Система Orphus

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2016-жылдын 14-мартындагы
№ 128 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо
ЭРЕЖЕСИ

1.    Жалпы жоболор

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)

 

1. Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежеси (мындан ары - Эреже) уюштуруу-укуктук формасына карабастан суу пайдалануучулардын жер үстүндөгү суулардын абалына жагымсыз терс таасир тийгизген же тийгизиши мүмкүн болгон чарбалык иштеринин ар кандай түрлөрүндө жер үстүндөгү сууларды булгануудан, ыпылас нерселердин түшүүсүнөн жана соолушунан коргоо маселесин, ошондой эле жер үстүндөгү сууларды коруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү тартибин жөнгө салат.

2. Суу мамилелери жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана сууну пайдалануучулар жер үстүндөгү сууларды коруу боюнча өз иштерин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Эрежени жетекчиликке алышат.

2. Эрежеде пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

Суу объектисинин ассимиляциялоочу жөндөмү - сууну пайдалануунун контролдук створунда (пунктунда) суу объектисинин суунун сапатынын ченемдерин бузбастан убакыт бирдигинде заттардын белгилүү массасын кабыл алуучулук жөндөмү.

Суу объектиси - дарыяларды, өзөндөрдү, булактарды, көлдөрдү, саздарды, мөңгүлөрдү жана карларды кошуп алганда, жер үстүндөгү баардык топтолгон суулар.

Сууну пайдалануучулар - иши үстүңкү суунун абалына таасир тийгизген Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде жарандыгы жок адамдар.

Суунун нугу - суу нугундагы жалпы эңкейиш багыт боюнча суулардын туруктуу же мезгилдүү кыймылы менен мүнөздөлгөн суу объектиси.

Суу нуктары төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:

туруктуу жана мезгилдүү;

табигый (дарыялар жана өзөндөр) жана жасалма (каналдар).

Көлмө - суулардын токтоп турушунан же жай агышынан улам табигый же жасалма ойдуңдарга мезгилдүү же туруктуу топтолгон суулар (көлдөр, суу сактагычтар, көлмөлөр д.у.с.).

Суу объектисине заттарды убактылуу макулдашып чыгаруу (УМТ) - убакыт бирдигинде суу объектисине зыяндуу (булгоочу) заттарды чыгаруунун убактылуу лимити, ал суу объектисиндеги суунун сапатын жана тиешелүү аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн шарттарын эске алуу менен, чыгаруунун жол берилген чегинин белгиленген ченемине этап-этабы менен жетүү максатында саркынды сууларды куюучу (чыгаруучу) булактар үчүн белгиленет.

Дренаждык суу - сугарылуучу жана кургатылуучу жерлерден бурулуп кетүүчү жер алдындагы суу, саркынды суу түшүнүгүнө кирет.

Сууну булгоо - сууга булгоочу заттардын түшүшүнүн кесепетинен суу объектисиндеги суунун курамынын жана касиеттеринин өзгөрүү процесси.

Сууга акыр-чикирдин топтолушу - суу объектисинде бөтөн заттардын топтолушу.

Суунун азайышы - жер үстүндөгү суулардын запасынын туруктуу азайышы жана сапатынын начарлашы;

Кошундулардын булагы - эриген, коллоиддик же катуу заттардын кошундулары табигый сууларга куюлуучу объект.

Контролдук көрсөткүчтөр - суу объектисиндеги суунун жана чыгарылуучу саркынды суулардын сапатынын белгиленген ченемдеринин сакталышын текшерүүдө контролго алынуучу суунун курамынын жана касиеттеринин көрсөткүчтөрү.

Контролдук створ - агымдын туурасынан кеткен кесилиши, анда суунун сапаты контролдонот.

Маданий-тиричиликте суу пайдалануу - жер үстүндөгү сууларды киринүүгө, спорт менен машыгууга жана калктын эс алышына пайдалануу. Маданий-тиричиликте пайдаланылуучу суунун сапатына карата талаптар пайдалануунун түрүнө карабастан калктуу конуштардын чегинде жайгашкан суу объекттеринин бардык участокторуна коюлат.

Майда суулар, өзөндөр, саздар, каналдар, булактар, булактардын, арык тармагы, дренаж тармагынын коллекторлору, көлмөлөр, суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндер (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы № 561 "Кыргыз Республикасында табигый жана жасалма көлмөлөрдү балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын табигый көлмөлөрүнүн жана суу сактагычтарынын тизмесине кирген көлдөрдөн, жана жасалма көлмөлөрдү куруу жолу менен балык чарба жана өстүрүү максаты үчүн пайдаланылган же пайдаланылышы мүмкүн болгон суулардан башкалар), ошондой эле жергиликтүү рельефке, кургак сайларга жана селдин сайларына агызып чыгарылуучу суулар маданий-тиричилик багытындагы көлмө-сууларга кирет.

Суудагы зыяндуу заттардын лимиттик белгилери - заттын суудагы зыяны кыйла аз концентрациясы менен мүнөздөлүүчү белгилер.

Суунун сапатынын ченеми - сууну пайдалануунун түрү боюнча суунун курамынын жана касиеттеринин белгиленген көрсөткүчтүк ченеми.

Нормаланган зат - аралашманын суудагы жол берилген чектеги концентрациясы (ЖБТЧ).

Жер үстүндөгү суулар - жер үстүндө аккан же топтолгон суулар. Көл, дарыя, саз жана башка суулар деп бөлүнүшөт.

Заттын суудагы жол берилүүчү концентрациясы (ЖБК) - заттын суудагы концентрациясы, андан көп болсо суу тийиштүү пайдалануу үчүн жараксыз болот. Заттын суудагы концентрациясы ЖБКга барабар же аз болсо, анда бул зат таптакыр жок суу сыяктуу эле суу бардык жандуулар үчүн зыянсыз болот.

Заттарды суу объектисине чыгаруунун жол берилген чеги (ЖБЧ) - контролдоочу туштагы суунун сапатынын ченемин камсыздоо же сапат нормативдегиден начар болсо андан да начарлатпоо максатында суу объектисинин пунктуна режимде белгиленген убакыттын аралыгында чыгарылуучу саркынды суудагы заттын массасы.

Балык чарбасында суу пайдалануу - жер үстүндөгү сууларды балыктардын жана башка суу организмдеринин жашашы, көбөйүшү жана орун которушу үчүн пайдалануу.

Балык чарбасынын суу объекттери же алардын участоктору төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:

- жогорку категорияга балыктын өзгөчө баалуу жана баалуу башка түрлөрү жана башка өнөр жайлык суу организмдери урук таштоочу, жалпы семире турган жана кыштоочу жер, ошондой эле балыктарды, башка суу жаныбарларын жасалма тукумдатуучу жана өстүрүүчү баардык типтеги чарбалардын корголуучу зоналары кирет;

- биринчи категорияга балыктардын кычкылтектин болушуна сезгичтиги жогорку баалуу түрлөрүн сактоо жана өстүрүү үчүн пайдаланылуучу суу объекттери кирет;

- экинчи категорияга балык чарбасынын башка максаттары үчүн пайдаланылуучу суу объекттери кирет.

Суунун курамы - суудагы минералдык жана органикалык заттардын иондук, молекулалык, комплекстүү, коллоиддик жана катуу абалдагы аралашмаларынын жыйындысы, ошондой эле андагы радионуклиддердин изотоптук курамы.

Суунун касиети - суунун физикалык, химиялык, физикалык-химиялык, органолептикалык, биохимиялык жана башка касиеттеринин жыйындысы.

Агып чыкма суу - техникалык курулмалардын жана каражаттардын жардамы менен сууну чарбада пайдаланылган чөйрөдөн табигый айлануучу чөйрөгө (көлгө, дарыяга, литогенге) чыгаруу. Чарбадагы-тиричиликтеги, өндүрүштөгү, саркынды сууларды, жаандын (кардын) сууларын, дренаждык, шахталык жана башка чыгарылуучу суулардын жалпыланган аталышы.

Бурган суу - сугарылуучу айыл чарба жерлерине жана курулган аймактарга жараша берилүүчү сугат жана чачылуучу суулар; агып чыкма суунун түрү.

Баштапкы кошуунун створу - баштапкы кошуу чөлкөмүнүн узундук чоңдугуна таратууга чыгарылган агымдын туурасынан кеткен кесилиши.

Фондук концентрация - эсептик гидрогеологиялык шарттарда суу объектисинин фондук створундагы бул булактын аралашмасына колдонууга эсептелген заттардын суудагы концентрациясы, ушул булактан башка бардык булактардын аралашмаларынын таасири эске алынат.

Фондук створ - агымдын туурасынан кеткен кесилиши, анда заттардын суудагы фондук концентрациясы аныкталат.

Чарбага жана ичүүгө сууну пайдалануу - суу объекттерин же алардын участокторун чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоочу булак катары, ошондой эле тамак-аш өнөр жайынын ишканаларын суу менен камсыздоо үчүн пайдалануу.

3. Жер үстүндөгү сууларды коргоо

3. Жер үстүндөгү сууларды булгануудан, акыр-чикирлерден жана соолуп калуудан коргоо, сууну пайдаланууга жагымдуу шарттардын түзүлүшүн, калктын экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу максаттарында жер үстүндөгү сууларды коргоо уюштурулат.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Жер үстүндөгү сууларды коргоо иштерин уюштуруу үчүн төмөнкүдөй иш-чаралар каралат:

- жер үстүндөгү суу булактарын изилдөө жана ошол булактардын ресурстарына баа берүү;

- жер үстүндөгү сууларды түзгөн булактарга мониторинг жасоону жана климаттын  өзгөрүшүнө байланыштуу ошол булактардын ресурстарынын мезгилдерде өзгөрүү божомолун жүргүзүү;

- булгоочу заттарды айлана-чөйрөгө чыгаруунун жол берилүүчү ченемдерин жана\же убактылуу макулдашылган чыгаруулардын ченемдерин (мындан ары - ЧЖБЧ/УМЧ) иштеп чыгуу (кайра иштеп чыгуу), макулдашуу, бекитүү жана булгоочу заттарды айлана-чөйрөгө чыгарууга уруксатты белгиленген мөөнөттө алуу;

- бул ченемдер жогору болгон учурда, жер үстүндөгү, көлмөлөрдөгү жана суу агызгычтардагы суулардын абалына таасир эткен, же анын курамын жана касиетин начарлатпаган чарбалык иштердин ар кандай түрлөрүнүн ченемделген заттарды чыгаруусун контролдук створдогу суулардын сапатынын ченемдерин сактоо шарттарынын негизинде регламенттөө;

- жер үстүндөгү сууларга булгоочу заттарды чыгаруунун белгиленген ченемдеринин жана чарбалык иштердин ар кандай түрлөрүнө коюлуучу суу коргоо талаптарынын сакталышын камсыздоочу, булгоочу заттардын массасын ырааттуу төмөндөтүүчү, жер үстүндөгү сууларга алардын чыгарылышы толук токтотулганга чейинки суу коргоо иш-чараларын пландаштыруу, иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

- балыктардын баалуу түрлөрү урук таштаган жерлерди коргой турган жээктердеги сууну коргоочу чөлкөмдөрдү жана токойлордун тыюу салынган тилкелерин уюштуруу;

- булгоочу заттарды жапырт же авариялык чыгаруунун натыйжасында жер үстүндөгү суулардын булганышын болтурбоочу жана жоюучу иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- ченемделген заттарды чыгаруунун белгиленген шарттарын сактоо жана чарбалык иштин ар кандай түрлөрүнө карата коюлган суу коргоо талаптарын аткарылышына болгон контролдоо;

- жер үстүндөгү суулардын сапатына экологиялык мониторинг жасоону жүзөгө ашыруу;

- жер үстүндөгү сууларды коргоо жана пайдалануу маселелери боюнча маалыматтардын эсебин алуу, жалпылоо жана иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети бекиткен № 2 суу чарба таризи (жыйынды) боюнча статистикалык отчетту жүзөгө ашыруу.

4. Жер үстүндөгү сууларга коюлуучу жалпы талаптар жана ченемдер

5. ЧЖБЧнын бекитилген ченемдеринин долбоорлорунун жана айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды чыгаруу уруксатынын негизинде саркынды суулар чыгарылат.

6. Саркынды сууларды чыгаруунун шарттары жана чарба жүргүзүүнүн ар кандай түрлөрүнө карата суу коргоо талаптары суу объектисинин контролдук створлорундагы суулардын сапатынын ченемдеринин, же алар жогорулап кеткенде, табигый процесстердин (фондук көрсөткүчтөрдүн) таасири астында түзүлгөн суунун курамынын жана касиеттеринин сакталышын камсыздоого тийиш.

7. Өндүрүштүк саркынды суулар чарбалык жана башка иштердин объекттерин айлантып суу менен жабдуу системасында максималдуу толук пайдаланылууга тийиш.

