Система Orphus

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 9-декабры № 847

«Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бѳлγгγнѳ, "Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтγ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер жактырылсын:

- ''Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун бекитγγ маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен, мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн расмий ѳкγлγ болуп дайындалсын.

4. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 28-августундагы № 611 токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен чакыртып алынсын.

5. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 28-августундагы № 611 «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнγндѳ» токтому кγчγн жоготту деп таанылсын.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык

бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө

 

1-берене

1. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 124 399 639,1 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 146 853 412,8 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 22 453 773,7 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 22 453 773,7 миң сом суммасында каражат 2-тиркемеге ылайык жумшалсын.

 

2-берене

1. Кыргыз Республикасынын 2016-2018-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 1-тиркемеге ылайык жактырылсын. 

2. Кыргыз Республикасынын 2017-2018-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:

1) 2017-жылга кирешелер боюнча болжол – 131 504 243,2 миң сом суммасында, 2018-жылга – 142 212 603,0 миң сом суммасында ;

2) 2017-жылга чыгашалар боюнча болжол – 152 563 463,7 миң сом суммасында, 2018-жылга – 155 898 385,3 миң сом суммасында;

3) Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу – 21 059 220,5 миң сом суммасында, 2018-жылга – 13 685 782,3 миң сом суммасында.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2017-2018-жылдарга жактырылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир дайындуу мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.

 

3-берене

Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2017-2018-жылдарга болжолу 3 жана 3-1-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен  түзүлсүн.

 

4-берене

Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин жана 2017-2018-жылдарга болжолунун чыгашаларын каржылоого каражаттар 4, 5 жана 5-1-тиркемелерге ылайык белгиленсин.

 

5-берене

1. 2016-2018-жылдарга Мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. 2016-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 4 510 984,4 миң сом суммасында бекитилсин жана алардын артыкчылыктарын эске алуу менен алар 2016-жылга жана мурунку жылдарга түзүлгөн тизмекте бекитилген курулуш объекттерин бүткөрүүгө багытталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык  сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү  бюджеттик каражаттарды төлөөгө 500 000,0 миң сом багытталсын.

4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2016-жылы – 500 000,0 миң сом суммасында, 2017-жылы – 600 000,0 миң сом, 2018-жылы 700 000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотацияларды алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктуулугу белгиленсин.

 

6-берене

1. Чыгашаларды  каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер  (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдар, социалдык жөлөкпулдар, стипендиялар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелер боюнча жүргүзүлсүн.

2. Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшү жана алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы менен байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.

3. Ушул Мыйзамга ылайык өздүк чыгашалардын корголгон беренелерин толук каржылоону камсыз кылуу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жоопкерчилик жүктөлөт.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2016-2018-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.

 

7-берене

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) эгерде бул Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

2) тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле түзүмдүк өзгөртүүлөрдөн, өндүрүштүн көлөмдөрүнүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүүлөрүнөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоолорду киргизүүгө.

2. Зарылдыкка жараша өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча ушул Мыйзамга тийиштүү оңдоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам кабыл алынганга чейин  аткарылышы мүмкүн.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар аларды каржылоо булактары табылган учурда маанилүү иш-чараларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети жана тармактык комитеттери менен макулдашууга киргизүүгө укуктуу.

 

8-берене

2016-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 150 000,0 миң сом суммасында белгиленсин.

 

9-берене

1. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2016-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо 8-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.

2. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2017-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо суммасынын болжолу 8-1, 8-2-тиркемелерге  ылайык жактырылсын.

 

10-берене

1. 2016-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:

1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан - 50 пайыз өлчөмүндө;

2) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн - шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө - 100 пайыз өлчөмүндө;

3) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык  пайдалуу кендерди: алтынды, мунайды, газды кошпогондо роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча шаарлардын жана айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө;

4) администрациялык айыптардан, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттерине салынган айыптардан өндүрүп алынган суммалардан - 50 пайыз өлчөмүндө, мында төмөндөгү учурларды кошпогондо :

а) жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерине кыянаттык келтирген администрациялык укук бузууларды жасоодо өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммасын;

б) бажы органдары өндүрүп алуучу администрациялык айыптардын суммаларын;

2. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүү белгиленсин.

3. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү  жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга тийиш эмес.

 

11-берене

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин суммасынын жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтарылышы 9-тиркемеге ылайык 2016-жылы – 86 656,2 миң сом, 2017-жылы – 130 101,1 миң сом, 2018-жылы – 119 895,9 миң сом суммасында камсыз кылынсын.

 

12-берене

1. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңөөчү гранттардын өлчөмү 10-тиркемеге ылайык чыгашалардын 1 609 300,0 миң сом жалпы суммасында бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2017-2018-жылдарга республикалык бюджетинен теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына теңөөчү гранттар биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого жөнөтүлсүн.

4. Республикалык бюджеттен теңөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышат.

5. Мыйзамдар менен каралган ыйгарым укуктардын чегинде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин  көбөйүүсү ушул Мыйзам менен бекитилген 2016-2018-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбестиги белгиленсин.    

 

13-берене

Эң аз эмгек акынын  өлчөмү 2016-жылга - 1060,0 сом, 2016-жылга - 1060,0 сом, 2017-жылга - 1140,0 сом, 2018-жылга 1220,0 суммасында белгиленсин.

 

14-берене

1. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаты боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.

Кайтарып берүү негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз убагында кайтарбаган, ошондой эле аларды пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберген шартта мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрү кыскартылууга же токтотулууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Мыйзамдын беренелерин аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдары жоопкерчилик тартууга тийиш.

 

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө жайгашкан мекемелерин кошпогондо бюджеттик мекемелерге казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Аталган тартип бузулганда атайын каражаттардын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынат.

 

15-берене

Коомдук уюмдардын, чыгармачыл бирликтердин, өздүк көркөм чыгармачыл жамааттардын чыгашаларын каржылоого ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн чекте жол берилет.

 

16-берене

Ушул жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийинки жылдагы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралсын.

 

17- берене

Сот органдарынын чечимдерине ылайык жеке адамдарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү министрликтердин жана административдик ведомстволордун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.

 

18-берене

Пилоттук министрликтердин жана административдик ведомстволордун 2016-2018-жылдарга программалык бюджети 6-тиркемеге ылайык жактырылсын.

 

19-берене

Ушул Мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти