Система Orphus

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2001-жылдын
16-июлдагы № 355 токтому
менен жактырылган

 

2001-2010-жылдары Кыргыз Республикасында топоз

чарбасын комплекстүү өнүктүрүүнүн

концепциясы

 

1. Актуалдуулугу

 

Топоз багуу пайдалуу жана рентабелдүү иш. Топоз жайытта гана багылуучу жаныбар, ал жыл бою жайытта багылып, кошумча тоют даярдоону, атайын короо-сарайларды курууну талап кылбайт.

Топоздон экологиялык жактан таза (азык жана азык эмес) продукция жана чийки зат алынат, анткени ал таза чөйрөдө орточо жылдык температурасы Цельсиа боюнча +4 град С, деңиз деңгээлинен 2700-5200 м бийиктикте жашайт.

Топоз бийик тоолуу жерде өскөн майда жана көпчүлүгү энергетикалык жана дарылык сапаттуу чөптөрдү оттойт, ошондуктан андан алынган азык продукция кыйла геронтологиялык баалуулукка ээ.

Топоз чарбасы калдыксыз тармак болуп эсептелет. Анын эти, сүтү, майы баалуу тамак-аш азыктары болуп саналат. Топоздун майы косметика өнөр жайы үчүн баа жеткис зат. Териси галантерея, бут кийим тигүү өнөр жайында пайдаланылат, ал өтө бышык жана ошол эле учурда өтө жумшак. Топоздун кылынан аркан эшилет, андан тышкары ал театр өнөр жайында кийме чачтарды жана башка атрибуттарды жасоо үчүн да кеңири пайдаланылат. Жүнү жана тыбыты кийим , жууркан-төшөк жасоого пайдаланылат. Топоздун сөөктөрү белек-бечкектерди, ээрлерди, ал эми тарамыштары эч бир кайталангыс жабыштыргыч чайырды даярдоо үчүн колдонулат. Топоздун каны, ички бездери, мүйүзү, туяктары өтө оор ооруларды дарылоо үчүн кыйла натыйжалуу дары-дармектерди жасоо үчүн фармакология өнөр жайында табылгыс зат болуп саналат.

Топоздун мына ушундай мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен топоз чарбасытоолуу райондорду экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүүдө таасирдүү алдыңкы тармактардын бири болуп калат жана болууга тийиш.

Топоздор морфологиялык жана физиологиялык бир катар өзгөчөлүктөргө ээ болуу менен, эреже катары, токойсуз, бийик тоолуу жарым чөлдүү жерлерди өздөштүрүшөт. Август-сентябрь айларында ал мөңгүлөргө чейин жетип оттойт, ал эми кышкысын бийик тоолуу өрөөндөргө кыштап, тоо беттеринен чөптү кар алдынан тээп оттойт. Бир баш топозго жылына 4-5 гектар бийик тоолуу жайыт керек жана өтө сейрек учурларда гана кыш катуу болгондо аз сандагы тоют запасы талап кылынат.

2000-жылдын 1-сентябрына карата маалыматтар боюнча дүйнөдө 15 млн. топоз бар. Кытай топоз багуу боюнча дүйнөдөгү эң ири өлкө, анда 13 миллионго жакын топоз бар. Башка топоз баккан өлкөлөргө Непал, Бутан, Индия, АКШ, Пакистан, Афганистан, Кыргызстан, Таджикистан жана Монголия кирет.

Башкача айтканда дүйнөнүн аз сандагы өлкөлөрү гана топоз сыяктуу кайталангыс жана рентабелдүү малды өстүрүү үчүн кыйла ыңгайлуу жаратылыш шартына ээ. Демек, топоз чарбасын өнүктүргөн өлкөлөрдө топозду багуу жана андан кайталангыс чийки заттарды алуу мүмкүнчүлүгү болбогон башка өлкөлөргө караганда кыйла артыкчылыктар бар.

 

2. Кыргызстанда топоз чарбасын өнүктүрүүнүн проблемалары

 

Кыргызстандын аймагында жүз жылдан ашык убакыттан бери топоз өстүрүлөт. Кыргызстандын топоздору Тибеттин топоздорундай эле генотипке ээ, демек алар Тянь-Шань аймагына Тибеттен таркаган.

Республикада топоз үчүн эң жакшы тоют базасы болуп саналган шалбалуу жана жарым шалбалуу зоналарда барууга кыйын болгон бир миллион гектарга жакын жайыт бар. Кыргызстанда топозчулуктун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн бир топ проблемаларды чечүү маанилүү.

 

2.1. Топоздун санын көбөйтүү

 

Кыргызстанда топоздордун максималдуу саны 1978-жылы 79,2 миң башка жеткен. Бирок, токсонунчу жылдарда айыл чарбасындагы реформага байланыштуу алардын саны кескин кыскарып, 2000-жылдын 1-январына карата бар болгону 17 миң башты түзгөн, башкача айтканда, ал 4 эседен ашык кыскарган. Топоз багууга ылайыктуу бийик тоолуу жайыттарды эске алсак, анда республикада топоздун санын 180 миң башка чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар.

 

2.2. Республикада топоз багуунун зоналарын кеңейтүү жана топоз чарбасынын субъектерин рационалдуу жайгаштыруу

 

Адатта Кыргызстанда топоз өлкөнүн түштүк чыгышында жана чыгышында - Нарын областында (Нарын, Жумгал, Ат-Башы райондорунда) жана Ысык-Көл областында (Жети-Өгүз, Тоң райондору), өлкөнүн түштүк батышында жана батышында - Ош областында (Кара-Кулжа, Алай райондору), Баткен областында (Кадамжай, Баткен райондору) жана Жалал-Абад областында (Чаткал, Аксы райондору) жана өлкөнүн түндүгүндө - Чүй областынын Кемин, Чүй райондорунда жана Талас областында багылат.

Башкача айтканда жайкысын салкын жана кышы суук болгон республиканын бардык региондорундагы бийик тоолуу жайыттар топозду өтө ийгиликтүү өстүрүү үчүн оптималдуу жай болуп саналат.

Мындагы проблема топозду багуунун зоналарын кеңейтүү жана бул үчүн ылайыктуу болгон республиканын бардык райондорунда топоз багуу чарбаларын түзүү зарылчылыганда турат.

 

2.3. Топоз чарбасын ветеринариялык-санитариялык тейлөө жана асыл-тукумдаштыруу иштеринин деңгээлин жогорулатуу

 

Республикада топоз багуунун зонапарын кеңейтүү үчүн топозчулукту ветеринариялык-санитариялык тейлөөнүн жана асыл-тукумдаштыруу иштеринин деңгээлин жогорулатуу маселесин чечүү керек.

Топоз чарбасына соңку жылдары аз көңүл бурулгандыктан, талапдагыдай ветеринариялык контролдуктун жоктугунан, асыл-тукумдаштыруу ишинин начар жүргүзүлгөндүгүнөн, инбридингден улам бул жаныбар майдаланып кеткен, анын тирүүлөй салмагы жана төлү азайып кеткен. Азыркы учурда топоздун орточо салмагы бар болгону 280-330 килограммды, ургаачысы 250-280 килограммды түзөт. Ар жүз тубар топоздон 60-65ке чейин мамалак алынат.

Ушуга байланыштуу топоздун тукумун жакшыртууга багытталган иштерди олуттуу жакшыртуу, жогорку азыктуулуктагы породаларды чыгаруу, алардын бардык региондордо көндүрүү жана ошондой эле санын көбөйтүү, андан алынуучу продукция жана чийки заттардын сапатын жогорулатуу иштерин аткарууда ата-мекендик жана чет өлкөлүк илимдин жетишкендиктерин жана тажрыйбасын пайдалануу маселеси курч турат.

 

2.4. Топозго жана топоз чарбасынан алынуучу продукцияга жана чийки заттарга стандарттарды иштеп чыгуу

 

Биздин өлкөдө топоз чарбасын жана анын продукциялык расмий статистикада жана башка маалыматтарда салт боюнча "Бодо мал" деген жалпы ат менен бир жана бизон, зубр, овцебык сыяктуу жаныбарлар менен бир графада катталып келген.

Азыркы зоологиялык классификацияда топозду өзүнчө тукумга "Poephagus (Urei)" жана үйдө багылуучу "Poephagus gru№ies" жана жапайы топоз "Poephagus mutuz (Prz)" бөлүнөт.

Топоз чарбасынан чоң экономикалык пайда алыш үчүн анын өзүнө жана андан алынуучу продукцияга жана чийки заттарга стандарттарды иштеп чыгуу проблемасын чечүү керек.

 

2.5. Топоздон алынуучу продукцияны жана чийки заттарды кайрадан иштетүү

 

Буга чейин Кыргызстанда топоз көп учурда эт жана тери алуу үчүн гана колдонулган. Анын үстүнө анын эти жана териси "Бодо мал" стандарты боюнча квалификацияланып келген. Ал эми калган чийки заттар дээрлик пайдаланылган эмес.

Буга чейин Кыргызстанда топоздун продукциясын кайра иштетүү жагында иш жүргүзүлгөн эмес. Жеке демилге катары тери заводдору менен макулдашуу боюнча керектөөчүлөрдүн заказы боюнча топоздон алынган чийки заттан белек-бечкектер жасалып жана башка жеке өнөрканалар менен чакан ишканаларда колдонулуп келген, ал эми анын териси менен туяктары белек даярдоого жумшалган.

Топоздун ар кандай продукциясын жана чийки затын кайра иштетүү жана сырье алынган жерге кыйла жакын жерлерге кайра иштетүүчү ишканалардын системасын (негизинен чакан жана орто ишканаларды) түзүү эң актуалдуу проблемалардын бири болуп саналат.

Кайра иштетүүчү ишканалардын системасын түзүү кыйла экономикалык натыйжа гана бербестен, ошондой эле топоз багуу региондордун экономикалык жактан өнүгүү деңгээлин көтөрүп, жумуш орундарын түзүү жана жумушсуздукту кыскартуу, калктын тоолуу райондорго кайтып келиши жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн кадрларды кайра даярдоо системасын түзүү аркылуу социалдык зор натыйжа бермек.

 

2.6. Топоз чарбасынан алынган продукцияны сатуу

Топоздон алынган продукцияны сатып өткөрүү олуттуу маселелердин бири болуп келет. Ушул кезге чейин ал продукцияга болгон суроо-тапап, ички жана тышкы рыноктун керектөөлөрү иликтенген эмес. Аны жарнама кылуу жана сатып өткөрүү системасы да жок. Ошондуктан топоздон алынган продукциядан жасалган товарлар менен ички рынокту каныктыруу жана тышкы рынокко чыгаруу үчүн маркетинг жана жарнама системасын түзүү маселеси кыйла курч турат.

 

2.7. Топоз чарбасынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуучу фундаменталдуу, илимий-иликтөө жана илим-изилдөө иштеринин деңгээлин жогорулатуу

 

Республикада топоз маселесин маселесин изилдөө боюнча анча-мынча ллимий база бар, бирок ал өтө жетишсиз. Маселе изилдөөгө финансы каражаттарынын жетишсиздигинде гана эмес, маселе топоз чарбасына жетишсиз көңүл бурулгандыгында жана бул жагында мамлекеттик саясаттын жоктугунда турат, ушунун кесепетинен өлкөдө топоздун санынын кескин кыскаруусунун кесепетинен бул тармактын жок болуп кетиш коркунучу бар.

Топоз чарбасы, аны мындан ары өнүктүрүү боюнча өтө терең илимий иштерге жана илимий эмгектерге кыйла муктаж.

 

3. 2001-2010-жылдардагы мезгилге Кыргызстанда топоз чарбасын өнүктүрүүнүн максатары жана милдеттери

 

2001-2010-жылдардагы мезгилге Кыргызстанда топоз чарбасын өнүктүрүүнүн максаты болуп көбүнчө чийки зат булагына өтө жакын жерде топоздун продукциясын жана чийки затын өнөр жайлык кайра иштетүү системасын түзүүнүн жана даяр продукция маркетингинин системасын өнүктүрүүнүн эсебинен тоолуу райондордун жана бүткүл өлкөнүн экономикалык турмуш деңгээлин жогорулатуу болуп саналат, бул топоздордун азыктуулугн жогорулатуунун жана алардын санын кыйла көбөйтүүнүн негизинде ишке ашырылууга тийиш.

Бул максатка жетишүү үчүн төмөнкүдөй милдеттерди чечүү манилүү.

 

3.1. Илим-изилдөө жана эксперименттик ишти өнүктүрүү, төмөнкү багыттар аркылуу болууга тийиш:

 

- топоздордун жогорку азыктуу тукумдарын чыгаруу;

- жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу;

- топоздорду өстүрүүнүн зоналарын кеңейтүү;

- топоздорду көбөйтүүнүн прогрессивдүү технологиялары жана жогорку сапаттуу чийки затты алуу;

- топоздун организмин иммунобиологиялык мониторингин жүргүзүү, ветеринариялык-санитариялык жана профилактикалык иш чараларды иштеп чыгуу.

- топоздун чийки затынын курамын (азыган - этин, майын; жана азык эместерди - терисин, мүйүздөрүн, туяктарын, жүнүн, тыбытын, канын, бездерин) изилдөө, талдоо;

- топоздун (азык жана азык эмес) чийки затынан ар түрдүү продукцияны чыгаруу.

 

3.2. Топоз чарбасы продукциясынын стандарттарын түзүү

 

Топоздун чийки затын: а) азыгын - этин, сүтүн, майын; б) азык эместерди - жүнүн, тыбытын, терисин, мүйүздөрүн, туяктарын, канын, бездерин талдоо боюнча жүргүзгөн изилдөөлөрдүн негизинде стандарттарды иштеп чыгуу, белгиленген талаптарга ылайык документтерди даярдоо жана тиешелүү мамлекеттик органдарда бекитүү жол-жоболорунан өтүү.

 

3.3. Топоздун чийки затын кайра иштетүү боюнча алдыңкы технологияларды түзүү:

 

- топоздун чийки затын кайра иштетүүнүн жергиликтүү технологияларын изилдөө;

- мал-чарба чийки затын кайра иштетүүнүн жаңы, алдыңкы технологияларын изилдөө жана аларды жергиликтүү технологиялар менен айкалышта топоздун чийки затына карата колдонуу;

- топоздун чийки затын кайра иштетүү жана ар түркүн продукцияны чыгаруу боюнча жабдуулар, машиналар, мини-линиялар, мини-цехтер, мини-заводдор боюнча документтерди (чиймелерди, техникалык-экономикалык негиздемелерди жана башкаларды) иштеп чыгуу.

 

3.4. Адистерди даярдоо жана кайра даярдоо жана маалымдоо иштери

 

Бул милдетти чечүү үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

- топоздорду көбөйтүү жана өстүрүү жагынан иш жүргүзгөн фермерлер менен окутуучу семинарларды өткөрүү;

- топоздун чийки затын кайра иштетүүчү ишканалардын кызматкерлери менен тренингдерди өткөрүү;

- топоз чарбасы продукциясынын маркетингинин маселелери боюнча окутуучу семинарларды уюштуруу.