8. Суу объекттерин коргоо максаттарында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- чарбага-ичүүгө, маданий-тиричиликке жана балык чарбасы үчүн пайдаланылган суу объекттерине айыл чарбалык, рекреациялык жана ден соолукту чыңдоо максаттарында, ошондой эле жер алдындагы горизонтко жана сугат талааларына тазаланбаган, зыянсыздандырылбаган жана жугушсуздандырылбаган саркынды сууларды чыгарууга;

- өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөөчү кемелерди, ошондой эле ошол кемелерде жана объекттерде пайда болгон саркынды сууларды, калдыктарды жана таштандыларды жыйноо боюнча түзүлмөлөрү жок, суу объекттеринин үстүндө турган башка объекттерди пайдаланууга;

- каналдык системага кабыл алуунун талаптарына жооп бербеген өндүрүштүк саркынды сууларды жергиликтүү тазалоочу курулмаларда алдын ала тазалабай туруп шаардык жана айылдык каналдык системага буруп жиберүүгө:

- аныктоо усулунда белгиленбеген заттарды камтыган өндүрүштүк саркынды сууларды каналдык системага агызууга;

- өндүрүштүк, турмуш-тиричилик жана башка калдыктарды суу объекттерине чыгарууга жана көмүүгө, анын ичинде суу объекттерине ыпыр-сыпырларды жана алардын жээктерине калдыктарды таштоого;

- өндүрүштүк тазаланбаган саркынды сууларды, ошондой эле нөшөрлөрдүн тазаланбаган агын сууларын рельефи ойдуң жерлерге агызууга;

- суу объекттерине саркынды сууларды жапырт агызууга;

- туризм, спорт жана калк массалык түрдө эс алуучу жерлерге өнөр жайлык, айыл чарбалык, шаардын агынды сууларын агызууга;

- табигый дарылык ресурстарды камтыган суу объекттерине өнөр жайлык, айыл чарбалык, шаардын агынды сууларын агызууга, ошондой эле нөшөрдөн чогулган агынды сууларды агызууга;

- чарбалык-ичүүчү суу менен камсыз кылуу булактарынын санитардык коргоо зонасынын экинчи алкагынын чегинде агынды сууларды агызууга, эгерде аларда булгоочу заттардын жана микроорганизмдердин болушу ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде белгиленген гигиеналык ченемдерден ашып кетсе.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)

9. Төмөнкүлөрдү суу объекттерине чыгарууга жол берилбейт:

- чыгаруунун жол берилген чеги (ЧЖБЧ) же багыттамалуу жол берилген деңгээли (БЖБД) белгиленбеген заттарды же суудагы заттарды трансформация кылуучу өнүмдү камтыган агын сууларды, ошондой эле талдап контролдоо усулу жок заттарды, жаратылыш заттарынан башкасын;

- жугуштуу оорулардын козгогучтарын камтыган, ошондой эле топтолуусу ЧЖБЧдан жана алардын фондук маанилеринен ашкан заттарды камтыган агын сууларды, эгерде булгоочу заттарды айлана-чөйрөгө чыгаруу уруксатында көрсөтүлгөн ЧЖБЧ ченемдери алар үчүн белгиленбесе;

- өнөр жай аянттарынын жана калк жайгашкан жерлердин аймактарынан бурулуп кетирилген, белгиленген талаптагыдай тазалоодон өткөрүлбөгөн өндүрүштүк, чарбалык-тиричилик саркынды сууларын, жаандын жана эриген кардын сууларын.

10. Мунайзат жана пульпа-өткөргүчтөрүнөн, мунайзат промыселдеринен жер үстүндөгү сууларга суюктуктардын агып чыгышына, ошондой эле таштандыларды таштоого, тоо тектеринин астынан чыккан, тазаланбаган, керексиз саркынды сууларды сууларга куюуга, суу транспортунун сүзүүчү каражаттарынан башка зыяндуу заттарды сууга таштоого жол берилбейт.

11. Курулуш, түптү тереңдетүү жана жардыруу иштерин жүргүзүүдө, пайдалуу кендерди казып алууда, кабелдерди, түтүк өткөргүчтөрдү жана башка коммуникацияларды төшөөдө, айыл чарбалык жана башка иштердин түрлөрүн, гидротехникалык курулуштун бардык түрлөрүн жүргүзүүдө жер үстүндөгү сууларда жана сууларды коргоочу чөлкөмдөрдө ушул эреженин ченемдери жана талаптары сакталууга тийиш.

12. Балыктар урук таштоочу, семирүүчү аянттар, кыштоочу чуңкурлар, миграция жолу кызматын кылган участоктордун райондорунда түптү тереңдетүүчү жана түптү тазалоочу иштерди жүргүзүүгө жана кыртыштарды курулуштардын жана башка материалдардын таштандыларын таштоого жол берилбейт.

13. Жер үстүндөгү сууларда жана алардын жээктеринде транспорт каражаттарын, башка механизмдерди жууп-тазалоого, ошондой эле сууну булгай турган ар кандай иштерди жүргүзүүгө жол берилбейт.

14. Суу сактагычтардын жогорку жана төмөнкү бьефтери суу алуу ишине, балыктардын урук ташташына, өнүгүшүнө ыңгайлуу шарттарды камсыз кылган суунун деңгээлинин термелүү шарттамын колдоого тийиш.

15. Жер үстүндөгү сууларга агын сууларды буруунун шарттары төмөнкүлөрдү эске алуу менен аныкталат:

- суу пайдалануу категорияларын;

- саркынды суу чыгарылган жерден тартып сууну пайдалануунун жакынкы контролдук створуна чейинки аралыкта саркынды суулардын жер үстүндөгү суулар менен аралашуу даражасын;

- саркынды суулар чыгарылган жерлердеги суулардын фондук курамын жана касиеттерин.

Кирген заттардан суунун өзүн-өзү табигый түрдө тазалоо процесси ачык көрүнүп турса жана анын мыйзам ченемдүүлүгү изилденсе, анда ал эске алынат.

16. Чарба жүргүзүүчү субъекттер болуп саналган суу пайдалануучулар ведомствого караштуу аймакта санитардык абалды талаптагыдай камсыз кылышат жана таштандылардын, кыртыштык эрозия азыктарынын, чийки заттардын жана өндүрүш калдыктарынын жана сууларын агызуучу каналдык тарам аркылуу алынып чыгышына жол беришпейт.

