жана "Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Стабилизациялык фонддун мүчөлүгүнүн шарттарын конкреттештирүү жана анын иштөөсүнүн башка укуктук негиздери жагында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 6-шарт болуп саналат. Мындан тышкары Стабилизациялык фондду түзүү жана анын иштөөсүн жөнгө салуучу ченемдик актыларын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү зарыл.

3.4. Пруденциалдык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө тутуму

 

Пруденциалдык жөнгө салуунун жана көзөмөлдүн талапка ылайык катаалдыгы депозиттерди коргоо (камсыздандыруу) тутумунун натыйжалуулугуна тикелей таасир көрсөтөт. Талаптагыдай пруденциалдык жөнгө салуу жана көзөмөл жашоого жөндөмдүү уюмдарга гана ДКТнын катышуучулары катары иш жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Банктар жана депозиттик финансы-насыя уюмдары жетиштүү түрдө капиталдаштырылып, коркунучтарды башкаруунун, корпоративдик башкаруунун жана бизнес жүргүзүүнүн талаптагыдай практикасын колдонууга тийиш. Көзөмөл органы жаңы уюмдарды лицензиялоонун натыйжалуу режимине ээ болуп, айрым банктарды жана БФКМны такай жана дыкаттык менен текшерүүнү жүргүзүүгө, ошондой эле көйгөйлүү банктардын жана БФНМнын кудуретсиздигин жөнгө салуунун механизмдерине ээ болууга тийиш, алар эртерээк табууну жана өз убагында кийлигишүүнү камтыйт.

Кыргыз Республикасында Насыялык союздардын ишин жөнгө салуу эрежелерине ылайык насыялык союздар КРУБ белгилеген экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү сактоого милдеттүү. Насыялык союздар үчүн алардын тизмеси капиталга карата талаптын түрүн, үч чектөөнү жана алты экономикалык ченемдиктерди камтыйт.

Коюлган талаптардын тизмесинин ичинен депозиттик насыялык союз үчүн капиталдын минималдуу өлчөмүнө карата 500 миң сом өлчөм кабатырлыкты жаратат, бул насыялык союздардын ишинин күндөлүк шарттары үчүн ылайыктуу өлчөм болуп эсептелбейт.

Ал Насыялык союздардын ишин лицензиялоо жөнүндө жобого жана Насыялык союздардын ишин жөнгө салуу эрежелерине депозиттик насыялык союз үчүн капиталдын минималдуу өлчөмүнө карата талаптарды жогорулатуучу өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгын шарттайт (7-шарт).

КРУБ микрофинансылык компаниялардын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу жана калктын алардын ишине болгон ишенимин арттыруу максатында микрофинансылык компаниялар тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилейт. Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине ылайык депозиттик МФКлардын 100 млн.сом суммасындагы минималдуу уставдык капиталы болушу керек, ошондой эле алар МРТны жана ачык валюталык позициянын лимити боюнча талаптарды жана он бир экономикалык ченемдин аткарылышын сактоосу зарыл. Депозиттик микрофинансылык компаниялардын ишине бир нече ченемдер колдонулат, бирок алар банктар менен насыялык союздарга карата белгиленбейт, ошондой эле бир катар ченемдер боюнча башка шаймандарга салыштырмалуу кыйла катуу чектөөлөр коюлган.

Депозиттик институттардын ар кандай түрлөрүнүн жөнгө салуучу базасын салыштыруу үчүн жөнгө салуудагы олуттуу айырмачылыктары бар бир нече ченемдер/талаптар тандап алынган (3-таблица).

3-таблица

Ишке коюлган талаптар боюнча салыштырма маалымат

 

Экономикалык ченемдин/талаптын аталышы

Коммерциялык банктын ишине карата

Депозиттик насыялык союздун ишине карата

Депозиттик микрофинансылык компаниянын ишине карата

Бир карыз алуучуга карата максималдуу тобокелдик

(<=) 20% байланышпаган адамдар үчүн
(<=) 15% байланыштуу адамдар үчүн

(<=) 20%

(<=) 5%

Кызматчылардын жыйынды карыздарын чектөө

Белгиленген эмес

Белгиленген эмес

(<=) 5%

Ар бир ФКУга салынган инвестицияларынын максималдуу өлчөмү

(<=) 20%

Белгиленген эмес

(<=) 5%

ФКУ капиталына салынган инвестициялардын суммасы

Белгиленген эмес

(<=) 15%

(<=) 30%

Ар бир банктык эмес уюмга салынган инвестициялардын максималдуу өлчөмү

(<=) 60%

Уруксат берилген эмес

Уруксат берилген эмес

 

МФКнын ишине карата экономикалык ченемдиктерди жана талаптарды шайкеш келтирүү маселесин банктарга жана депозиттик насыялык союздарга карата экономикалык ченемдиктерди жана талаптарды МФКга ылайыктуу коркунучтарды эске алуу менен кароо зарыл (8-шарт).

3.5. Бухгалтердик эсеп режимдеринин адекваттуулугу жана маалыматтарды ачыкка чыгаруу

 

Эл аралык стандарттарга ылайык финансылык отчетторду түзүү отчет берген чарба субъектинин финансылык маалыматын пайдалангандар үчүн аныктыкты, ачыктыкты, ишенимдүүлүктү жана алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчетторду түзүүнүн бирдиктүү методологиялык базасы Финансылык отчеттордун эл аралык стандарттары (ФОЭС) болуп саналат.

4. Депозиттерди коргоо тутумун кеңейтүү үчүн алдын ала көрүлгөн шарттарды аткарууга баа берүү

 

Депозиттерди коргоо тутумунун ийгиликтүү иштөөсү негизги алдын ала көрүлгөн шарттарды аткарууга көз каранды экендигин эске алып, микрофинансылык компаниялардын жана насыялык союздардын депозиттерди коргоо (камсыздандыруу) функцияларын киргизүү үчүн экономикалык, техникалык жана укуктук шарттардын даярдыгына мезгилдүү мониторинг жүргүзүү сунушталат.

Өз кезегинде аталган алдын ала көрүлгөн шарттарды өз убагында жана сапаттуу аткаруу үчүн бардык тартылган талаптарга иш-чаралардын ички пландарын иштеп чыгуу жана мезгил-мезгили менен жарым жылда бир жолу аны аткаруу боюнча прогресске баа берүү сунушталат. Бул шарттар аткарылганга жараша бардык тартылган депозиттерди коргоо тутумун кеңейтүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгат жана бардык ишке тартылган тараптар менен макулдашылгандан кийин Өкмөткө киргизилет.

Ошондой эле микрофинансылык компаниялар жана насыялык союздар эл аралык практикада колдонулуучу жекече негизде депозиттерди коргоонун кошумча фонддорун түзүшү мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүк колдонуудагы мыйзамдарда каралган.