 

3.5. Тармакты өнүктүрүү боюнча уюштуруу-практикалык иш-чаралар

 

Алар төмөнкүлөрдү камтыйт:

- асыл тукум топоз өстүрүү чарбаларын аныктоо, аларга финансылык жана техникалык колдоону камсыз кылуу (жеңилдетилген кредиттер, демөөрчүлүк жардам жана башкалар);

- топоздорду көбөйтүүнүн жана өстүрүүнүн зоналарын кеңейтүүнүн келечектүү планын иштеп чыгуу, чарбаларды асыл тукум мал менен камсыз кылуу жана топоздордун санын көбөйтүү;

- топоздун ар түрдүү чийки затын даярдоо жана кайра иштетүүчү ишканаларга үзгүлтүксүз жабдуу системасын түзүү;

- чийки зат булактарына өтө жакындатуу принцибин сактоо менен кайра иштетүүчү ишканаларды жайгаштыруунун келечектүү планын иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу;

- ички жана тышкы рыноктордун керектөөлөрүн эске алуу менен маркетинг системасын иштеп чыгуу.

 

4. 2001-2010-жылдардагы мезгилде топоз чарбасын өнүктүрүүнүн каржылоо булактары

 

4.1. Кыргызстанда топоз чарбасын өнүктүрүү өлкөнүн экономикасынын кирешелүү бир тармактарынан болооруна байланыштуу келерки он жылда анын белгилүү бир керектөөлөрү мамлекет тарабынан колдоого алынып, мамлекеттик бюджет аркылуу каржыланууга тийиш, өзгөчө топозчулуктун өнүгүүсүнүн алгачкы жылдары.

Мамлекет тарабынан колдоого өтө муктаж болгон багыттар төмөнкүлөр: топоздун жана андан алынуучу продукциялардын стандартын топоздон алынган продукцияны жана сырьену кайра иштетүү технологияларын иштеп чыгуу жана рекламалоо боюнча жана ошондой эле адистерди (вуздар, аспирантура, докторантура аркылуу) даярдоо боюнча илимий-изилдөө жана эксперимент жүргүзүү иштерин каржылоо. Бул иште олуттуу орунду асыл-тукумдаштыруу иштерине көңүл буруу абзел.

Жогорудагы илимий иштердин натыйжаларын кийин топозчулуктан алынган продукцияларды кайра иштетүүчү компанияларга, фирмаларга сатуу жолу менен мамлекеттик каражаттардын көпчүлүк бөлүгүн кайтарууга болот.

4.2. Топоз чарбасын өндүрүүнүн кээ бир багыттарын каржылоо өлкөдөгү жергиликтүү (улуттук) инвесторлорду, аны каржылоонун негизги булактарынын бири болушу керек. Мында өзгөчө алынган продукцияны кайра иштетүү жана маркетинг жасоо иштери аркылуу чоң ийгиликтерге жетишсе болот.

4.3. Топоз чарбасын өнүктүрүүдө үчүнчү каржылоо булагы болуп чет элдик иивесторлор болууга тийиш. Аларды биргелешкен илимий-изилдөө, адистерди даярдоо, маалымат берүү иштерин өнүктүрүү, продукцияны жана сырьену кайра иштетүүдө алдыңкы технологияларды иштеп чыгуу иштерин аткарууга багыттоо керек.

 

5. 2001-2010-жылдары топоз чарбасын өнүктүрүүнүн механизмдери

 

Жакынкы он жылда өлкөдө топоз чарбасын өнүктүрүүнүн негизги механизми болуп комплекстүү долбоорду иштеп чыгуу жана аны турмушка ашыруу болуп эсептелет. Ал ар түрдүү конкреттүү проблемаларды чечүүчү долбоорлордон турууга тийиш. Ушул конкреттүү долбоорлордун ишке ашырылышы Кыргызстанда топоз чарбасын этап менен өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Комплекстүү долбоордун уңгу идеясы болуп, топоздун уникалдуу чийки заттарын алдыңкы технологияларды колдонуу менен кайра иштетүү жана ички жана эл-аралык стандарттарга жооп берген жогорку сапатагы продукция алуу болуп эсептелет. Ушулардын негизинде тоолук аймактарда жашаган элдин социалдык-экономикалык абалын оңдоо жана ошондой эле өлкөнүн дээрлик социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууга алып келет.