17. Жер үстүндөгү сууларды булгоодон, ыпылас кылуудан коргоо максатында сууну коргоочу чөлкөмдөр, балыктардын баалуу түрлөрү урук таштоочу жерлерди коргой турган жээк тилкелери жана токойлордун тыюу салынган тилкелери түзүлөт.

Чөлкөмдөрдүн жана тилкелердин өлчөмдөрү, ошондой эле алардагы чарбалык иштердин шарттамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

18. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин иштери суу түбүндөгү катмарлардын же зыяндуу заттардын топтолушунун көбөйүшүнө, натыйжада үстүңкү суулардын булганышына, ошондой эле атмосфера аркылуу газдык жана аэрозолдук чыгаруулар менен суунун булганышына алып келбөөгө тийиш.

19. Суу объекттеринин ассимиляциялоо жөндөмүн жогорулатуу максатында жогору жакта жайгашкан суу сактагычтан коё берүүлөрдү жөнгө салуу, ал эми кислороддун тартыштыгын жоюу үчүн - көлмөлөрдү жана суу агызгычтарды жасалма аэрациялоо каралышы керек.

20. Аварияга кабылган объекттер жана курулмалар (мунайзат жана пульпаөткөргүчтөрү, мунайзат жана азык сактагычтар, саркынды сууну топтоочу жайлар, каналдык коллекторлор жана тазалоочу курулмалар, кеме жана башка сүзүп жүрүүчү каражаттар, мунайзат скважиналары, бургулоо платформалары, көпүрөлөр жана мамлекеттик маанидеги балык чарбасынын көлмөлөрүнө куйган суу агызгычтар аркылуу өткөрмөлөр, ошондой эле көлмөлөргө жакын жерден өткөн, ал боюнча кен чыккан жерден токсиндүү материалдар жана калдыктар үзгүлтүксүз ташыла турган автожолдордун участоктору ж.б.) үчүн аварияга каршы күрөшүү иш-чаралары иштелип чыгууга жана жүзөгө ашырылууга тийиш.

Көрсөтүлгөн объекттерде кызыкдар кызматтарга жана уюмдарга кабарлоо боюнча көрсөтмөлөрдү, булгануудан өзгөчө корголо турган курулмалардын жана аймактардын (суу алуучу жайлардын, пляждардын, балык чарбасынын көлмөлөрүнө куюла турган өзөндөрдүн ж.б.) тизмелерин, авариялык кырдаал келип чыкканда аракеттенүүнүн тартибин, техникалык каражаттардын талап кылынган тизмелерин, булгоочу заттарды жыйноонун жана жок кылуунун ыкмаларын, ошондой эле суу объектисинин авариялык булгануу учурунда сууну пайдалануунун шарттамдарын камтыган аварияларды жоюунун пландары болууга тийиш.

Чарба жүргүзүүчү субъекттер болуп саналган суу пайдалануучулардын бардыгында, суу объектиси авариялык булганган учурда, айлана-чөйрөнү коргоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган, ишкананын иштешин камсыз кыла турган иш-чаралардын планы болууга тийиш.

21. Радионуклиддерди камтыган саркынды сууларды чыгаруу, четтетүү жана зыянсыздандыруу радиациялык коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

22. Саркынды сууларды каналга кабыл алуунун шарттарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, канал тарамдарынын жана тазалоо курулмаларынын ээлери аныктайт.

23. Калктын ден соолугун, сууларды пайдаланууга жакшы шарттарды жана суу объекттеринин экологиялык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында суу объекттеринин сууларынын сапаттарынын ченемдери белгиленет, ага төмөнкүлөр кирет:

- суу пайдалануунун ар кандай түрлөрү үчүн ушул Эреженин 1-тиркемесинде баяндалган суу агызгычтардагы жана көлмөлөрдөгү суулардын курамына жана касиеттерине коюлуучу жалпы талаптар;

- айыл чарбасына-ичүүгө, маданий-тиричиликке суу пайдалануу үчүн гигиеналык ченемдерге ылайык кабыл алынган суу объекттеринин сууларындагы ченемделген заттардын ТЖБЧсы;

- балык чарбасына суу пайдалануу үчүн, ушул Эреженин 2-тиркемесинде баяндалган, пайдаланылып жаткан суу объекттеринин сууларындагы ченемделген заттардын ТЖБЧсы;

- сугат сууларынын сапатынын ченемдери, ушул Эреженин 3-тиркемесинде баяндалган.

Жер үстүндөгү жана агын суулардагы кармалган заттарды талдоо (аныктоо) усулу стандарттар жана ченемдик техникалык башка документтер менен аныкталат.

Саркынды сууларда кармалган заттар үчүн ТЖБЧ жок болсо, колдонулуп, курулуп же долбоорлонуп жаткан объекттерде (ТЖБЧ иштелип чыкканга чейин) гигиеналык ченемдерге ылайык суудагы бул заттардын кармалышына БЖБД кабыл алынат.

24. Балык чарбасына сууну пайдаланууда ченемделген заттардын бардыгы үчүн жана чарбага-ичүүгө жана маданий-тиричиликке пайдаланылган суудагы кооптуулугу 1 жана 2-класска кирген заттар үчүн, жогору жакта жайгашкан булактардан суу объектисине түшкөн зыяндуулуктун белгилеринин бирдей чектери бар бир нече заттарды жана аралашмаларды эске алуу менен, контролдук створдогу ар бир заттын топтолмолорунун катнаштарынын суммасы (С1 С2... Сп) тиешелүү ТЖБЧ бирдиктеринен ашпоого тийиш:

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\TOKTOM\30c9b409-010d-4a2b-9e91-d39838c65158\document.files\image000.gif

 

25. Чарба-ичүү, маданий-тиричилик максаттары үчүн пайдаланылган суу объекттеринин, көлмөлөрдүн жана суу агызгычтардын абалына, суунун сапаттык ченемине жана анын табигый курамына жана касиетине таасир эткен саркынды сууларды же чарбалык иштин башка түрлөрүнөн чыгаруулар, бул ченемдерден жогору болгон учурда, суу пайдалануучу пункттун (чарба-ичүү үчүн суу алуучу жай, киринүүчү, эс алуучу жер, калктуу пункттун аймагы) агымы боюнча жакынкы жогору жактагы бир километрдеги суу агызгыч участокто, суу пайдалануу пунктунан радиусу бир километрдеги көлмөлөрдө сакталууга тийиш.

26. Балык чарбасынын суу агызгычтарынын жана көлмөлөрүнүн абалына, суу объекттериндеги суулардын сапатынын ченемине жана анын табигый курамына жана касиетине таасир эткен саркынды сууларды же чарбалык иштин башка түрлөрүнөн чыгаруулар, бул ченемдерден жогору болгон учурда, контролдук створдон баштап, балык чарбасынын бардык участокторунун чектеринде, бирок агын саркынды чыгарган жерден же суунун сапатына таасир эткен аралашмалардын башка булактары (пайдалуу кен казылуучу, суу объектисиндеги өндүрүш иштери жерлери, ж.б.) жайгашкан жерден 500 метрден алыс эмес сакталууга тийиш.

27. Көлмөнү же суу агызгычтарды пайдаланууну эске алуу менен контролдоо пункту жайгашуучу жер белгиленет. Контролдоо пункту бир же бир нече створлорду аракетке келтирет. Агын сууларды уюмдашып чыгаруу жок болсо, бардык категориялардагы көлмөлөр үчүн, анын таасиринен сырткаркы, булгануу булагынан жогорудагы бир километр аралыкка бир створ, башкасы, толук аралаштыруу створундагы булгоочу булактан төмөнкү бир километрге - маданий-тиричилик жана чарба-ичүү суу категориясындагы көлмөлөр үчүн жана 500 метр аралыкка балык чарбасы категориясындагы көлмөлөр үчүн орнотулат. Створдогу сынамдарды тандоо мүмкүн болбосо (өтө алыс болсо, кирүүчү эшик д.у.с. жок болсо), булгануу булагына жакын жайгашкан створдон сынамдарды тандоого жол берилет.

Суу агызгычта бир нече айрылыштар бар болсо, алардын кайсынысында суунун кыйла көп чыгымдалышы жана суунун сапатынын ченемдеринин бузулушу байкалса, ошого створ жайгаштырылат.

28. Эгерде суу пайдаланылган жерлерде суунун сапатынын ченемдери сакталбаса, анда жер үстүндөгү суулар же алардын участоктору булганган деп эсептелинет.

29. Экологиялык, илимий, тарыхый же маданий баалуулуктары бар суу объекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, корук же заказник статусу берилиши мүмкүн.

30. Өзүнчө суу агызгычтар, көлмөлөр же алардын участоктору белгилүү чарбалык максаттарда обочолонтуп, артыкчылыктуу пайдалануу үчүн, мисалы, балык өстүрүү, ысык сууларды суутуу (суутуучу көлмөлөр) үчүн жана башка максаттарга берилиши мүмкүн.

31. Саркынды суулардын ар бир чыгарылышы үчүн эсептердин негизинде заттарга ЧЖБЧ белгиленет, аны сактоо суу жер үстүндөгү суулардын контролдук створлорундагы суунун сапатынын ченемдерин,  бул эреженин талаптарына ылайык, камсыз кылууга, же табигый факторлордун таасири астында түзүлгөн, сапаты ченемдегиден начар болгон суулардын курамын жана касиетин начарлатпоого тийиш.

32. Калктуу пункттагы агын сууну чыгаруучу жер суу агызгычтардагы агым боюнча анын чегинен төмөнгө, айдап баруу-айдап келүү кубулушунун таасири тийбеген аралыкка жайгашууга тийиш.

33. Жер үстүндөгү сууларга жүргүзүлгөн байкоолор болсо, гидрологиялык шарттама жөнүндө, ченемдештирилген көрсөткүчтөрдүн фондук маанилери жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте гидрометеорологиялык органдардан алууга болот. Мындай байкоолор жок болсо, чарба жүргүзүүчү болуп саналган суу пайдалануучу тиешелүү илим изилдөөчү, долбоорлоочу уюмдарды жана контролдоочу органдарды тартып, атайын изилдөөнү жүргүзүүнү уюштурушу керек.

Ченемделген заттын фондук топтолуусу жер үстүндөгү суулардын створунда табигый жагымсыз шарттарда түзүлгөн булактын аралашмаларынын курамын жана касиетин, аралашмалардын башка бардык булактарынын ошол створго таасирин эске алуу менен, ошол булактан башкасына аныктоочу сандык мүнөздөмө болуп саналат.

34. Эгерде жаратылыш факторлорунун таасири астында түзүлгөн жер үстүндөгү суулардын курамынын жана касиетинин фондук көрсөткүчтөрү жана касиеттери, ушул Эреженин 23-пункту менен белгиленген суу объекттеринин сууларынын сапатынын ченемине ылайык келбесе, анда саркынды сууларды чыгаруу, ошондой эле чарбалык иштин башка түрлөрү суу пайдаланылган жерлердеги суулардын сапатын, фондук көрсөткүчтөргө салыштырганда, андан ары начарлатууга жол бербөөгө тийиш.

35. Суу өзгөчө тартыш мезгилдерде (эсептегиден начар гидрологиялык шарттарда) сууну пайдалануунун шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

5. ЧЖБЧ/УМЧ ченемдерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби

36. Чыгаруунун жол берилген чектеринин (ЧЖБЧ), убактылуу макулдашылган чыгаруунун (УМЧ) ченемдеринин долбоорлорун иштеп чыгууну чарба жүргүзүүчү субъекттер камсыз кылышат.

37. Иштелип чыккан ЧЖБЧ/УМЧ ченемдеринин долбоорлору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 248 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобого ылайык, айлана-чөйрөнү коргоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөрүү үчүн берилет.

ЧЖБЧ/УМЧ ченемдери, мамлекеттик экологиялык экспертизанын жактырган корутундусу алынып, Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылгандан кийин бекитилет.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)

38. ЧЖБЧ ченемдери беш жылда 1 жолудан кем эмес, ошондой эле эсептик шарттар (гидрологиялык шарттам, суу алуунун жана суу чыгаруунун көлөмдөрү, агын суулардын сапаты), өндүрүштүн технологиясы же чарба жүргүзүүчү субъектинин иш шарттамы өзгөргөн учурларда кайра каралат.

39. ЧЖБЧ/УМЧ усулу стандарттар жана ченемдик техникалык башка документтер менен аныкталат.

40. Белгиленген ЧЖБЧдан ашкан саркынды сууну чыгарган, чарба жүргүзүүчү субъект болуп саналган суу пайдалануучулар ЧЖБЧга жетишүү боюнча суу коргоо иш-чараларынын планын иштеп чыгууга жана айлана-чөйрөнү коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууга милдеттүү, алар финансылык жана материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылынууга тийиш.

ЧЖБЧга жетишүү боюнча иш-чара пландарын аткаруу мезгилинде УМЧ белгиленет.