Кыргызстанда топоз чарбасын ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн төмөнкү багыттардагы конкреттүү долбоорлор зор мааниге ээ:

 

5.1. Асыл-тукумдаштыруу иштери

 

Бул багыт боюнча төмөнкү долбоорлорду ишке ашыруу зарыл. Аларга топоздун санын көбөйтүү, анын азыктуулугун жогорулатуу, топоз багуучу аймактарды кеңейтүү, базалык асыл-тукум чарбаларын түзүү ж.б.

 

5.2. Топоз чарбасын өнүктүрүүдө ветеринариялык тейлөөнү камсыз кылуу

 

Мында топоздун организмине иммунобиологиялык мониторинг жүргүзүү, ар кандай ылаңдардан сактоо жана алдын алуу иш чараларынын системасын иштеп чыгуу жана аткаруу, өтө кеңири таралган ылаңдарды дарылоо боюнча долбоорлордун болушу зарыл.

 

5.3. Топоздон алынуучу азык заттарды кайра иштетүү

 

Бул багытта топоздун этин, сүтүн, майын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу технологияларды иштеп чыгуу, ички жана тышкы рынокко сапаттуу тамак-аш продукциясын чыгаруу жана аларга стандарт түзүү, ошондой эле чакан кайра иштетүүчү ишканалардын тармактарын жана продукция сатуу маркетингинин системасын түзүүгө багытталган долбоорлор колдоого алынуусу зарыл.

 

5.4. Топоздон алынуучу азык эмес заттарды кайра иштетүү

 

Аталган багытта топоздон алынуучу кыл, жүн, тыбыт, тери, мүйүз, туяк, сөөктөрдү кайра иштетүү технологиясы жана аларды ички жана тышкы рынокко сатуу иштерин аткаруу боюнча, ошондой эле дары-дармек жасоо технологиясын иштеп чыгуу жана сатуу боюнча, аларды өндүрүү үчүн чакан кайра иштетүүчү ишканалардын тармактарын түзүү боюнча долбоорлор колдоого алынууга тийиш.

 

5.5. Топозчулардын социалдык жактан камсыз болуусу

 

Бул багытта топозчулардын жана алардын үй-бүлөөсүнүн ден-соолугун чыңдоо, үй-тиричилик абалын оңдоо, тамак-аш продукциясы, кийим-кечек менен камсыз кылуу, ошондой эле аларды топозду багуу, асыроо, төлүн көбөйтүү маселелери боюнча окутуу системаларын камтыган жана аткарган долбоорлорду иштеп чыгуу.

 

5.6. Топоз чарбасы өнүккөн аймактарда экологиялык жана күтүлбөгөн жоруктуу окуялар туризмин түзүү

 

Тоолуу аймактардын жаратылыш шартын пайдаланып, өлкөдө туризмдин өнүгүүсүн эске алып экологиялык жана күтүлбөгөн жоруктун окуялар туризминин маршруттарын иштеп чыккан жана аткарган, ошондой эле бийик тоолуу аймакта кемпингдерди курууга арналган долбоорлорду колдоого алуу курч маселе болуп эсептелет. Мында негизги объект болуп топоз зсептелиш керек.

 

5.7. Топоз чарбасын өнүктүрүүнү башкарууну өркүндөтүү

 

Бул багытта топоз чарбасын өнүктүрүү боюнча фермердик чарбадан тартып райондук, облустук жана республикалык деңгээлдерде топозду өстүрүү боюнча компьютердик жол менен башкаруу долбоорун түзүү жана колдонуу өзгөчө колдоого алынуусу зарыл.