Саркынды суулардагы заттардын УМЧсы белгиленген учурда, айландырып суу менен жабдуунун, тазалоочу жана суу коргоочу башка курулмалардын колдонулуп жаткан системасынын болушунун жана майнаптуу иштешинин негизинде ЧЖБЧга жетишүүгө болот.

ЧЖБЧга жетишүү боюнча суу коргоочу иш-чаралардын планынын өзүнчө этаптарда жүзөгө ашырылышына жараша саркынды суулардагы заттардын УМЧ чектери азайтуу жагына кайра каралууга жана долбоордун жыйынтыктарына ылайык дайындалууга тийиш, алар пландын кезектеги этабында каралган жаңы курулмаларды жана түзүлмөлөрдү пайдаланууга берүүнүн эсебинен жетишилүүгө тийиш.

Долбоорлонуп жана реконструкцияланып жаткан объекттерде ЧЖБЧ жогору болууга тийиш эмес.

5. Жер үстүндөгү суулардын корголушуна контроль

41. Жер үстүндөгү сууларды пайдаланууга жана коргоого, айлана-чөйрөгө чыгарылган булгоочу заттарды тазалоо үчүн курулмаларды куруу жана пайдаланууга берүү чараларынын аткарылышына, жаратылышты коргоочу курулмалардын жана түзүлмөлөрдүн абалына жана майнаптуу иштешине, жер үстүндөгү суулардын, чарбалык-ичүүчү суу менен жабдыган жана дарылануу-ден соолукту чыңдоо максаттарында пайдаланылган булактардын санитардык абалдарына, суу пайдалануучулардын укуктарын бузууларга жана суу мыйзамдарын башка бузууларга болгон мамлекеттик контролду атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзөт.

42. Балык чарбасын башкарган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган балык кармоонун эрежесин жана балык запастарын коргоо жана балык запастарынын миграция, жашоо жана тукум улоо шарттарынын сакталышына мониторинг жасоо жөнүндө жобонун жана суулардын башка биоресурстарынын сакталышына, балык чарбасы иштерин жүзөгө ашыруу боюнча башка талаптардын аткарылышына болгон ведомстволук контролду жүргүзөт.

43. Айлана-чөйрөнү коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер үстүндөгү суулардын булганышына мониторинг жасайт.

43-1. Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган маданий-тиричиликтин суу пайдалануу суу объекттеринин суусунун сапатына сууга түшүү сезону башталганга чейин кеминде эки жолу жана сууга түшүү сезонунун учурунда айына кеминде эки жолу лабораториялык контролдоо жүргүзөт.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)

44. Жер үстүндөгү сууларды коргоого болгон өндүрүштүк контролду чарба жүргүзүү субъектиси болуп саналган суу пайдалануучулар жүргүзөт.

Өндүрүштүк контролдун алкагында сууну пайдалануучулар төмөнкүдөй контролду жүргүзүшөт:

- алынган, пайдаланылган агын суулардын көлөмдөрүнө жана алардын белгиленген чекке ылайык келишине;

- саркынды суулардын курамына жана касиетине жана чыгаруунун белгиленген ченемдерине алардын ылайык келишине;

- сууну тазалоонун жана пайдалануунун технологиялык чиймесинин өзүнчө бөлүктөрүндөгү агын суулардын курамдарына жана касиеттерине;

- өздүк суу алуу жайларындагы суу агызгычтардагы жана көлмөлөрдөгү, суу объектисинин фондук жана контролдук створлорундагы суулардын курамдарына жана касиеттерине, агын сууларды кабыл алган суу пайдалануучуларга жана контролдук створдогу сууларда сапат ченемдеринин сакталышына.

45. Чарба жүргүзүү субъекттери болуп саналган суу пайдалануучулар агын сууларга лабораториялык контролду камсыз кылууга, чыгарылган суулардын чыгымдалышын, курамдарын жана касиеттерин туруктуу контролдоо үчүн дайындалган автоматташтырылган түзүлмөлөрдү орнотууга жана пайдаланууга, ошондой эле ал түзүлмөлөрдү, чыгарылган сууларды борборлоштуруп контролдоого жана башкарууга мүмкүндүк берген автоматташтырылган системага бириктирүүгө милдеттүү.

46. Чарба жүргүзүү субъекттери болуп саналган сууну пайдалануучулар жер үстүндөгү суулардын пайдаланылышына жана корголушуна контроль жүргүзүү үчүн лабораториялык кызматты уюштурушат. Суулардын сынамдарынын талдоолорун аткаруу үчүн ал жок болгон учурда, суу пайдалануучулар башка лабораториялык кызматтарды тартышат.

47. Сынамдарды тандап алуучу жер жана анын мезгилдүүлүгү, контролдук көрсөткүчтөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте аныкталат.

48. Суу сактагычтарды, каналдарды жана суу чарбасынын башка системаларын пайдаланган кызматтар суу объекттериндеги санитардык агызуунун болушун камсыздашат, суу объекттеринде пайдаланылган суулардын сапатын жана алынган, берилген жана чыгарылган суулардын көлөмдөрүн контролдошот.

49. Чарба жүргүзүү субъекттери болуп саналган суу пайдалануучулар чыгарылган суулардын чыгымдалышы жана курамдары жөнүндө, жер үстүндөгү суулардын сапаттары жөнүндө ишенимдүү маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте беришет.

 

1-тиркеме

Сууну пайдалануунун ар кандай түрлөрүндө (чарбада-ичүүдө, маданий-тиричиликте жана балык чарбасына пайдалануу) агын суулардан жана көлмөлөрдөн пайдаланылган суунун курамына жана касиеттерине карата коюлуучу
ЖАЛПЫ ТАЛАПТАР

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)

Көрсөткүчтөр

Сууну пайдалануунун максаттары

 

Калктын чарбалык-ичүүчү сууга муктаждыктары

Калктын маданий-тиричилик муктаждыктары

Балык чарбасынын муктаждыктары

 

жогорку жана биринчи категория

экинчи категория

 

1

2

3

4

5

6

 

1

Катуу заттар

Суу объектисиндеги өндүрүштүк иштерде даректүү суу пайдалануучу агызган саркынды сууда жана жээктеги чөлкөмдө, контролдук створлордо (пункттарда) катуу заттардын камтылышы табигый шарттар менен салыштырганда төмөнкүдөн ашык көбөйбөөгө тийиш.

 

0,25 мг/куб.дм

0,75 мг/куб.дм

0,25 мг/куб.дм

0,75 мг/куб.дм

 

Суу агызуучулар үчүн дарыялардын, көлдөрдүн сууларынын төмөнкү деңгээлинде камтылган 30 мг/куб.дм ашуун табигый катуу заттардын суудагы өлчөмүнүн 5 пайыздын чегинде көбөйүшүнө жол берилет.

Ылдамдыгы 0,2 мм/сек. чөккөн катуу заттарды камтыган кайтарылма сууну (агын сууну) көлмөлөргө, ылдамдыгы 0,4 мм/сек. ашуунда чөккөн катуу заттарды камтыган сууну агын сууларга чыгарууга тыюу салынат

 

2

Сүзүп жүрүүчү аралашмалар (заттар)

Суунун үстүнөн мунай азыктарынын, майлоочу майлардын, майлардын жана аралашмалардын башка топтомдору көрүнбөөгө тийиш.

 

3

Түстүү боёк

Мамычада көрүнбөөгө тийиш

Суу башкача түскө ээ болбоого тийиш

 

20 см

10 см

 

4

Жыттар, башкача даамдар

Суу: тикеден тике же кийинки хлор кошууда, же иштетүүнүн башка ыкмаларында ургаалдуулугу 2 баллдан ашуун жыттарга ээ болбоого тийиш

Сууда бөлөк жыттар жана эттин, балыктын даамы болбоого тийиш

 

5

Температура

Агын суунун топтолушунан келип чыккан жайкы суунун температурасы акыркы 10 жылдагы эң ысык айда суунун орточо айлык температурасына салыштырганда 3 градус Цельсиядан ашык жогорулабоого тийиш

Муздак суудагы балыктар (лосось жана сига балыктар) жашаган суунун температурасы суу объектисинин табигый температурасына салыштырганда, жайкысын температура 20 градуска чейин жалпы жогорулаганда 5 градус Цельсийден ашык, ал эми кышкысын 5 градус Цельсийден ашык жогорулабоого, ал эми калган учурларда жайкысын 27 градус Цельсийден жана кышкысын 8 градус Цельсийден ашык жогорулабоого тийиш

 

6

Суутектин көрсөткүчтөрү (PH)

6,5-8,5 чектеринен чыкпоого тийиш

 

7

Сууну минералдаштыруу

1000 мг/куб.дм ашуун эмеске, анын ичинде хлориддер 350 мг/куб.дм, сульфаттар - 500 мг/куб.дм

Балык чарбасынын суу объекттеринин таксацияларына жараша ченемделет

 

8

Эритилген кислород

Жылдын кандай мезгили болбосун күндүзгү саат 12ге чейин алынган сынамдар 4 мг/куб.дм кем болбоого тийиш

Кыш (муз алдындагы) мезгилде төмөнкүдөн кем болбоого тийиш:

 

6 мг/куб.дм

4 мг/куб.дм

 

Жай (ачык) мезгилде бардык суу объекттеринде 6 мг/куб.дм кем болбоого тийиш

 

9

Кислородду химиялык керектөө (КХКнын бихроматтык кычкылдануусу)

Төмөнкүдөн ашпоого тийиш:

-

-

 

15 мг O2/куб.дм

30 мг O2/куб.дм

 

10

Кислородду биохимиялык керектөө (КБК)

20 градус Цельсий температурадан ашпоого тийиш:

20 градус Цельсий температурадан ашпоого тийиш:

 

2 мг O2/куб.дм

4 мг O2/куб.дм

3 мг O2/куб.дм

3 мг O2/куб.дм

 

Эгерде кыш мезгилинде жогорку жана биринчи категориядагы суу объекттериндеги эритилген кислороддун камтылышы 6,0 мг/куб.м чейин, ал эми экинчи категориядагы суу объекттеринде 4 мг/куб.дм, чейин төмөндөсө, анда аларга суунун КБКсын өзгөртпөөчү саркынды сууларды гана куюуга жол берилет

 

11

Химиялык заттар

Көлмөлөрдүн жана агын суулардын сууларында КЖБЧ же ОДУдан ашкан концентрациялар болбоого тийиш.

 

12

Жугуштуу ичеги-карын ооруларын козгогучтар

Сууда ооруларды козгогучтар, анын ичинде гельминттердин (аскарида, власоглав, токсокар, фасциол), жашап кетүүгө жөндөмдүү жумурткалары, теннииддердин онкосфеттери жана жашап кетүүгө жөндөмдүү жөнөкөй патогендүү цисттер болбоого тийиш.

 

13

Жалпы колиформдук бактериялар, ашуун эмес

1000 КОЕ/100 мл

500 КОЕ/100 мл

-

-

 

13-1

Жылуулукка туруктуу колиформдук бактериялар, ашуун эмес:

100 КОЕ/100 мл

100 КОЕ/100 мл

14

Колифагдар (бляшка түзүүчү бирдикте), ашуун эмес:

10 БОЕ/100 мл

10 БОЕ/100 мл

-

-

 

15

Суунун уулуулугу

-

-

Суу объектисине куюлган саркынды суу тест-объекттерге уулуу курч таасир тийгизбөөгө тийиш. Суу объектисинин контролдук створдогу суусу тест-объекттерге өнөкөт уулуу таасир тийгизбөөгө тийиш

 

(-) сызыкча көрсөткүчтүн ченемделбегендигин билдирет.

 

2-тиркеме

Балык чарбасына пайдаланылган суу объекттеринин сууларындагы ченемделген заттардын жол берилүүчү
КОНЦЕНТРАЦИЯЛАРЫ

Ингредиенттин аталышы

Зыяндуулуктун чектөөчү көрсөткүчтөрү

Жол берилүүчү концентрация, мг/дм3

Коркунучтуулук классы

Анализдин усулу, контролдук көрсөткүчтөр

1

2

3

4

5

б

1

Аммоний-ион (NH4+)

Токсикологиялык

0,5 (азотко кайра эсептелгенде 0,4)

4

Колориметрия, электрохимия, NH4+ иону боюнча иондук хроматография

2

Нитрат-анион (NO3)

Санитардык-токсикологиялык

40 (азоттун нитраттарына кайра эсептелгенде 9,0)

Иондук хроматография, колориметрия, электрохимия

3

Нитрит-анион (NO2)

Токсикологиялык

0,08 (азоттун нитраттарына кайра эсептелгенде 0,02)

Иондук хроматография, колориметрия, электрохимия

4

Мунайзат жана мунайазыктары (эритилген жана эмульгия абалындагы)

Балык чарбалык

0,05

3

ГХ, ГХМС, Ж, гравиметрия

5

Фенол, гидроксибензол (карбол кислотасы)

Балык чарбалык

0,001

3

ГХ, ГХМС, ВЭЖХ

6

Анионактивдүү синтетикалык жуучу заттар

Токсикологиялык

0,1

4

 

7

Темир (Fe)

Органолептикалык

0,1

4

ИСП, ААС

8

Жез (Си)

Токсикологиялык

0,001

3

ИСП, ААС

9

Цинк(Zn)

Токсикологиялык

0,01

3

ИСП, ААС

10

Үч валенттүү хром (Cr3+)

Органолептикалык

0,07

3

Иондук хроматография, электрохимия - Cr3+)

11

Алты валенттүү хром (Cr6+)

Санитардык-токсикологиялык

0,02

3

Иондук хроматография, электрохимия - Cr6+)

12

Кадмий (Cd)

Токсикологиялык

0,005

2

ИСП, ААС

13

Коргошун (Pb)

Токсикологиялык

0,006

2

Pb боюнча ААС, ИСП

14

Кобальт

Токсикологиялык

0,01

3

 

15

Молибден

Токсикологиялык

0,001

2

 

16

Никель (Ni)

Токсикологиялык

0,01

3

ААС, ИСП

17

Сымап (Hg)

Токсикологиялык

жок

1

ААС, ИСП

18

Эки валенттүү марганец (Mn2+)

Санитардык- токсикологиялык

0,01

4

ААС, ИСП, иондук хроматография, электрохимия

19

Мышьяк (As)

Токсикологиялык

0,05

3

ААС, ИСП

20

Цианид-анион (CN-)

Токсикологиялык

0,05

3

Иондук хроматография боюнча (CN-)

21

ДДТ

Токсикологиялык

жок

1

ГХ, ГХМС, ВЭЖХ

22

Гексохлоран (ГХЦГ)

Токсикологиялык

жок

1

ГХ, ГХМС, ВЭЖХ

23

Калий (К)

Санитардык-токсикологиялык

50,0

ИСП, АСС

24

Натрий (Na)

Санитардык-токсикологиялык

120,0

ААС, ИСП

25

Кальций (Са)

Санитардык-токсикологиялык

180,0

ААС, ИСП

26

Магний (Mg)

Санитардык-токсикологиялык

40,0

4

ААС, ИСП

27

Сульфат-анион (SO42-)

Санитардык-токсикологиялык

100,0

4

Иондук хроматография, электрохимия

28

Хлориддер (анион) (CL-)

Санитардык-токсикологиялык

300,0

Иондук хроматография, электрохимия

29

Фторид-анион (F-)

Токсикологиялык

0,05 (фториддердин фондук өлчөмдөрүнө карата толуктоо, бирок алардын суммалык өлчөмү 0,75 жогору эмес)

3

Электрохимия, иондук хроматография,

30

Бир, эки жана үч орунду баскан натрийдин, калийдин жана кальцийдин фосфаттары

Санитардык

0,05-олиготрофдук көлмөлөр

0,15-мезотрофдук 0,2-эвтрофдук (фосфорго кайра эсептелген)

Р (фосфаттар) боюнча фотокалориметрия

 

3-тиркеме

Сугат суусунун сапатынын
ЧЕНЕМДЕРИ

I. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жакшы өсүшү жана мелиорация системасынын иштеши үчүн керектүү заттарды жана химиялык элементтерди камтыгандыгын мүнөздөгөн көрсөткүчтөр (I топ)

Көрсөткүчтөр

Өлчөө бирдиги

Оптималдуу диапазон

Жол берилген чоңдук

1

Суутектин көрсөткүчү pH

 

6,5-8,0

6,5-8,4

2

Температура

град.

15-30

15-35

3

Минералдаштыруу

мг/л

200-500

1000

4

Гидрокарбонаттар

-//-

50-250

300

5

Карбонаттар

-//-

жоктугу

6,0

6

Сульфаттар (анион)

-//-

30-300

500

7

Хлориддер (анион)

-//-

10-200

250

8

Натрий

-//-

10-100

150

9

Кальций

-//-

50-200

300

10

Магний

-//-

20-100

150

11

Калий

-//-

10-20

30

12

Фосфаттар

-//-

5-10

10

13

Нитраттар

-//-

30-40

45

14

Нитриттер

-//-

0,2-0,3

0,5

15

Аммоний

-//-

0-0,1

0,1

16

Жалпы темир

-//-

1,0-2,0

2,0

17

Цинк

-//-

0,1-1,0

1,0

18

Жез

-//-

0,5-1,0

1,0

19

Бор

-//-

0,5-1,0

1,0

20

Фтор

-//-

0,7-1,0

1,5

21

Жалпы марганец

-//-

0,1

0,1

22

Кобальт

-//-

0,1

0,2

23

Молибден

-//-

0,2

0,5

II. Кыртышка жана өсүмдүктөргө терс таасир тийгизүүчү көрсөткүчтөр (II топ)

Көрсөткүчтөр

Өлчөө бирдиги

Жол берилген чоңдук

1

Сода NaCO4

мг-экв./л

0,3

2

Натрийдин бикарбонаты NaHCO3

-//-

1,25

3

Мунайзат азыктары

мг/л

2,0

4

СПАВ

-//-

2,5

5

Фенол

-//-

2,0

6

Пестициддер:

-//-

 

 

Карбофос, 50%

-//-

1,0

 

Хлорофос, 50%

-//-

1,5

 

ДДТ

-//-

0,2

 

ГХЦГ, 16%

-//-

1,5

7

Алюминий

-//-

0,5

8

Стронций

-//-

1,0

9

Жалпы хром

-//-

0,5

10

Никель

-//-

0,2

11

Мышьяк

-//-

0,05

12

Коргошун

-//-

0,03

13

Кадмий

-//-

0,01

14

Селен

-//-

0,01

15

Барий

-//-

0,1

16

Калай

-//-

0,2

17

Сымап

-//-

0,005

18

Висмут

-//-

0,1

19

Сурьма

-//-

0,05

20

Бром

-//-

0,2

21

Эпидемиялык коркунучтуу козгогучтар

 

Жок

Эскертүү: Сугат суусунун сапатын баалоодо кыртыштын курамын жана касиеттерин, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тузга туруктуулугун, суунун минералдашуусун, pHди, сода түзүүчүлүк, натрийдик туздашуу, магнийлик туздашуу жана шор басуу кооптуулугунун даражасынын көрсөткүчтөрүн эске алуу керек.